Кадинин[1] кызы

Түрк жомогу  Болгонбу, болбогонбу, айтор, адамда кайгы көп эмеспи. Бир кадинин жалгыз кызы болуптур да, ал кыз жеткен өңү-түсү суук, көрксүз экен. Анан дагы жараткан ага акыл-эсти дурустап берген эмес дешет. Ошолордун эле кошунасы болуп дагы бир кыз жашаптыр, анын ата-энеси жеткен кедей экен, а кызы болсо кадинин үйүндө, алардын кызматын кылып жанын бакчу.

«Жүгүргөн  туман» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду  КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын, жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси  эл ичинде   сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын, Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекованын  чыгармачылыгына арналат.  “Жүгүргөн туман” аталган бул поэзия кечеси 2017-жылдын 20- январында  саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт.

Эсенбай НУРУШЕВ: «Терминдерди кыргыздын көмөкөйүнө салып, кайра жасаса болот»

Үтүрдүн үлкөн жүгү — Чолоо тийсе сиз менен кенен-чонон отуруп, тил маселесине байланыштуу пикирлешсем деп жүрөт элем. Бүгүн биртке буяма келип турат окшойт, азын-оолок аңгеме-дүкөн куруп көрбөйлүбү? — Курса куралы, бирок тилдин конкреттүү кайсы өңүтүн сөз кылабыз? Тил деген эми түгөнгүс маселе эмеспи… — Кепти баштай берсек, кызыган сөздү кымыз чыгарат болуп, балким, аңгемебиз өзүнөн өзү жалгашып кетер. — Анда башта…

Абдыкерим МУРАТОВ: «Лимон»

Шиңгил аңгемелер Сыртта суук. Бир топтон бери бурганак тыным албай кыштын каарын кабарлап турат. Бул экөөнө болсо чилденин суугу билинбейт. Жылуу үйдө, калың жууркандын ичинде. — Мелис, баягыдан жегим келип жатат, – Келин күйөөсүнө ыктай өзүнүн жылуу кучагына имере тартты.

Караш ЖАНЫШОВ: Балдар адабияты

ЖАНУЗАК Үчтө жашы кичинекей Жанузак, Үй четинде ойноп жатат жалбырак. Жакын барып бул эмне деп сурасам, “Жарбылак” деп айтып койду балдырап. Ананайын тилиңден деп сыласам, Алайып ал карап калды жалдырап.

Ысмайыл КАДЫРОВ: «Редкеңеш»

САТИРА Котормочу Колжоңбай көрүнүктүү илимпоздордун коңурук жана колоңсо жөнүндөгү эмгектерин которуп басмага тапшырды. Басма кызматкерлери  жакшылап карашты, бир топ маселелерин талашты. Айтор ары кетишти, бери кетишти акыры  китеп кылып чыгарууну чечишти. Редактор карады, редакция башчысынан жарады. Баш сөз, корутунду жазылып, унутта калган жок учурдун талабы. Эми талкуулоо үчүн редакциялык кеңештин мүчөлөрү чогулду, кол жазма алардын элегине коюлду.

Саясат менен соодада эч качан ишеничтен чыкпа

Антуан де РИВАРОЛЬ (1757-1801), француз жазуучусу Адамдар башында бири-бирине канчалык сылык-сыпаа жакындашса, кийин ошончолук жек көрүшкөнгө чейин жетет. * * * Даанышман өз акылына, кудай деген кулпенде көрүнгөндүн былжыраган кебине ишенет. * * * Өкмөт эл ишенимин актаган учурлар тарыхта чанда болгон.

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Үч сом»

АҢГЕМЕ Атайбек баш калаадан келатат. Мезгил кеч күз эле. Таң эрте болсо да айлана кечки ымыртка окшоп, калың тумандын кучагында төнүп жатат. Аба ным, көңүлсүз. Жана автовокзалга келгенде бир аз жеңилдей түшкөндөй болду эле, сарсанаа аралаш кусалык кайра эле жолдогата коштоп келатат… Колуктусу бир айдан бери ооруканада. Төрөттөн кийин сыркоолоп жүрүп, дартка чалдыгып алган экен. Врачтар ушундай дешти. Калыйдын ой-боюна койбой, ушуякка алып келгени жакшы эле болуптур. Жакында операция жасалат, буюрса, бардыгы ордуна келет. Врачтар ушундай дешти…