Конкурска: Үч  дос

№19 Жомок  Илгери-илгери бир көп балалуу абышка-кемпир болгон экен. Бирок алардын балдарынын улам бири жерден боорун көтөрө электе эле чымчык жандары учуп кете берет. Тагдырдын башка салганына көнбөскө чара барбы? Ошентип, кайгыга чүнчүп, көз жаштан алсырап, алдан-күчтөн эрте тайыган абышка-кемпирдин көкүрөк күчүгү — жалгыз баласы калат. Эми караан тутуп, карманаар жөлөгү ошо каргадай бала. Атын да Жөлөк деп коюшат. Кудай жалгап, бала тирикарак болуп чоңоюп келатканына ата-энеси ичтен кубанып, Жараткандан өмүрүн тилеп жүрүшөт. Жөлөк кайгыга алдырып, ментинен тайып калышкан ата-энесинин […]

«Эртең» деген сөз чоң алдамчы

Сэмюэл ЖОНСОН (1709-1784), англис жазуучусу, лексикограф    Ичилген шараптын жаман жери – кадыресе сөз деле ашкан маанилүүдөй туюлат. * * * Акын үчүн пайдасыз эчнерсе жок. * * * Кокус жаш улан же жаш курактагы бирөө чыгып баратып калпагын кайда чечкенин эстей албаса, ага эчкимдин деле көңүлү бурулбайт. А картайган бирөө калпагын унутуп көрсүнчү, аны баары байкайт да: «А-ап, бечара, таптакыр унутчаак болуп калыптыр» деп баштарын чайкайт.

Түлкү менен бачик[1]

Осетин жомогу   Тоонун чокусунда бачиги менен жаткан түлкү ойдуңдагы алоолонгон өрттү тиктеп, жалындын илебине өзү кошо күйүп аткансып күйпөлөктөгөнүн көргөн бачик энесинен сурайт: – Биякта туруп сиз эмне болуп атасыз? – Ойдуңдагы жалын өрттөн мен да күйүп атам. Бир убакта жанында жаткан бачиги кокусунан эле ылдыйга кулап жыгылат.

Шер акын эле Шербетим

ЭСКЕРҮҮ 1972-жылы Фрунзеге окууга келип акын Тургунбай Эргешовго жолугуп калдым. Ал поэзия менен жашаган, чыгармачыл адамдарды жүрөгүнө көтөргөн адам эле. Менин окууга өтүшүмө жан дилден күйөрман болуп, борбордогу өз чөйрөсүнө аралаштырып, достору менен тааныштырып жүрдү. Абитуриент кезимде акын, Шербет Келдибекова деп бир кыз менен тааныштырды. Түш маалы эле. Шербеттикине барып чай ичтик. — Шербеттин  атасы – башкарма, үй сатып берген, — деп койду Тургунбай Эргешов. Мен анда шаарга жаңы келип, шаардагы үйдүн баркын түшүнө элекмин, анча эле маани бергеним жок. […]

Гүлрухсор САФИЕВА: «Өз көлөкөмө корголоп…»

… Койчу ушу көр-тирликти, адам баласы айры бут, жумуру баш болуп төрөлгөндөн ак кепинге оронуп жаткычакты бу кургурдун түйшүгү түгөнбөйт экен го. Койчу ушу саясатты, бийликтегилер менен бийликке умтулгандардын нанын талашпай. Кел, андан көрө поэзия жөнүндө сүйлөшөлүчү. Басену баканын үнүнө кумарланткан поэзия, Нарекацини Кудай менен сүйлөштүргөн поэзия, чыгыштын акындарын сүйүү менен сулууга дербиш кылган поэзия, Уитменди досторунан өгөйлөнткөн поэзия, Пушкинди акылынан адаштырып, Есенинди эрте өлтүрүп, Алыкулду он беш жолу кайра тирилткен поэзия. Кел чын эле андан көрө поэзия жөнүндө сүйлөшөлүчү, […]

Каргыш

БОЛМУШ Жайдын толук кези. Үч салт атчан бирде жарыша, бирде алыша кырга чыга келишти. Колдорун серепчилей төмөнгө көз салышты. — Суусун жута кеткенге айыл-апа көрүнбөйт го!? – деди бири. — Айыл ылдыйда, Алтын-Булактын боюнда болуш керек!? – деди экинчиси. — Тээтигинде бир караан жүргөнсүйбү? – деп үчүнчүсү оң колун көзүнө серепчилеген боюнча үзөңгүсүн тээп тура калганда, үзөңгү боосунун бири тарс үзүлүп кетти. – Олда кокуй ай-э! Эми эмне кылдым ээн талаада? – деп шыпшынып алды.

БИРУНИ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП  Орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул аль-Бируни (Беруний) Абу Рейхан Мухаммед Ибн Ахмед 973-жылы 4-октябрда Кят шаарында (азыркы Каракалпакстан аймагы) туулган. Атасы кол өнөрчү уста болгон. Ошол мезгилдеги ар дайым болуп турган бийлик үчүн таймаш, ар кайсы уруу, бек, султандардын ортосундагы казаттардын айынан Бируни өз мекенин таштап, улам жер которуп турууга аргасыз болгон. 995-1010-жылдары Иранда жашап, атактуу астроном, математик Абу Наср Мансур ибн Ирактан сабак алган. 1000-жылы орто кылымдын энциклопедиясы деп аталган “Байыркы муундардын эстеликтери” аттуу эмгегин жазган. Ал […]

Айгүл тоо

Мурза ГАПАРОВ АҢГЕМЕ Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. А өзүнүн түнөгүнө, автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп, саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт, бүгүн эч ким токтобоптур көрсө. Түн ичинде бирөө-жарым бурулуп калышы ыктымал, тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети… Бекеттин эшигинде дайымкыдай эле кулпу жок. Иса аны качырата ачып, ичкери кирди. Үйдүн ичи муздак, караңгы. Ал желкесиндеги сумкасын жерге коюп, көпкө чейин сыйпалап күкүрт издеди. Күкүрт өз […]