Бака жана кумурскалар

Алтай жомогу Бир мезгилде жалгыз бака болуптур. Ал кичинекей тегерек көлдө турчу экен. Ошол бака тегерек көлүнөн баш көтөрүп секирип-секирип жээкке чыгат, дагы секирип-секирип токойго кирет, дагы секирип-секирип… ошентип адашып калат. Аякка барат, биякка барат. Турак көлүн таппай, акыры кумурскалардын уясына туш келет. Кумурскалар ондоп-жыйырмалап, анын жонуна жармашып чыкты. Анан дагы жүздөгөнү аппак ичине жабыла отуруп алды.

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Бука

ПОВЕСТЬ — Ээ энеңди!.. Мурат сөгүндү. Букасын жалгыз терекке байлап жатып, ушинтип сөгүндү. Терек дөңсөөдө эле. Айылдын жарымы алаканга салгандай даана көрүнүп турчу. Жалгыз түп терек. Мурда бул жерде үй боло турган. Жер там. Азыр ал жок. Терек эле турат. Үйдүн эстелиги. Бир кездеги буркан-шаркан жашоонун эстелиги. Үйдөн дайын жок. Ким тикти экен? Үйдүн ээси тиккенби, же ага чейин эле бар беле? Ким билет, муну азыр эч ким билбейт.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Көрүстөнгө алпарчу жол»

АҢГЕМЕ Эсиңдеби, ошол кышта биздин босогону аттадың. Кыш суук эле. Үйүбүз да… Ошондо сени менен кошо азалуу үйүбүзгө жылуулук кирди. Үйүбүз шаңдана түштү. Атам өлүп, аскар тоом аңтарылып, Айлам кетип, жакшылыктан каңтарылып. Турган кезде үстүмдө кара булут, Кол сунгамын өзүңө караан тутуп…

Томас ФУЛЛЕР: «Жалкоонун тили эч чарчабайт»

(1654-1734), англис адабиятчысы  Ашкана жыты жагымсыз болгону менен даамы кандай сонун. * * * Акчаны акча тууйт. * * * Үйлөнгөнгө чейин көздү чоңурак ач, кийин өзүнөн өзү үлүрөйөт.

БОЙЛЬ Р.

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Англис химиги, физик жана философ Бойль Роберт 1627-жылы 25-январда Ирландиянын Лисмор шаарында туулган. 3 жашында энесинен ажыраган. Илмийген оорулуу бала болгон. Атасы аны 8 жашында Англиянын мыкты колледжине берип, 11 жашында окуусун улантуу үчүн Женевага жиберген.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Ажайып Күндүн алдында»

ЭССЕ Башы мында 1-БӨЛҮМ «Тоо-талаадай, сан миң элдүү калаадай, Бул дүйнөнүн ичиндеги дүйнөмсүң». Омор СУЛТАНОВ 2-БӨЛҮМ * * * Жамгырлуу жаз, жай, күз же кары бурганактаган ызгаарлуу кыш түнүндө, балдар айтмакчы, ошол Турдубек жинди: «Касый байке!» — деп эшик какса, байкем илгиртпей туруп, оозгу үйгө кийирип, курсагын тойгузуп, алдына көрпө төшөк сала, ичигин жапчу. Кайдан-жайдан келгенин ит билиппи, айылыбызда ар кимдин тамын салып жүргөн, арак ичип алганда темтеңдеп же бир жерге жыгылып калбай, өз алдынча сүйлөгөн кейбирге айланган Сейдаба шыбакчы да […]

Самара НАСЫРОВА: «Жүрөгүмдүн чыңырыгын жан укпай…»

Адабияттагы жаңы ысым, жаңы дүбүрт! Азыр ыр жасагандар көп, жараткандары бирин-экин сыягы… А жасалган ыр пыр болуп каларын аңдаганы аз. Аю велосипед тепкенди үйрөнүп алган сыңары: эки сапты уйкаштыргандын көбү өзүн кадыресе акын санап, эл алдына канат жайып ыр окуган «өнөрпоздор» арбыды. Же акын эмес, же артист эмес, айтору, жагымдуу эле ырларын окуп атышкансыйт, үндөрү да шаңдуу, бирок кулакка шак илинер уйкаштыктары эбак жадыбызга сиңип калган, биз мурда угуп, мурда окуп жүргөн акындардын ыр саптары кайталанып аткандай сезилет. Башкаларга кандай […]