Түлкүнү алдаган Короз

Шотланд жомогу Куйругун булаңдаткан, көздөрү шойком калтар Түлкү бир күнү байкатпай жортуп келет да, фермердин чарбасындагы семиз чаар Корозду бурдай сугунуп зыйт коёт. Мына анан, ызы-чуу салгандын баары уурунун артынан калбай жүгүрөт! Сая кууйт! Түлкү буту үзүлгөнчө тызылдап качып баратып да Корозду коё берер түрү жок.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Ажайып Күндүн алдында» (1-бөлүк)

ЭССЕ  «Тоо-талаадай, сан миң элдүү калаадай, Бул дүйнөнүн ичиндеги дүйнөмсүң». Омор СУЛТАНОВ 1-БӨЛҮК Теги француз, кийин жапан адабиятында жаркыган ушул «Эссе»  жанры жагат мага. Түбү бирге элбиз, кыргызча «Эсте, эскер, эсиңе сал» дегендей маанидеги сөз го сыягы. Төлөмүшов Мырзаян байке орус жазуучусу Валентин Распутиндин «Живи и помни» деген белгилүү повестин, «Эсен болуп, эстей жүр» деп, сонун которгон да. Мен да атакемди эстеп жүрөм. Кыргыз илгери чоң атасын «ата» дечүдөй, мен да кайран Керим чалды «ата» деп, өз атам Касыйды «байке» […]

Бенжамин ФРАНКЛИН: «Касыңа карыз берсең достошосуң, досуңа карыз берсең, коштошосуң»

(1706-1790), америкалык окумуштуу жана саясатчы Начар өкмөттүн кемчилиги суу үстүндөгү акыр-чикирдей калкып турат. * * * Бул жашоодо өлүм менен салыктан качып кутулалбайсың.

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: «Ошентип, «8-Мартка» жөнөп калдым…»

АҢГЕМЕ Уулум Эмилбекке Аскар университеттин филфагына тапшырып, конкурстан кулап, айлына кайтып келди да, эки-үч күн өтүп-өтпөй туруп эле областтык гезитке баса берди. Анткени мектепте окуп жүргөндө анын макалалары бул гезитке үзбөй жарыяланып турар эле. Иштейин деген деле жок, жөн гана ойлонуп-ойлонбой туруп эле жөнөп калды. «Нарын правдасы» деген көрнөк илинген дарбазанын эшигин ачып киргенден, атүгүл анын туткасын кармагандан тартынып, аркы-терки баса баштады. Аңгыча ушул гезитте кабарчы болуп иштеген, өзүнө курбалдаш Асылбай деген жигиттин келатканын көрдү да, сүйүнүп кетти. Ал Аскардын […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Мен али айтчуумду айта элекмин…»

Бул маектешүү Казакстандын «Караван» гезитинен кыскартылып алынды. Сукбатташкан Жанар Канафина. Гезиттин 2008-жылдын 23-майындагы санында жарык көргөн. Ал кезде жазуучу ооруканада жатып калган. Балким акыркы маектеринин бири болгон чыгар. — Быйыл Сиз сексенге толосуз – узак турмуштук аралыкты басып өттүңүз. Өз мааракеңизди кандай ойлор менен тосуп атасыз?

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Аял – Эне, Аял – шаар жана «жабылуу кара инген» тууралуу баян»

ЭССЕ “Умереть – это еще не все!” Эрнест ХЕМИНГУЕЙ Жеңем ыраматылык биздин үйдүн босогосун 1968-жылдын 1-августунун таңында  аттаган эле. Көк-Күмбөз деген көк кашка өзөндүү, карагай-черлүү жайлоодобуз. Анда үйүбүздө кызыктай акыбал өкүм сүрүп, дегеним эки жыл бою борбор калаа Фрунзеде дарыланып жаткан апабызды догдурлар “болбодуга”  чыгарып бергени менен, он эки жашар мен жана кийинки майда бир туугандарымдын анча этибары жок, кыскасы, апабыз жаныбызда, телегейибиз тегиздей кез. Апам Батыш жарыктык ашкере кайраткер, өкүм жан: “Накен тез арада үйлөн, мен келинимди көрүшүм керек!” […]