«РухЭш» сайты аныктаган жылдын эң мыкты китеби

Таланттуу акын Нуралы Капаровду 2017-жылы жарык көргөн «Досума кат» аттуу тандалма чыгармалар жыйнагынан турган китеби үчүн «РухЭш» сайты жаңы жыл алдында авторго «Жылдын эң мыкты китеби» номинациясын ыйгарды. Бул сыйлыктын максаты – учур адабиятынын эң татыктуу мыкты акын-жазуучуларын окурман журтчулугуна кеңири таанытуу. Аталган наамдагы номинация жыл сайын салттуу түрдө жыл тогошоор мезгилинде тапшырылып, авторлорго атайы диплом ыйгарылып турмакчы.  

Эсенбай Нурушев «улуу муунга кичүү муун бузулуп бараткандай, кичүү муунга улуу муун алжып бараткандай сезилет» дейт

“Сармерден” ресторанынын кожоюну Дүйшөмамбет Орозалиев жана «РухЭш» сайтынын өнөктөштүгү менен уюштурулган бильярд боюнча мелдеш сый тамагы менен кошо экинчи жолу өткөрүлдү. Аталган сайттын туруктуу авторлору үчүн айына бир жолу болуучу бильярд оюнунун бул жолку меймандары белигүү публицист Эсенбай Нурушев, композитор, коомдук жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаков, мурда илимпоз, азыр жеке ишкер Разак Сайдилканов, бизнес-тренер Турдумамбет Гайыпбердиев катышып, өзүм бильярд оюнун билбесем да үлкөндөрдүн нускалуу кептерин диктофонго жазып алууга гана жарадым. Назгүл Осмонова: Эсенбай агай, адабиятка сабаттуулуктун кереги барбы, муну айткан […]

«Абысынки» Аалиевой или портрет халяль быдло

Тему подготовила Гүлзат Аалиева УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС! Однажды я прочла воспоминание брата Таттыбүбү Турсунбаевой Нуркана Турсунбаева, которое оказало на меня сильное воздействие. Нуркан Турсунбаев написал: «Неожиданно меня пригласила Таттыбүбү в свой дом. Пришел к ней в дом и удивился. Стол был накрыт как на праздник и Таттыбүбү поставила на стол «Шампанское». На мой вопрос: «Что случилось? Что мы отмечаем?», Таттыбүбү улыбаясь, ответила: «Сегодня на женсовете впервые меня не обсуждали, не осуждали, не упрекали. В повестке дня женсовета не был […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Ичи бузук илбирс

ТАМСИЛ Токойдун  тилеп тынчтыгын, жаныбардын ойлоп кыштыгын. Таланганын көрүп ырыскынын, Токойго башчы Арстандын кашайды жаны. Тартипке салмак болуп жаамын, жеп-ичкенге жайып тузакты, кептин айтты ачыгын: – Жырткычты катып үйүнө эл-жерге бүлүк салгандар, уурдап, үлүш алгандар, байлыкты жара тарткандар, кампага колун малгандар. Алсыз жанды соо койбой, бак-даракты кыйгандар — алышат толук жазасын! Алар үчүн ачабыз, кеңири, оозун капастын. “Тим жүрөт” деген Илбирс Бугу, маралга асылып, Төө куштун баарын качырып, майда жанды, сапырып, коргоосуз калды, макулук!.. Калтырып сөөктү кажылган, бүкүлү этти – […]

Поэзия: «РухЭштин» адабий антологиясынан (3-бөлүк)

Ак аяз Аяз, сага рахмат, Уят качкан жүздөрдү Уят сүртүп кызарттың. Мүштөк сымал морлордон Түтүн чубап буладай, Тепең-тепең бийлеттиң. Бий билбеген бийкечтерди субагай. Троллейбус — муздаткыч, Автобустар — муздаткыч, Бүтүн дүйнө — муздаткыч! (Эх, бузулуп кетет деп Биз бекерге бадыраңды, Балыктарды туздаппыз!) Так түйүлүп, тайраңдап, Жылан болуп ышкырасың, кар атып, Келдиң бекен шаарыма Плутондон адашып? Марттыгың ий, мех сунган, Кылыгың ий, бетке урган, Аял каардуу ак аяз, Түшсөң керек Нептундан. Табылды МУКАНОВ ♦ ♦ ♦ Кышты сүйгөн сулуу кыз Үлбүрөгөн […]

Кытай эл жомогу: Иттин ит болгону

Жарыктык бир ит болуптур. Бир күнү ал сейилдеп келмекке тоого жөнөй. Ал жактан бугулардын жарышып мелдешкенин көрүп, тып токтойт. Оозу ачылат. Караса, бугулардын жүгүргөнү укмуш турбайбы. Ичи күйдү иттин! Карап турду, карап турду, акыры кармана албай: ал да тигилер менен кошо жарышты. Бирок бугулар учат экен, ит караандай турган эмес. Жарышкан сайын артта кала берди. Күйбөгөн жери күл болду. Суктанды тигилерге. Өзүнөн өзү уялды. Арийне, жүгүрө берсем: аракеттен берекет болор деп үмүт артты. Мен да бугудан калбаган күлүк болуп чыгам […]

Олжобай ШАКИР: Учур адабиятынын балбыл жанган жылдызы

(1-макала) Кезинде Сүйүнбай Эралиев, Рамис Рыскулов, Омор Султанов баш болгон айтылуу акындардын чыгармачыл ооматы бийиктеп, 60-жылдардан кийинки кыргыз адабиятынын алдыңкы сабындагы эң бараандуу акындардын поэтикалык жаңы табылгалары адабий адистердин изилдөөсүнө бүгүнкү күнгө дейре чоң объект болуп бергендей эле учур адабиятыбыздын көңүл чордонуна айлантар ысымдар жок эмес. Тек, өлкөбүз табынсыз өз эгемендигине ээ болду дегенибиз менен соңку кыргыз адабиятынын туу чокусу дээр объектиге токтолгон адабий сынчылар чыкпаганы кейиштүү. Адабиятчыларыбыз жок эмес, бар. Бирок көбү оозеки адиске айланып алышкан. Адабий тар чөйрөдө […]

Мурзаш АШИРБЕКОВ: Бейитке алып баруучу жол

АҢГЕМЕ Үчөө ашкананын төркү бурчундагы столго келип отурушту. Алардын бири жаак эттери шимирилип, териси жабышып калган куркуйган арык, экинчиси кабагы кара-көк тартып шишиген күлтүйгөн семиз, үчүнчүсү чачын жылма тарап, галстук тагынган, көөдөнү көтөрүңкү жигит. – Эми стаканды канттик? Буфетчи өлсө да бербейт, – деди семиз, койнунан бир бөтөлкө арак сууруп, столдун алдына коюп жатып: – Бермек түгүл ичирбейт, – деди арыгы сөөмөйү менен бет маңдайдагы качандыр бир илинген «Сырттан алып келинген спирттик ичимдиктерди ичүүгө катуу тыюу салынат!» деген жазманы көрсөтүп. […]

Кытайдан табылган кыргыз ажосунун айкели

Кытай Эл Республикасынын жараны, «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору, окумуштуу КАРМЫШТЕГИН МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ уулу көптөгөн эмгектери менен бирге кыргыздын тарыхын, байыркы кыргыз бийлигин, кыргыз мамлекеттүүлүгүн тынбай изилдеп келет. Кытай жазмаларынын ишенимдүү булактарына таянуу менен, Кыргыз кагандарынын ысымдарын жана алар тууралуу маалыматтарды Макелек Өмүрбай мындан бир жылдай мурун жазып чыгып, башка гезит беттерине жарыялаган. Кагандар боюнча толуктоо маалыматтары азыркы макаланын этегинде берилип, ал эми өзөгүндө окумуштуунун кыргыздын VIII кылымдагы ажосу Жетисан Бекбай Багачордун Кытайдын Шаншы (Шаньси) провинциясынан табылган айкели, […]

«РухЭш» сайты кыргызстандыктарды жана алыстагы мекендештерибизди ит жөнүндө притча менен куттуктайт!

Жараткан Кудай бир күнү бейиш багында сейилдеп жүрсө, кокусунан бадал түбүнөн шайтан чыга калып күңкүлдөп-мыңкылдаганы: – Укканыма караганда, адамды сен жаратыптырсың го? – Ооба, ал жер үстүндө жашай баштады. Эми кабыргасын тапса, бала-чака күтөт. Азырынча отун алып, аны тутантканды үйрөнүп калды. Андан ары үй-жайын курат, а канча миң жылдардан кийин бүтүндөй жер үстүнө өз бийлигин жүргүзөт. – Канча миң жылдардан кийин жалгызсырасачы… – деп жактырбай мурдун чүйрүйт шайтан. Кудайды ой басып түнөрөт да, узун сакалын сыланат. – Мен ага дайыма […]

Латыш эл жомогу: Карышкыр менен түлкү

Карышкыр менен түлкү токойдо жортуп келатышты.  Түлкү тузакка алдооч катары илинген казды көрдү. Ал  ачка  болчу, бирок  казга тийсе тузакка түшөрүн түшүнүп, катуу тамшанды. Муну байкаган бөрү сурады: –  Түлкү курдаш, эмне мынча тамшандың? Же майлуу тамактын жытын алдыңбы? –  Жыт алмак тургай өзүн көрүп турам, тигинде семиз каз илинип турат. Жегим келет, бирок…–  деп ал дагы катуу тамшанды. –  Эмне бирок? Менден мурда жегенден тартынып турасыңбы? Же мени сыйлагың келип жатабы? Жегиң келсе жей бер, сыйыңа ыракмат. Мен токмун, […]

Олжобай ШАКИР: Унутта калган өрөөндүн муңу (2-баян)

Биринчи баян Жол очерки Ак-Шыйракта жалпы мектеп боюнча болгону элүүдөй бала окуйт экен. Мектептен алыс жашаган чабандардын балдары үчүн атайы жатак мектеп 1988-жылы курулуптур. Бир класста 4-5тен гана окуучу билим алып, алар 9-класска чейин гана өз окууларын уланта алышат. Андан да кейиштүүсү – буга чейин майдасы-чоңуна карабай, жалпы мектеп окуучулары башталгыч класстын окуучулары менен бирге отуруп билим алып келген да учурлар болуптур! Биз муну мугалимдердин өздөрүнүн оозунан уккан факт! 21-кылымда мындай шумдук Кыргызстанда гана болушу мүмкүн, болбосо башка кайсы өлкөдө […]

АУДИО: Түркмөндөр пайгамбарга теңеген акын

Улуу акын Махтымкули. Меккеде Мухаммед, Түркстанда Кожоакмат. Бул кош сапты эчен ирет бата берип жаткан казак туугандардан угуп, алардын өздөрү чыгарган импровизациясы деп ойлочумун. Көрсө, XII кылымда өткөн ортоазиялык улуу сопу жазылык Кожоакматты Мухаммед алейхисаламга Махтымкули Фраги да салыштырган экен. XVIII кылымда өмүр сүргөн суфий-акын Махтумкули Фраги түркмөн адабий тилинин негиздөөчүсү. Ал түркмөндөр бирдиктүү эл болуп, өз мамлекетине ээ болуусун тилеп ырдаган. Ошон үчүн атактуу түрколог Бартольд: ”… бардык түрк элдеринин ичинен түркмөндөрдө гана өзүнүн улуттук акыны бар. Ал Махтымкули” […]

Кеңешбек КАПСАЛАҢОВ: Мал базар

АҢГЕМЕ Таң кылайып атканда, узунунан келген базардын темир каалгасы калдырап кошо ачылат. Кайсы мезгил болбосун ар жуманын акыркы күнү ушул абал кайталанып турат. Ал күн – базар. Сансыз мал жандыктары ар тараптан каптап киргенде кык аралашкан боз топурак базар ичинде уюлгуп эле жатып калат. Бул тегеректе жашаган элдин ырыс-кешиги ушул базарда. Колундагы бар малын сатат – алганы менен жанын багат. Аймактын аба-ырайы катаал келгендиктен, тобокелге салып жер тытмалоонун оордуна көбү мал-жандыктан убайым көрүүгө ыктап алышкан. Ал күндөрү базардан үч түрдүү […]