Орайда

Карачай жомогу Бул окуя кылымдардан бери келет. Учкулан капчыгайында чогулган эл балбандардын балбанын аныктоого жыйылган экен. Балбандар көпкө алышат. Акыры Өйдөңкү-Теберд тараптан чыккан Хасан аттуу балбан баарын көтөрүп уруп бозала кылат. Келбети келишип зоңкойгон, кара каш, кара көздүү, чарчоону билбеген неме экен ал. Бир убакта котологондордун арасынан бою зыңкыйган, жүзүнө чүмбөт жамынган бирөө чыгып, Хасан менен күч сынашарын билдирет. Бүйрү кызып турган эл жок демекпи, Тебердден чыккан балбан менен күрөшүүгө кайраты жетээр немени күрөштүрмөк болуп дуулдап калышат. Экөө ортого чыгат. Көпкө […]

«Адабият алсырады, анын ордун баса турган нерсе азырынча жок болууда»

Адабиятчы, жазуучу, профессор Абдыкерим Муратов менен жазуучу жана журналист Мамат Сабыровдун маеги… — Абдыкерим мырза, дүйнөлүк адабият, анын өткөн-кеткени, азыркы абалы тууралуу сүйлөшкөндө бул тармактагы эң атактуу сыйлык Нобелдик сыйлык эске түшөт эмеспи, бул сыйлыкты биздин Чыңгыз Айтматов ала албай кете берди. Азыр бул сыйлык Сиздин оюңузча кимдерге берилип жатат, алар аалам адабиятына кандай салым кошту, сөзүбүздү мына ушул бийик сыйлыктан баштасак…

Бери кара! Наам деп жүрүп өлгөндөр көбөйүүдө…

Эй! Вы там, наверху!  Биз бүгүн рухий жакырчылыкта жашап жаткан элбиз, бирок оңду-солду таратылган мамлекеттик эбегейсиз сыйлык-наамдар толтура. Андан сырткары билимсиздин далайы доктор, профессор, академик болуп алышканына сиздин баамыңыз кандай? — деген меселенин тегерегинде «Коом жана Мен» сайты илим-билим, чыгармачыл чөйрөдө жүргөн инсандар арасында атайы сурамжылоо жүргүзүп көрсөк, жооптор мамындай болду:

Ысмайыл КАДЫРОВ: «Кумшекер»

САТИРА 1988­жыл. Азык­түлүк жан башына ченем менен сатылып жаткан учур. Эртең менен ишке баратсам жолдогу дүкөндүн алдында кылкылдаган кезек. — Арты ким? Эмне сатат экен? — деп сурадым кезектин артындагылардан. — Кумшекерге турабыз. Кечки саат беште сатылат экен, — дешти.

Дүйнөлүк согуштун чыныгы мааниси жана маңызы …

КОЖИНОВ Вадим Валерианович – (1930–2002) Москва шаарында туулган. Адабиятчы, публицист, историософ. Анын «Виды искусства» (1960), «Происхождение романа» (1963) ж.б. көптөгөн илимий эмгектери окуу куралына айланган. В. Кожиновдун публицистикалык чыгармалары көпчүлүк учурда кызуу талаш-тартыштарды жаратып, коомдук резонанска айланган. 1980-жылдан баштап, негизинен, орус тарыхын илимий изилдөөгө өткөн. VIII кылымдан ушул мезгилге чейинки орус тарыхы жана орус сөзүнүн башатын ачууга белсенип, көптөгөн фундаментал эмгектерди жараткан. Тилекке каршы, анын акырына чыкпай көз жумган. Россиянын Армавир университетинде ар жыл сайын дүйнө окумуштуулары катышкан «Кожиновду окуу» […]

Абдыкерим МУРАТОВ: «Өзгөрүү»

Шиңгил аңгемелер Бобордук аянт. Лениндин айкелинин алды. Буерден жылына эки жолу – майрамда «Ура-а! Ура-а!» деп туу, шар, гүл, плакат көтөрүп өтчүбүз. Трибунада тургандарга кол булгалоочубуз. Эми аерге топтолуп, «Ур! Ур!» деп кыйкырчу болдук. Трибунада тургандарга муш көрсөтөбүз. А эртең кантебиз, билбейм?..