Жылан менен кишинин арбашы

Кыргыз жомогу Илгери-йлгери бир дыйкаң болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле  жерден  ышкырган  дабыш  чыгат.  «Эмне  болду  экен?»- деп  карай салса,  бет  маңдайында  эки-үч  кадам  аралыкта  эгинден  да  бийигирээк жылан  куйругу  менен  тикесинен  турат.  Дыйкан  апкаарып, жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет. Бир  топтон  кийин  дыйкан  жылан менен арбашып калганын билип, бир  аз  эсин  жыйып,  мындай  учурда  эмне  кылуу  керектигин – элден уккандары  […]

Кыргыз тарыхы: Көгмөн

Тарыхый маалыматтар боюнча орто кылымдардагы Түштүк Сибирдеги кыргыз өлкөсү «Көгмөн» деп аталган. IX кылымдын баш ченинде анын ээлеген жерлери батышта Алтайдын түндүк тарабын, чыгышта Хубсугул ( Косогол) көлүнө чейин, ал эми түштүктө Танну-Ола тоо кыркасына чейин жеткен. Кыргыз мамлекетинин эли-журту бири-биринен тили, маданияты, теги, жашоо турмушу, жүргүзгөн чарбасы менен айырмаланган ар түрдүү элдик топтордон турган. Алардын арасында отурукташкан, дыйкан чарба жүргүзгөн элдер көп болгон. Енисейдин оң тарабында жашаган элдер аңчылык, балык кармоо менен алектенген, ормон баскан тоолордо жашаган. Ал эми […]

Сайтыбыздын туруктуу окурмандарына белектерибиз даяр!

«Коом жана Мен» сайтынын түптөлүшүнө тилектеш болуп келаткан туруктуу окурмандарыбызды жана сайтка кызыктуу чыгармаларын тартуулап келаткандыгы үчүн төмөндөгү окурмандарыбызга жана авторлорубузга Олжобай Шакирдин быйылкы жылы жарык көргөн «Куюн доор» романы Жаңы жыл алдындагы белек катары тапшырылат… Негизинен төмөндөгү аты-жөнү аталган окурмандар жана авторлор өздөрүнө жаккан («Коом жана Мен» сайтында жарыяланган) материалдарды соцтармактар аркылуу бөлүшүп келаткандыгы эске алынды…

УЛУГБЕК

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орто азиялык мамлекеттик ишмер, окумуштуу, инженер, астроном, агартуучу Улугбек (чыныгы аты Мухаммед Тарагай ибн Шахрух ибн Тимур Улугбек Көрөгөн) 1394-ж. 22-мартта чоң атасы Темирдин аскерлери Иран менен Азербайжанга жасаган жортуулунун учурунда Султания шаарында туулган. Темир небересинин төрөлгөндүгү жөнүндөгү кубанычтуу кабарды укканда анын урматына өзү камап жаткан бир тоолуу чептин тургундарына ырайым кылып эркиндик берген. Чоң атасы Темир бүтүндөй Орто Азияны бийлеп, Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгына империя орноткон. Борбору Самаркан болгон. Аны арабдар Мавераннахр деп аташкан.

А й г а н ы ш

Мамат САБЫРОВ АҢГЕМЕ Митал окуган мектептин балдары бир башкача сүйүшчү. Бул жеке Митал окуган мектепке же ал жашаган айылга эмес, жалпы чөлкөмгө таандык өзгөчөлүк болсо керек. Сегизинчи же онунчу класста окуган уландын кайсыл бир кызга көңүлү түшүп калса, бирөөнү ортого салып, «айттырат». Бул жаңылык ошол замат мектепке, анан бүт айылга «дүң» эте түшөт. «Паланча түкүнчөгө айттырыптыр» дейт балдардын бири. «Кимден айттырыптыр?» деп тактап сурайт экинчиси. Себеби, кыздын жообу көп жагынан бала ким аркылуу айттырганына да байланыштуу болот. Кыз макул болсо […]

Мурас сөз: Тогуз санат

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ   I. АВАЛЫ ТЕК. (Эл – тегинен, кас – кебинен). Библияда: авалы Сөз, анан Сөз Кудайдын оозунда (пейилинде), анан Кудай болгон делинет. «Сөз» дегени Ой… А бирок Киши болмоюнча Ой кайдан жаралып, кайдан чыкмак?.. Демек, авалы Тек – кишинин Киши болмогу. Антсе да Тек космостук ээндик эмес, анын кош аяктап турар Жери болмогу да ырас. Демек, Киши оюнда авалы Тек менен Жер жаралган… Тегибиз Теңирди ойлоп тапкан. Эми кызыгы: кымызга талыкшыган кыргыз бетегелүү боордо кеңирсип жатып алып («жамбаштап жатсаң […]