Кырдын кызыл түлкүсү жана сыгырган-чөп үйгүч

Алтай жомогу Көк кашка булактын боюндагы таштардын коңулунда бир кичинекей сыгырган[1]-чөп үймөктөгүч жашаптыр. Ал жанындагы башка кошуна сыгыргандар сыяктуу эле тиши менен чөп кертип, анан аны бир жерге ташып келип үймөктөчү. А булардын турагынан өйдөрөөктө кырдагы жайытта тоонун кызыл түлкүсү турак кылчу. Бир күн аба айнып турганда ошол түлкү карды ачып ууга чыкты. Түлкүнүн шырп алдырбаган доошун, анын жагымсыз жытын сезип сыгыргандын баласы башын ары-бери чулгап, кыйкыра баштады: — Сыйт! Сыйт! Түлкү келатат!

Баланы туура тарбиялоо жолу

KӨPKӨM ЧЫГАРМАЛАРДЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ Балдар көркөм адабияты жаш муундарды ар тараптан тарбиялоонун куралы катары кызмат кылуу менен алардын эстетикалык, нравалык сезимдеринин өсүшүнө жана калыптанышына, образдуу көркөм сүйлөөсүнө, өз ой-пикирин системалуу, туура айтып бере билүүсүнө, эне тилдин байлыктарын түшүнө жана аны пайдалана алуусуна зор таасирэтет. Көркөм чыгармалар бөбөктөрдүн түшүнүгүн кеңейтип, акыл-эсин өстүрүп, алардын ар нерсеге болгон кызыгуу жөндөмдүүлүктөрүн активдештирет.

Ллойд МОСС: «Зиң, зиң, зиң – Гармония!»

Созуп үнүн жибектей, онтоп арыз армандуу, Өзү менен ТРОМБОН артта жалгыз калганбы? Чойсоң, тартсаң кысылып – бийик нота басаңдап Тромбон ойнойт жылбышып СОЛО добуш салган бу. ТРАМПЕТ келсе кезеги – жалгыз аспап ал дагы, Сыздап-боздоп жан тербеп укмуш ыргак салганы. Ага тромбон кошулса: демек ДУЭТ деш керек Жалгыз-жалкы ЭКӨӨ тең шерик болуп калганы. Баскычынын ар бири май шыбанып келгенсийт, Жаркылдап кооз тимеле сары алтындай менменсийт. Бүт денеси ийилген шакек сымал ВАЛТОРНА Кошулганда бул ҮЧӨӨ – ТРИО болуп эрдемсийт. Чыга келди […]

Б а з а р

АҢГЕМЕ Ун алганы баргам. Базарга жетээрим менен эле көздөрүнө чейин ун болгон кыз­келиндер, шуулдаган жигиттер тегеректеп калышты. — Ун алыңыз. Тегирмендики. Арзан. — Меникин алыңыз. Комбинаттын уну. Аппак. Чымчып көрсөтүп атышып, заматта агала кылып жиберишти.

О о м а т

 АҢГЕМЕ Бул мал чарбасы дегениң таптакыр бүтпөс илим тура. Искен ушуну ойлогондо эсине  күрөң ую түшө берет. Апасы экөнүн эрмеги ушул күрөң уй боло турган. Апасы эртең мененкисин бадага кошот. Ал кезде Искен уктап жаткан болот. Анан кечкисин бададан тосуп алуу Искендин милдети. Ошентип күн өткөрүшчү. Апасы күрөң уйду бадага кошуп келип, уулуна чай берип, мектепке жөнөтүп коюп ишине кетет. Искен болсо мектептен келип түштөнүп, анча-мынча кирди-чыкты иштерди кылып, кечкисин айыл четине барып бададан келген күрөң уйду тосуп алып, короого […]

Ибн Сина жана орто кылым

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП  Өмүр баяны, баскан жолу, жасаган иштери так хронологиялык тартипте жазылып калбаса да Батыш менен Чыгышка бирдей белгилүү болуп, чыгыш элдери табыпчылыктын пири катары Улукман аке аташса, Европа өлкөлөрүндө аны латын транскрипциясы менен Авиценна дешкен. Ибн Сина 980-жылы 16-августта Бухара шаарынын жанындагы Афшана деген кыштакта төрөлгөн. Улуту тажик. Ал учурда Саманилер мамлекети ошол кездеги Мавераннахр, Хорасан, Түндүк жана Чыгыш Иран, Хорезм, Систан, Горган, Решт, Газна, Табарстан деп аталган жерлерге бийлик жүргүзүп турган. Бухара шаары ал мамлекеттин борбору болуп, […]