ЛУКАШЕНКО: …арызданбагыла! Биздин өкмөттө оорукчандар толтура

Александр ЛУКАШЕНКО Белорус президенти Мени белорус эли тобокелдикке салып Президент кылды. Тарыхта бул өтөле сейрек болор, а мүмкүн таптакыр болбой турган да нерсе. * * * Силер мени шайлайсыңарбы, жокпу, кайда бармак элеңер. Кеп анда эмес. Шайлайсыңар. Агер мага ынансаңар, мен иштеп берем. * * * Биздин диктатура башкалардын өнүгүүсүнө да, жашоосуна да жолтоо болбойт.

Кудайдын бир да дини жок

Махатма ГАНДИ (1869-1948) Индиянын мамлекеттик ишмери Мени ыйыктын ыйыгы санашат, а саясат мени эбак бузуп салган. Чынында саясат аркылуу барын түптөөгө болот: менин ыйык болуп калганым ошондон. * * * Биз сымаптай кылтың саясаттан, уят-сыйсыз ырахаттан, мээнетсиз байлыктан, кулк-мүнөзсүз илим-билимден, адамгерчиликсиз аалым болуудан, битибизден бизнес жасамайдан, анан кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз. * * * Дайыма карама-каршылыгыбызды ачык билдиргенде гана алдыга жылабыз.

Конкурска: Жыт

№17 Бир күнү делдең бөжөк жолдон бир ууч арпа таап алды. Алгач сактангандай акырын жыттап келип бир-экөөнү ирмеп чайнап көрдү.  «Бах» деп тамшанды ширесин соруп. Анан өзүн кармай албай ары-бери кайсап жиберди. Бирок бир ууч арпа канча кылмак эле: оозунда даамы эле калбаса, курсагына жук болгон жок. Алымсынбай калган бөжөк «Дагы бар болду бекен?» деп эки жакты шимшилеп издей баштады. Айланада көрүнбөйт. Адатынча арткы кош аягына тура калып туш келди искегиледи. «Мына» деп сүйүнүп кетти бир маалда. Арпанын жагымдуу жыты […]

Үч митайым

Түрк жомогу Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир бай киши жашаптыр. Бир жолу ал чайканада жоро-жолдоштору менен отуруп, кептен кып чыгып, сөз нугу ууруларга бурулат. Бирөө айтат: — Менин паландай буюмумду паландай кылып уурдап кетишти… Экинчиси ага кошумчалайт: — Меникин болсо минтип уурдашты… — Мен ушу силерге түшүнбөйм, өз буюмуңарды кантип эле бирөөгө уурдатасыңар? Ачык таштайсыңар — уурдайт да анан, өзүңөрдү да кошо көтөрүп кетет.  Андай кыйын болушса мына меникин уурдап көрбөйбү? — деп калды ага[1].

Келки жолдогу өмүр

АҢГЕМЕ  …Бу ой деген азаптуу нерседен качып кутула ала турган күн жок окшобойбу. Күзгү муздак нөшөр сымал адам мээсине тынымсыз куюлат да турат. Же бир жыргаткан, эч болбоду дегенде маңдай жылыта турган ой болсочу. Баягы эле мөмөлөрү эчак терилип, сарбариктери күбүлүп, шопоюп турган жалгыз даракты элестеткен жагымсыз ойлор. Ошолорду жомоктогу кырк кулач чачтуу кыздын жайылган чачындай чубалжыта сүйрөп, жолго төгүп-чачып, коротуп, жай басып келатты. Ал түгөнгүр, эзели бөксөрчүдөй эмес. Антмек тургай, кайра арбып, ашып-ташып келип, биротоло каптап кетчүдөй. Келатып, түшүнүксүз […]

Чанаккаледеги  баш

Кожогелди КУЛТЕГИН Бир кылым мурда, тактап айтканда, 1915-жылы болгон Түркиянын Чанаккале аралындагы кызыл-кыргын Биринчи дүйнөлүк согушта эбегейсиз баатырдык менен Мекенин коргогон түрк жоокерлерине таңданбаган киши калбагандай! Ошондон улам, бир АНЗАК[1] аскери согушта өзү атып өлтүргөн түрк жоокеринин башын кесип, мактаныш үчүн мекенине – Австралияга алып кетиптир. Мумияланып катырылган баш 87 жыл бою ал жакта колдон-колго өтүп, жеке адамдар тарабынан сакталат. 2002-жылы илимий экзпертиза аны «түрктүн башы» деген бүтүм чыгаргандан кийин Түркияга расмий түрдө кайтарылып берилет.Түрк жоокеринин башы 2003-жылы 18-мартта мамлекеттик […]

АЛЬ ХОРЕЗМИ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕ ЭЛЕГИҢ КӨП Математика менен астрономиянын өз алдынча илим болуп калыптануусуна жана өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон Аль-Хорезми Мухаммед бен Муса (толук аты арабча Абу-Абдала Мухаммед ибн Муса аль-Хорезмий) 780-783-жылдары Хорезм мамлекетинде (азыркы Өзбекстан аймагында) жарык дүйнөгө келген. Аны аль-Мажуси деп да аташкан. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар толук сакталган эмес. Бизге белгилүүсү, 9-кылымдын башталышында араб халифи Мамун ар-Рашид Багдадда көрүнүктүү илимпоздорду чогулткан.