Баарынан адам күчтүү

Кыргыз жомогу Кыштын  күнү  кызыл  кыргоол  жээктеги  бадалдан  койкоюп  чыгып, чаңкаганын жазыш үчүн астындагы чоң сууга кирди. Каптаган көк музду кыдырып  жүрүп,  күбүрдү  араң  таап,  муздак  суудан  иче  баштады. Ошондо булайган куйругу музга чып жабышып, чыкпай калган экен. — Ой-ей, көк муз! Дүйнөдө сенден күчтүү эч ким жок бейм… Заматтын ортосунда куйругумду куп кармайсың, — деди кыргоол.

Дүйнөлүк мейкиндеги талаа уулу Чыңгыз Айтматов

Ыстамбул шаарындагы Босфор китеп жарманкесинде Түркиянын белгилүү жазуучусу Атаола Бехрамоглу менен Чыңгыз Айтматов маектешип, ал маек «DА» («Diyalog Avrasya») журналынын 3-санына (2001) басылган эле. Биз ошону которуп, кыргыз окурмандарына тартуулоону ылайык көрдүк. А.Бехрамоглу: Чыңгыз Төрөкулович, Түркия өлкөсүнө куш келипсиз. Сиз биздин өлкөгө биринчи жолу келгенде, 1977-жылы алгачкы таанышканыбыз эсиңизде болсо керек деп ойлойм.

Конкурска: Мен жашаган айыл жана шаар

Мен   азыр  13   жаштамын.   9 жашыма  чейин  атамдын,   менин   айылым   Ак  Моюнда,  калган  4 жылдагы  жашоомду   Нарын  шаарында  жашап  жатам.  Андыктан  мен   өзүмдүн  айылым  анан  мындан  ары   такай  жашоочу  Нарыным  туурасында  айтайын…

БОГОЛЮБОВ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орус математиги жана физик-теориячы Николай Николаевич Боголюбов 1909-жылы 21-августта Нижний Новгороддо туулган. 14 жашында профессор Н.М.Крыловдун семинарына катышып, анын сунушу жана өкмөт чечими менен 16 жашында аспирантурага кабыл алынган. 18 жашында кандидаттык диссертациясын жактаган. 20 жашында диссертациясыз эле илим доктору деген наам берилген.

Рюноске АКУТАГАВА: «Сыйкырдын керемети»

90-жылдардан кийинки адабият астанасын аттаган муундун жолу шыдыр болбоду. Совет доорунда далай автордун адабий аброюн көкөлөтүп келген «Ала-Тоо» журналы менен «Кыргызстан маданияты» гезити үзүл-кесил чыгып отуруп, кийин таптакыр жолу үзүлдү. Мурда чабаны болсун, баба дыйканы болсун, ушул эки басылманы кончуна тыгып алып талаа-түздө окугандар көп болор эле. Биздин бала чагыбызда кайсы чабандын же саанчынын үйүнө барба, керегеде ушул эки басылма сөзсүз кыстарылып турган болор эле, таңгагы менен жатчу.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Кара жаздык»

АҢГЕМЕ Таң ата элек. Айылдын ар кайсы жеринен анча-мынча короздор кыйкырып койгону  болбосо эл жапырт уйкуда. Ушул маалда эрте жаздын  сай тараптан соккон муздак шамалына төшүн тосуп чоң жолдун боюнда  үч караан турду. Алардын бири  улам өткөн машинеге кол көтөрөт. Машинелер токтобойт. “Жерге жарык түшкөнчө айылдан узап кетишсе оң болот эле.” Ушинтип ичинен кыжаалат болгон  үч караандын эң улуусу өткөн машинелерди ылгабай кол көтөрө берди. Чоң жолдо машинелер тынымсыз өтүп жатканы менен буларга бири да токтободу.

Ачкачылык, той

САТИРА Келинчегим экөөбүз кезектеги “кечки кеңешмеге” чогулбайбызбы. — Күн тартибиндеги маселе, балдарды ыймандуулукка тарбиялоо! — дебеймби маселени кабыргасынан коюп. — Балдарың тарбиялуу эле  эшикте жылаңайлак ойноп жүрүшөт. Андан көрө өзүбүз да жылаңайлак кала электе бут кийим маселесин карабайбызбы!? — дебейби келинчегим жыра тартып.