Булбул

Кыргыз жомогу Байыркы заманда бир чал булбул менен дос болуптур. Чал мергенчи да, комузчу да экен. Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып алып, токойдон кийик  атып келип  оокатын  өткөрөт.  Токойдо  сайраган  түрдүү  канаттуу куштардын  үнүн  угуп,  үйүнө  келгенде  аларды  тууратып  комуз  чертип, түрдүү-түрдүү күү чыгарат.

Касым КАИМОВ: Ак жоолук

АҢГЕМЕ Дубалда илинген календардын барагында 1978-жыл 1-март деп бадырайган жазуу. Толмочунан келген, багалчак бойлуу, буурул чач Алыбек алакандай барактан көзүн албайт. Эртең мененки оокатты даярдап, дасторкондун жанында олтурушкан уулу менен келинине көңүл бурбайт. Тек өзү менен өзү. Ушул үй, үй-бүлө жана календардын тагдыры тутумдаш. Жыйырма беш жыл мурда, үй жаңы курулуп, актын жыты кете элек дубалдын бооруна календарь биринчи жолу илинген эле. Уулу ошол жылы туулган. Алыбектин өмүр салтына айланган календарды биринчи жолу сатып келип, жаңы бүткөн үйүнүн бооруна кадаган […]

Мусулман медицинасы

«Мусулман медицинасы» аталган бул макала алыскы Прага шаарында жашаган мекендешибиз Амирбек Азам уулунун коом агартуу максатындагы пейил-кую менен колубузга тийип отурат. Мекендешибиз аталган макаланы «Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн National Geographic History журналынан атайы которуп берди. Макала автору – ислам тарыхы боюнча адис, Виктор Паллейа де Бустинза. Учурда ал Испаниянын Барселона шаарындагы Помпю Фабра атындагы университеттин доценти.   Байыркы байтактуу цивилизациясы дүркүрөп өнүккөн арап дүйнөсүн биз бүгүн үстүртөн гана билсек, бул макаланын эң баалуулугу – VII кылымдагы Ислам дүйнөсүндөгү […]