Амалкер аял

Түрк жомогу Илгери бир аял жашаптыр. Ал бирөөлөрдү алдоо менен күн көрүп, ошол алдоо менен акча таап, анан ошол тапкандарын көчө таптар ишсиздер менен ичип-жеп, чардап жок кылчу экен. Каражаты жок болгондо кайрадан алдоого өтчү. Бул жолу да акчасы түгөнөт. Кимди алдарын билбей турса, ошол эле айылда жашаган бир ханум эске түшөт. Ал бай турчу жана эл аны суу ташыгычты жакшы көрөт деп айтышчу. Мына ошону алдамак болот. Ханумдун үйүнө барат: аны сүйлөшөт, муну сүйлөшөт. Короосунун баары эле тоок, каз, […]

Адамдын адамдык касиети – жаңылышат

Шарль де ЛИНЬ (1735-1814), бельгия дипломаты жана жазуучу    Бейакылдардын эки түрү болот. Бири – ар нерседен шектене берет, бири – эч нерседен шектенбейт. * * * Дин же сүйүү болбогон жерде аял намысы тебеленет.

Анар Рзаев РАСУЛ оглы: «Алфавит»

АҢГЕМЕ Мен анда кичинекей элем. Мектеп босогосун да аттай элекмин.  Окуганды, жазганды билбейм.  Өз атымда да окуй албайм. Анткени тамгаларды тааныбайм да. Бирок буйурса, күз келсе мектепке бармакмын. Бир жолу таякем мага бир топ китептерди алып келди. «Биринчи класска барганыңда ушуларды окуйсуң», — деди. Ичиндеги сүрөттөрү бир укмуш кооз эле. Мен кайсы китептен баштаарымды билбей туруп калдым. Ошол учурда кулагыма кандайдыр бир үндөр угулду.

Булбулдардын устаты

Адатта жайнаган ырчы-чоорчуларыбыздын эмнеге ырчы болуп калганын сурасаң, дээрлик көпчүлүгү «чоң атам комуз чертчү же таянем кошокчу болгон үчүн…» дегенди кайталашат. «Улукмырза Полотовдон таалим алганым үчүн ырчы болуп чыктым» дегендерин аз угасың. Ооба, талант укум-тукум уркунан да болот. Бирок ушунча болуп таята-таянеси же чоң атасынын колунан ырчылыкка тарбияланган бир да ырчы жок. Азыркы базары жүрүп аткан ырчылардын далайы Улукмырза Полотовдун мектеп босогосун аттаган үчүн да эл сүймөнчүлүгүнө, эл аздегине айлангандыр… Алардын арбирин карапа жасаган устадан бетер тиягынан бир, биягынан бир […]