Карыянын насияты

Адыгей жомогу Бардар жашаган бир адыгейдин жалгыз уулу болуптур. Атасы өлүм алдында жатканда уулун чакырып минтип айтат: «Сага айтар үч насыятым бар, сен аны өмүр бою аткаргының: эч качан саламды биринчи айтпагының; күндө кечинде таттуу тамактан; күндө эртең менен бут кийим жаңырт».

Россиядагы уй боор мекендештерибизден жакшы кабар

«Коом жана Мен» сайтынын «Мекендеш» рубрикасынын бүгүнкү мейманы алыскы Маскөөдө эмгектенип жүргөн акын кыздарыбыздын бири Самара Насырова болмокчу… – Байкашымча, Россиядагы мекендештерибиз кийинки мезгилдерде маданий иш-чараларга көбүрөк көңүл буруп, ал тургай өзүң сыяктуу чыгармачыл чыйырга түшкөндөрдүн алды китептерин чыгарып, авторлук кечелерин өткөргөн саамалыктар байма-бай өтүп келаткандыгы кубандырат. Ушул жаатында кенен токтоло кетсең. Андай иш-чаралар кимдер тарабынан уюшулуп, дагы кандай демилгелер ишке ашууда?

Жолдош ТУРДУБАЕВ: «Сыйлык, наам сый-урматты арттырса…»

«Учу-кыйырсыз асманда каалгый учкан айры куйрук сөөк көмүүгө бараткандарды баштаган төөчөн кишинин төшүндөгү жалтырак нерселерди көрүп таң калды». Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан Бул темада жазарда эки мисалды эстедим. 1) Узак жылдар бою ушул жупуну, бирок жооптуу кесипти аркалаптыр. Бир айдай иштешкенде анын өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын көрүп, ыраазы болгонмун: ар бир сөздүн, сүйлөмдүн эле эмес, бүтүндөй тексттин кемчилигин дароо байкайт, өзгөртүү сунушун редакторго айтмайынча жаны тынчыбайт. Гезит даярдалып бүтпөй кечиккенде, түн ортосуна чейин редакцияда кармалып жүргөн учурлары […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Адам өмүрү — aккан суу»

ЭССЕ  “…Кайрандарым а силер жатасыңар, Терек күүсүн укпастан шуудураган…” Салижан ЖИГИТОВ Орустун эң сонун жазуучусу Василий Шукшиндин чыгармаларын окуп олтуруп, элетте туулуп-өскөн адам сөз жок өз айылын, андагы бири-бирине окшошпогон, бирок бири-бирисиз жашай албай тургандай ынак, азилкеч кишилердин элесин көз алдыга келтирип, жаны жыргап эстебей койбойт. Раматылык чоң атам Керим да чоң тебетей, кат-сабаты жок, кыскасы, көчмөн кыргыз турмушунун акыркы тирүү «экземплярынын» бири эле. Жада калса, кийген кийими да жалаң үйдө, энелеримдин колунан даярдалчу.

Нуралы КАПАРОВ: «Бишкек жөнүндө ода»

I Көзүн боёп, бетин боёп кызыл-тазыл боёк менен, Ашхабадды, Дүйшөмбүнү мурдун чүйрүп тоготпогон, Москванын күзгүсүнө ойсоктоп карансам деп, Москванын тарагына суйсалып тарансам деп, Алматыга кыр көрсөтүп чоёктогон, атыр жыт шаар элең

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Түн

ПОВЕСТЬ Человеческая жизнь – больше ад, чем сам ад. Рюноске АКУТАГАВА — Апа, апа… — Ии. — Сийгим келип атат. — Сийгиң келсе, бар эшикке, сийип кел. — Корком. — Корком? Эмнеден коркосуң? — Билбейм. Корком.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Тулпар тушунда»

ПОЭЗИЯ Артымдагы милдеттерим такымдап, Алдымдагы асыл максат закымдап, Баскан жолдон башка тарап көрүнбөй, Барчусуна баратамын жакындап. Кээде карап Күн төбөдөн тийгенин, Кээде байкап түндө чырак күйгөнүн, Айтор, эптеп аман чуркап келатам Арасында айланкөчөк дүйнөнүн.