Падышанын үч күлкүсү

Тажик жомогу Бир күнү өтүнүч менен келгендердин арасынан те бурчта отурган адам гана падышадан эч нерсе суранбайт. Аны көргөн падыша өз башын сылап койду. А тиги адам таазим эте жүгүнүп, оозун сылады. Падыша өз жүзүн сылады эле, тиги кокосун сылады. Падыша өзүнүн курсагын сылап койду эле, тиги өзүнүн бутун сылады.

Элдияр ЭЛЧИБЕК: «Иззудин»

Бул аңгеме камкор аталарга жана тынчтыкты сүйгөн адамдарга арналат. Автор Үстүндөгү кир басып, майланышкан пальтону желбегей жамынып, улам бир отундун сыныгын чартылдап күйгөн мешке ыргытып коюп, Иззудин үңкүйүп отурат. Узарып, кайра тартылып турган оттун жарыгы караңгы бөлмөнүн бир бурчун жарык кылып турду. Иззудиндин кебетеси кубарыңкы, өтө чаалыккандай. Жарат алган сол колу ийнине чейин тартылып ооруп, сыздатып турганы менен анын кайраты баштагыдай бекем.

Топчугул ШАЙДУЛЛАЕВА: «Азапка салган айыз»

АҢГЕМЕ Таң эртең дааратканага барган  тестиер кыздын эси чыгып кетти. Алаасы бүт кан, кадимки кыпкызыл кан. Кыздын бүткөн бою титиреп, жан айласын таба албай алдастап калды. Бул эмнеси? Кан кийимдеринен өтүп, төшөнчүлөрдү да булгаган. Эч жери деле ооругандай болбоду. Апасына билдирбей бир сыйра кийимдерин которуп кийди. Анан үйдүн артына акырын өтүп, арыктагы кол салса үшүткөн муздак сууга ичиркенсе да жуунду. Жаны бир аз жай алган кыз уйду бадага кошуп келгенче кийиминин дагы булганганын көрдү. Эми эмне кылат?

Хун ЦЗЫЧЕН: «Бакытка куулук-шумдук менен жетпейсиң»

XVII кылымда жашап өткөн кытай жазуучусу жана даанышманы Биздин жашоо куурчактын ойнундай. Тек гана оюн чаташпас үчүн башкаларга карматпай, куурчакты ойноткон жипти өз колубуздан чыгарбашыбыз керек. Куурчакты ордунан качан козгоп, качан токтотушту өзүң сезип, өзүң чечкенде гана оюн чаташпайт. Дал ошондо сценаны тиктегендер сага арбалып турат. * * * Жакырчылыкты босогоңдон кууп чыгыштын кажети жок, тек гана жакырчылык жөнүндө камсанабай койсоң эле жүрөгүңдө ардайым чексиз бакыт, канагаттык пайда болот.

Кыргыз тилин окутуу методикасын негиздеген окумуштуу  — Сатыбалды Нааматов

Нааматов Сатыбалды 1905-жылы Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылынын Балагазы деген жеринде туулган. Кадимки «Манас» жыйноочу Ыбырайым Абдрахмановдон окуп, сабатсыздыгын жойгон. Кийин Ат-Башы айылындагы орус-тузем мектебинен окуган. 1926-27-жылдары Алматыдагы Казак-кыргыз эл агартуу институтун бүтүргөн. 1927-жылдан баштап Кыргызмамбаста редактор, Наркомпросто методист, педтехникумда мугалим, Кыргыз педагогиялык институтунда окутуучу болуп иштеген. 1937-жылы сентябрда жалган жалаа менен репрессияланган, кайсыл жерде каза болгондугу белгисиз. Күнөөсү жоктугуна байланыштуу 1957-ж. акталган.

Абдыкерим Муратов: «Булбул… Алча гүлү… Ай кертими… Жымжырттык…» (Сайгё тууралуу)

же жапон акыны Сайгёну коштоп… Бу киши дегениң шундай экен: өзүмдү тээ атамзаманда сөөгү сөпөт болгон жапон адамы менен байланыштырып алдым да, аны кумар жазышар куштар сырдашыма айландырдым. Кантип эле дейм, ошо 1118-жылы туулуп, 1190-жылы каза тапкан тээ мухиттин ары жагында күн кечирип, дервишчесинен жерооп, журт кезип өткөн киши экөөбүз бир ойду ойлоп, бирнерсеге кайгырып, анан бирдемеге куштарланып калалы деп… * * * Ошондо да ушундай Кызарып Күн чыгып… Түнкү асманды Ай жиреп, шашпай сүзүп…

Сынакка: «Мен акушер-гинеколог болууну каалайм»

Мен ким болгум келет? Мен Базарбаева Айбийке азыр 10-класста окуп жатам жана кесипти тандоого болгон алгачкы чекитимди коюучу учур жакындап, тынчым кетип баратат. Жашоодо эки нерсени туура тандоо керектигин билем, алар – жубай жана кесип тандоо. Сөздүн тереңинде бул нерселер менен өмүрүңдүн аягына дейре чогуу болоруң эскертилген.