Жакыр тикмеч жөнүндө

Еврей жомогу Бир кыштакта жакыр үйбүлө жашаптыр: эрди-катын жана баласы. Эр бүлөсү тикмеч болгону менен жарыбаган акча тапкандыктан, катын-баласы дайыма ач калчу экен. Кара басып тикмечтин катыны ооруп төшөккө жыгылат, көпкө дейре айыкпайт. Күйөөсүнүн дарыгер чакырып зайыбын айыктырууга пулу жок эле. А зайыбынын дарты күндөн күнгө күчөй берет. Өлүм алдында жаткан оорулууну тиктеген күйөөсү да, баласы да жардам берер арга таппай ыйлап отуруп калышат.

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ: «Бакыт… Бакыт…»

ПОЭЗИЯ  Адам менен бир төрөлүп, бир өлгөн, Бушайманга салып, коштоп келесиң. Чакырыкпы болгон-бүткөн жөрөлгөң, Көзгө сүртчү, кандай сенин элесиң? Канча пенде мен бакытка жетем деп, Булут минип, көк асманда чалкыды. Канча жандар жол таптады итеңдеп, Андан арбын көбүк болуп калкыды.

Бурбаки Никола

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Француз математиги Никола Бурбаки 1939-жылдан баштап математикалык эмгектерди жаза баштаган. Бирок баарынан кызыгы – бул жеке адам эмес, Франциядагы бир нече математиктердин расмий эмес корпорациясынын жалпы шарттуу фамилиясы жана ысмы; алар бул фамилияны жамынып формалдуу аксиомалык методдун позициясында туруп, ар кандай математикалык теорияларды жазып түшүндүрүүгө аракеттенишет.

Абдыкерим МУРАТОВ: «Жөнөтүү»

Шиңгил аңгемелер Үй-бүлөлүк сөздөр Рузван баскан палоо желип бүтүп, куран окуп, бата кылышкандан кийин башталды. Баятан бери күтүп турган сөздөр аң алды атасынан чыгат. — Чамаданиңди даярдадиңби? Рузван башын ийкеди. Сөздүн башталышын эле күтүп турган чоң энеси: — Эчтемени унута көрбө. Пулуңу маккам бекит. Кисабирлар алып койбосун. Илгери Момушка той кылган жылы Сейдана миң сомун алдырып коюп Анжиандан пияда келген, — деп өзүнүн дайыма кайталанып айтыла берчү насаатын баштап кирди.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Жаз айынын жамгыры – залкардын көз жашы»

ЭССЕ “Өзүңө ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок”. Чынгыз АЙТМАТОВ “Дал өзүңдөй кайдан билсин кайгымды эл, Ашык көңүл түбөлүк жаш, айдың көл. Сүйүү менен сүргөн күндөр гана өмүр, А калганы жай күндөр”. Муктар ШАХАНОВ “Айланайын Чыңгыз, адабиятта кандай улуу болсо, махабатын жерге берерде да ошондой улуу, чыныгы жигиттигин көрсөттү” деп төбөм көккө жетип турду”. Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Токтош АБЫКЕЕВ: «Ыр токтоткон алтын теңге»

Аңгеме десең аңгеме, жомок десең жомок… Илгери-илгери бир байдын ырдай эле берген бир ат багар малайы болуптур. Ал аттарга жем береби, чөп салабы, ырдаганы ырдаган экен. Аттарды жууп-тарап атса да ырдайт, сайга алпарып сугарса да, аттардын астын тазалап жүрүп да ырдай эле берет. «Э-эй дайдыр-дай, дайдыр-дай… Жүрө берет кайгырбай, э-эй!» — деп ыры такыр түгөнчү эмес экен.

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: «Адамдык кудурет»

ӨНӨРКАНА  Эч ким мени дүйнөгө өзүмдөй айтып бералбайт. Адам аткарган иши, ачкан ачылыштары болобу, айтор, кай тарабынан болбосун, элдин элегинен өтөт. Алардан өзүңдү жашырам деш, акылсыз далбаса. Мен туулган, турган турпатым менен өз китебимдемин.