Түлкү менен күйкө

Шотланд жомогу Арык жээгиндеги жылуу таштын үстүндө күнгө кактанып отурган күйкө аркасынан бугуп келаткан куу түлкүнү байкабады. Түлкү шап секирди эле, үргүлөп отурган күйкө ач тырмагына илинди да калды. – Мени жебечи, Түлкү! – күйкө жалбарып жиберди. – Мени бошотсоң, мен сага өзүңдүн башыңдан да чоң жумуртка тууп беремин! Түлкү оңой эмес чымчыкты кармапмын деди. Бул өзгөчө канаттуунун жумурткасына кызыгып калды. Жумурткадан чыгар балапанга сук артты.

Сьюзан МАСГРЭЙВ: «Сени артыкча сүйөмүн»

Январь айдын асманында жымыңдаган, бийлеген сен артыксың жылдыздардан тээ көктөгү ийрелең. Февраль айдын күүгүмүндө гүлзарда жол жаркытса анда деле байчечектен сени сүйөм артыкча. Март суугунда жемканадан «пыр» деп учуп жөнөгүр назик жандуу көк чымчыктан сени артыкча көрөмүн. Апрель-майда муздак жамгыр түркүн гүлдөр чанагын дыбыратсын, а мен сени сүйөм калбай жан-алым. Сүйөм сени артыкча бир: июнь шамалы каргыткан жашыл чөптүн арасында туулган түрдүү жандыктан. Июль-августтун мезгилинде көктө шашып бараткан булуттардан сени артыкча сүйөрүм чын адатта. Саргайыңкы сентябрдын, октябрдын кезинде күүлүп түшкөн […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Төкө»

ЭССЕ Ал ар дайым түшүмө кирет. Бу жарык дүйнөгө мени жараткан, алпештеп өстүрүп коюп, а өздөрү жапжаш кездеринде эле жер алдына кете беришкен кайран ата-энем Касый менен Батыштан, эзели өз атымды атабай, өңүмө карап, “Сарыбайым…” деп опсуз эркелетип, 85 жаш курагына дейре басып жүрүп жашоодон көчкөн чоң атам Керимден да көбүрөк түшүмдө кездешчү жашынан жайраган  бир боор карындашым Бейшегүл, экинчиси ушул – таякем Төлөгөн. Неге, неге дейм… Балким бул кандаштыктын, тууган арасындагы жакындыктын өзүнчө бир сыры, жышаанасыдыр деп ичимден сыза, […]

Жазуучу менен окурман эсинен кетпей турган образдар жөнүндө сөз

Окурмандарга бүгүн биз учур адабиятынын белгилүү жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева менен болгон маектешүүнү сунуштайбыз. Окурмандарыбыз буга чейин автордун «Коом жана Мен» сайтында жарыяланып келген бир нече аңгемелери менен тааныш.  Автордун айтымында, жакында «Кызыл    өрүк» деген аталыштагы аңгеме жана эссе жанрынан турган китеби жарык көрүү алдында турат… (1-маек)

Салижан Жигитов: «Чыңгыз кантип чыгып калды?»

Чыңгыз Айтматовдун сүрөткердик жөн-жайы, адабий табыштары туурасында кандайдыр бир жаңы сөз айтып ийиш кыйын. Анын калеминен жаралган орошон образдар, идеялар, көркөм көрүнүштөр, сюжеттик мотивдер, айрым сөз түрмөктөрү менменсинген философтор, социологдор, тарыхчылар, психологдор, дагы башка ойчулдар тарабынан арбын цитаталанат, анализденет, далил катары келтирилет. Айтор, Чыңгыздын чыгармачылыгы сыртка ачык койгон сыр аяктагы бал сыңары акыл-эс эмгегинин аарыларын (албетте, алар менен катар адабият илиминин чымын-чиркейлерин да) жабалактатып өзүнө тартып келет…