Бейшебай УСУБАЛИЕВ: «Бир сом…»

АҢГЕМЕ Акылманды ар элден, Аз жараткан дүнүйө. (Жеңижок) Дөөлөт чалдын кызыгы көп, кызыгынан ысыгы көп. Ал шаарга көп келет, мурда да көп келчү экен. Баласына айтып түгөтө албайт. “Илгери далай жүрбөдүкпү!” – деп сыймыктанып калат. Илгериси ар кандай: мындан отуз, жыйырма, он… жыл мурункуну деле тээ илгери дей берет. Баса, илгери менен кечээгисинде да эч кандай айырма жок. “Кечээ эле ушунун бирөө да жок эле… Жөн эле шаар деп жүрүппүз да!” – деп шаарга суктанып калат. Баласы адатынча суроо узатат: […]

Жосундуу уйду – жолборс жарат

Бирман жомогу Качандыр бир заманда токойго жакын жерде уйлар жайылып жүрүптүр. Алар дайыма чогу оттошчу экен, арасынан бөлүнгөнү болбоптур. Токойдо болсо айла-амалдуу бир жолборс жашаптыр. Ал эбактан бери уйлардын бирин жарып жегиси келет. Бирок уйлардын бадасы бөлүнбөй жайылгандыктан, алардын бирине да тиш салууга мүмкүн болбоптур.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Биздин айыл мас көчөдөн башталчу»

(2-МАЕК) – Чыгармачылык чыйрыңызда сиздеги жазуучулук ишенимди жаратып, кандайдыр нуска берген адамдар болду беле? – Албетте. Бир кезде Мурза аке (Кыргыз Эл  жазуучусу Мурза Гапаров)  аспирантура, диссертация деп убактыңды кетирип жүрбөй жакшы чыгармаларыңды көбүрөк жазбайсыңбы, карындашым,  сенин колуңдан келет деп айткан эле. Ал маалда анча-мынча аңгемелерим “Кыргызстан маданияты” гезитине чыгып калган. Мен болсо  баштаган ишти таштагым келбей кандидаттык диссертацияны коргоого  күлгүн курагымдын 5-10 жылын арнап, аны бүтүрөм деп жазуучулукту ары түртүп койгон учур болгон. Мурза аке иштейт элем деп бир […]

Математикалык ойломго бай ырлардын ээси Ысмайыл Кадыров

Ы.Кадыров балдар адабиятына 90-жылдары келди. Адегенде балдарга арнаган ырлары мезгилдүү басма сөздөргө, анын ичинде «Байчечекей» балдар басылмасына жарыяланып жүрдү да, 1998-жылы басмадан жарык көргөн биринчи «Түстөн чыккан түркүн сөз» жыйнагы окурмандар тарабынан сүймөнчүлүк менен кабыл алынды. Албетте, бир жагынан акындын начар чыгарма жаратышы мүмкүн да эмес болчу. Анткени, өзү көп жылдар бою «Энциклопедияда» иштеп, балдардын табияты талап кылчу энциклопедиялык билими жетиштүү болгондуктан, ички рухий жактан балдар поэзиясына батыл кирүүгө даяр болчу. Экинчиден, бул мезгилде кичинекейлердин көркөм сөз өнөрүндө жаңычыл адабий […]

Жек ЛОНДОН: Сакраментонун жээгинде

АҢГЕМЕ Ышкырып жел зуулдайт, Сакраменто — бай өлкө, Калифорнияга согуучу. Сакраменто — бай өлкө, Алтындын күрөп алуучу. Фруско[1] портуна жөнөө үчүн якордун төңөлүгүн айландырып жатып бардык жердеги матростордун баары созолонтуп айтуучу мына ушул деңиз ырын — арык чырай, жаш өспүрүм бала чаңылдаган ичке үнү менен ырдап отурду. Эгерде өзүнөн эки жүз фут алыстыкта, аскадан түшө калган жердеги киргилденип аккан Сакраменто дарыясын эсепке албаганда, бул өмүрүндө өз көзү менен деңизди көрбөгөн карапайым бала эле. Аны— бала Джерри деп аташа турган, анткени […]

БЕЛЛ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Америкалык ойлоп чыгаруучу Александер Грейам Белл 1847-жылы 3-мартта Шотландиянын Эдинбург шаарында туулган. Атасы дудук-дүлөйлөрдүн мугалими болгон. 15 жашында орто мектепти бүтүп, Эдинбург университетинен окуй баштаган. Аны бүткөндөн кийин бир аз мугалим болуп иштеп, анан Лондон университетинен медицинаны үйрөнө баштаган. 1871-жылы ата-энеси менен бирге АКШга келип, Американын жарандыгына өткөн. 1873-жылдан тартып Бостон университетинин профессору болуп иштеген.

Улуу жомок

ЭССЕ Кыштын  башталышы, шопойгон бак арасындагы сары жалбырактар  бурганактаган шамалдан куюн болуп айланып асманга тегерене учуп, айрыкча теңселген теректердин учтарынан бороондун катуулугу айкындалып, үй алдындагы буюм-тайымдар тоголоно добулбас күчөп, кайдан-жайдан келген шамалды коштой алааматты огобетер күчөтүп жатты. — Ээ, Алла, Алла, өзүң сакта! Ушул күнү да ушундай болобу? – деп үстү камыш менен жабылган бастырмалуу үйдө, карыса да дале күүлүү-күчтүү Айымкан апа эки колун созо өөдө карап, алаамат шамалдын токтошун кудайдан тилеп отурду.