Цыгандардын токой ээсинен билген жоромолу

Цыган жомогу Те илгерки цыгандардын салты болуптур мындай: эгерде күйөөсү жылкы уурдоого кетсе, зайыбы күйөөсүнүн көйнөгүн алып токой ээси менен баарлашууга жөнөчү экен. Алар чытырман токойго киргенде шуру-мончокторун жерге ныгыра матырып, ага күйөө көйнөгүн байлап коюшуп, андан соң чытырмандуу токой ээсине собол узатышчу дейт:

Абдыкерим МУРАТОВ: «Адабияттын жаназасын окуй турган кез келдиби?..»

Абдыкерим Муратов 1956-жылы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Ош пединститутун бүтүргөн. Биз педагог-жазуучу, адабиятчы, журналистти учур адабиятынын тегерегинде маектешүүгө чакырдык. — Сиз адабиятты изилдөөчү жана орто мектептердин кыргыз адабияты боюнча программаларды түзүүчү катары кыргыз жазма адабиятынын акыркы мезгилдеги тагдыры тууралуу кандай ойдосуз?

Азамат ТӨКӨРОВ: «Бактысыздан экөө болсо, бирөө мен»

ПОЭЗИЯ * * * Бактысыздан экөө болсо – бирөө мен, Бирөө болсо ошол жалгыз бирөөмүн. Төрөлгөнүм үмүт, тилек болгондур, Бирок үнсүз, ыйсыз болот түгөнүүм. Жакшы адамдын кыска болот өмүрү, Менден болсо дүйнө болор безээри… Өлөөрүмдө алсыз соккон жүрөктү, Анык бекен айыптардын эзээри?

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Сүйүүгө Соң-Көл – эстелик»

ЭССЕ Жай саратанында айтылуу Соң-Көлдө болгонсузбу? Анда эмесе, элестетип көрөлүчү. Күн мына-мына тоо артына жашынайын деп турат. Андан кыйгай түшкөн кызгылтым нур көл үстүнө көпүрө салган. А көпүрө кылтылдап бир башкача ажайып көрүнөт. Кудум электен өткөрүп, жээкке кол менен төшөп койгонсуган жыбыраган аппак таштарга майда толкундар тынымсыз тийип качат. Сырдуу шыбыш угулат: Жагымдуу желаргы леп-леп соккон сайын көңүлүң сергийт. Ошол маалда кайдандыр кусалык сезим өзөктү өрдөйт. Тээ бүлбүл көрүнгөн көлдүн өйүзүндө бир жакын адамың жүргөнсүп, умсунасың. Үмүткөр сезим ненидир самайт, […]

Олжобай ШАКИР: «Конфуций, Сократ, Диоген & Галдир»

АҢГЕМЕ Конфуцийди Кун Цю десең да жарашат, Конфуций десең да жарашат. Кандай айтсаң жарашат. Ага баары жарашат. Тиштеринин арасы ачылып, орсоюп турса да жарашат. Бизге жарашпайт. Орсойгон тиштен уялабыз, ооз ачпайбыз. А Конфуций оозун кандай ачса жарашат. Ошонүчүн уяла турган жөнү жок анын. Оозунан чыккан кептин баары терең, биздики тайкы, биздики тайыз. Бизди уят кылган ошол тайкылыгыбыз, тайыздыгыбыз. Тиштерибиз орсоймок түгүл күрүчтөй тизилип, таптатынакай жаркырап турса да жарык чачпайт, биздин оозубуздан акылга шоола тамаар кеп чыкпайт өмүрү. Адам баласына күн […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: «Жубай»

ФАНТАСТИКАЛЫК АҢГЕМЕ Мен жөнөкөй гана электрондук машине­роботмун. Болгону секундасына жүздөгөн миң математикалык амал аткарам. Же болбосо “мээме” жазылган миңдеген маалыматтарды дароо айтып бере алам. Менин атым Жакин. Мени Эрлан ушунтип атайт. Ал адам, ал эми мен болсо машинемин. Ал мени жанындай жакшы көрөт, башкаларга караганда мени жакшы түшүнөт. Анткени, ал мени түзгөн. Бирок мен андан көптү билем. Эрлан болгону менин кайсы топчумду басса, кандай маалымат алаарын гана билет.