Адабий сынак жыйынтыкталаарына саналуу күндөр калды, чамдагыла!

Урматтуу акын-жазуучулар, «Коом жана Мен» сайты жарыялаган балдар адабияты боюнча сынак 20-декабрь күнү саат 20.00дө ЭлТР каналынын түз эфиринде жыйынтыкталарын эскертип келебиз!

Орозо туткан түлкү

Авар жомогу Мергенчи бир күнү кажырлуу капканды койду да, жанына көз кызартар чоң кесим этти таштап кетти. Эттин жытын сезген ач түлкү шимшилеп жүгүрүп келип, этти жейин дейт, бирок ойлонот: «Йе, бул соо эмес. Мындай сулп эт талаада жөн эле жатканын өмүрүмдө көргөн эмес элем го». Тобокел кылгысы келбеген түлкү өз жолуна түшөт. Алдынан карышкыр кезигип сурайт: – Кандайсың, түлкү? Эмне маанайың пас?

Кытай анекдоттору

Тергөөчү: – Сен асыл буюмду уурдап атканда аягы эмне болот деп кабатырланган жоксуңбу? Ууру: – Чынын айтсам, тергөөчү мырза, алып атканымда ушул буюм жасалма болуп калбаса экен деп, абдан кабатыр болгом… * * * Милийса: – Эмне үчүн шакекти таап алган соң бизге кабарлаган жоксуң? Шектүү кылмышкер: – Анткени шакекте «Мен түбөлүккө сеникимин!» деген жазуу оюлуп жазылып туруптур…

К У С А Л Ы Г Ы М: Мен көргөн улуу залкар

Биринчи баянды ушул шилтемеден табасыз Экинчи баян Э С С Е   Москвадан дарыланып келгенден көп өтпөй Асакенин көңүлү ачылбай, буулукканы күчөдү. Кусалыгы кууратты! Ал кусалык – эл алдына чыгып ырдоо эле. Бир-эки курдай аким-губернаторлорго кадырын салып, баягы илгеркиче жер-жерлерди кыдырып элге концерт берүүнү самады. Аккордеондун коштоосундагы ырларды элеттиктер сагынды деп ойлоду. Бирок ал заманда Асакем самагандай концерттер кайда?! Жер-жерлерде маданият үйлөрү иштебей, клубдар кыйрап-бүлүнүп, жыгач-таштары тонолуп, уурдалып, көпчүлүк караламан көртирилик айынан Чүй, Бишкекке «чү» койгон… Жан сактоо издеп. Ошол […]

Ырысбай Абдыраимов: ырлар

САРЫ ЧЫРМООК Табият билбей жаратып койгонбу? башка чөптөй сары чырмоок да ойгонду. Бийик өскөн чөп, даракты көралбай, же аларга түшүм, бой жактан жеталбай, көзү күйүп, бой узартканы козголду. Турса да борпоң жер, көңдө дамамат, өзүн ашкан акылдуу, бөлөктөрдү нөл санап, башкаларга тээ бийиктен карайт.

Махмуд КАШГАРИ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕ ЭЛЕГИҢ КӨП Толук аты-жөнү Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари. Окумуштуулар анын “Түрк тилдеринин сөздүгү” аттуу эмгегине жана Караханийлер мамлекетине тиешелүү маалыматтарга таянып, 1029-жылы Ысык-Көл кылаасындагы байыркы Барскан шаарында (азыркы Барскан кыштагы жайгашкан жер) туулган деп эсептешет. Анын балалык чагы Ысык-Көл боюнда өткөн. X кылымдын 90-жылдарында Чыгыш-Түркстан жана Жети-Суу аймагында Караханийлер мамлекети түзүлүп, анын 1-ханы Абдулкерим Мухаммед Сатук Каракан болгон. Махмуд мына ушул Караханийлердин тукумунан чыккан. Атасы Барскан шаарынын эмири болгон. Көптөгөн окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Махмуддун атасы мураскор […]