Алтай эл жомоктору

Мындан ары «Коом жана Мен» сайтында жарыяланчу Алтай эл жомокторун которгон жана балдарга ылайыктап иштеп чыккан Абдыкерим МУРАТОВ агабыздан жомок окуган жолдошко же китептин бетин ачар алдында сөз… Алтай деген эл – бизге тили эң жакын эл. Айрым аалымдар бир кезде кыргыздар менен алтайлар бир эл болгон деген да ойлорун айтат. Алар азыр Сибирдин Түштүгүндө, эң чоң дайралардын бири Обдун баш куймалары жакта жашашат. Кыргыздар сыяктуу эле алтайлыктар да оозеки кепке жакын болуп, өз ойлорун, тилектерин жомок кылып айтышкан, табияттан […]

АЛЬ-ФАРАБИ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Күн чыгыш элдеринин илиминин өнүгүшүнө бирдей таасирин тийгизген улуу илимпоз, саякатчы, географ, тарыхчы, философ, адабиятчы, музыка таануучу, математик, астроном, теолог, б.а. ошол замандын теңдешсиз энциклопедиячысы Абу Наср Мухаммед ибн Тархан аль-Фараби 870-жылы Казакстандын азыркы Чымкент облусундагы Отрар шаарында төрөлгөн. Уруусу кыпчак болгон. Ал мезгилде Отрар шаары арабча Фараби деп аталган. Демек, Фарабинин ысымы чыгыш илимпоздорунукундай эле кийин ошол шаардын аты менен аталып калган.

Кубат акенин керней тазалагычы

Мурзапар ҮСӨН Кубатбек Жусубалиевдин жоруктарын эстегенде… Анда союздун гүлдөп турган учуру эле – дейт мурдагы Ош телеберүүсүнүн көзгө басар алып баруучусу раматылык Улукбек Мамытов. Кукем шаарды жерип Алайдын Кердегейиндеги Кызыл-Үңкүрүнө кыр боорлото там салып, көчүп барган эле. Мен телеберүү жумушунан бошоп, Алай райадминистрациясына инструкторлук жумушка орношо иштеп аткан кезим. Кар улуу жааган кыш күндөрүнүн биринде биринчи катчы мени чакырып, Фрунзеден барган бир жазуучуну: «Сен Кубатбек Жусупалиевге бир кабырга жакын эмессиңби, бул жигитти анын Кызыл-Үңкүрүндөгү үйүнө баштап бар» – деп табыштады.

Коомдун абийирсиз катмары бийлик төрүнө чыкты

ТӨӨМАТЕК Ушуну көрмөксүңөр. Дагынкысын дагы көрөсүңөр! Атамбаевден. Ага ушул гана керек болчу. Референдумду өткөрүп алды. Көзбоёмочулуктар менен. Аны жамы журт көрдү. Көргөндө не: күңкүлдөп-мыңкылдагандардын аягы бас-бас болуп тынмак… Өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктап калганы аны акыры ушуга түртмөк. Бийлик даамын татып калган адам ач түлкү болуп калары атам замандан белгилүү. Адамзат тарыхында бийлик тагына көчүгү конгон адам бийликтин чексиз ченемин, мансап кумарын таткан соң андан эзели ажырагысы келбеген…

Олжобай ШАКИР: Жашыруун нике

АҢГЕМЕ I Уулу менен кызынын бөлмөсүнөн угулган дабыштан улам Качкын ууру мышыктай болуп каалгадан башбакты. Анар керебетинен жаңы эле туруп аткан экен. — Кызым турдуңбу? Жакшы уктадыңбы? — Иги… уктадым. Түш көрдүм ата… айтып берейинби? — Айта гой… айт. Кана…

Жасалма купон

Лев ТОЛСТОЙ ПОВЕСТЬ БИРИНЧИ БӨЛҮМ I Казналык палатанын председатели, ашкан ак жүрөк, ушунусу менен сыймыктанган, түнт либераль  жана  динин  моралды  гана  четке  какпастан,  бирок  да  ырымчылдыктын  калдыгы катары  эсептеген  динчилдиктин  ар  кандай  көрүнүшүн  жек  көргөн  Федор  Михайлович Смоковников  палатадан  аябай  капалуу  кайтты.  Губернатор  ага  ашкан  келжирек  кат  жиберди, аны  окуп  олтуруп  Федор  Михайловичти  митаамчылык  бир  иш  жасаган  экен  деп  ойлойсуң. Федор Михайловичтин ушунчалык кыжыры кайнап, ошол замат кер какшык жооп жазды. Үйдө бардыгы өзүнө каршы иштелип жаткандай сезилди Федор Михайловичке.