«Элди түндүк-түштүккө бөлгөндөрдүн оозун жырыш керек!»

Элди түндүк-түштүккө бөлгөн маанайдагы жарандарды кантип жазалоо керек? Бул туурасында «Коом жана Мен» сайты сурамжылоо жүргүзүп көрдү. Буга себеп болгон окуя: Фейсбук аркылуу Таттыбүбү Доталиева аттуу интернет колдонуучу эларалык «Манас»аэропортуна жакын аймактагы авиакырсыктан улам апаатка кабылып отурган үйбүлөлөргө карата «өздөрүнөн көрсүн, түштүгүнө, үйүнө кетип, ошол жакта жашашсын» таризиндеги курбусуна жазган түркөйлүгү коомчулукта катуу нааразычылыктарды жаратып турган мезгил…

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Өмүр токтоп тургансыйт»

ЭСКЕРҮҮ Жараткан мага комуз чертүү өнөрүн ыраа көргөн эмеспи… Атам деле алынча комуз черте коюп жүрчү эле. Али күнчө эсимде, мектепке чейинки курагым эс тартканы эң бактылуу болду окшойт. Ошондо ушул эле азыр биз этибарга албай таштаган шам чырак бир үйдү жаркыратып турганга жарачу. Атам комузду ашмалтай черте берчү эмес, көңүлү жай болгондо гана анда-санда, эл орунга олтурган маалда колуна алчу. Андайда мен да даяр болчумун. Чөк түштө, үч буроонун жогору жаккы учун оозго салып, аста тиштеп алчумун.

Винер НОРБЕРТ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Америкалык илимпоз-математик Норберт Винер 1894-жылы 26-ноябрда АКШда туулган. 4 жашында окуганды үйрөнүп, ушул эле жашынан баштап ар кандай илимий адабияттарга кызыга баштаган. Атасы славян тилдери боюнча илимпоз болгон. Ал уулуна байыркы жана ошол кездеги тилдерди, математиканы окуткан. 9 жашында түз эле орто мектептин тогузунчу классына отурган. Мектепти бүтүп, Тарте колледжине кирип, аны бүтүргөн. Андан кийин Гарвард жана Корнель университеттеринде окуган. 14 жашында коллежди бүтүп, математикалык логика боюнча диссертациясы үчүн 18 жашында философия доктору даражасын алган.

Таалай АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…»

1-БӨЛҮК Атактуу  жазуучу  Чыңгыз  Айтматов  алгачкы  «калем акысы»  болгон бир  жилик этти орусчадан  кыргызчага,  кыргызчадан  орусчага  которуп, тилмечтик  кылуу  менен  алган  экен.  Жазуучунун  эскерүүсүнө  караганда, бул мындай  болот: Жайлоого  алып  келишкен  зоот  айгырлардын  бири  уу чөп жеп алып, өлүп калат да, ушундан улам жакадан келген орус зоотехник менен  жылкычылар  тил  билбегендиктен,  бири-бирин  түшүнө  албай коюшат. Айла  кетип  турганда,  жылкычылардын  бири  эстей  коёт  да,  беш-алты жаштагы Чыңгызды алып келишет. Жергиликтүү жылкылар уу чөптү жебесин,  ал  эми  зоот  айгыр  аны билбестен  жеп  […]

Решат Нури ГҮНТЕКИН: «Туюк махабат»

АҢГЕМЕ Расим бир күнү кечке маал мектептен келип, бир кат таап алды. Өзүнө келиптир. Ичинде гүлдүү баракка жазылган ушул саптар бар экен: «Расим мырза, мен сизди көптөн бери сүйүп жүргөн бир жаш кызмын. Абдан сулуумун деп тартынбай эле айта алам. Сиздин сүйгөнүңүз, жубайыңыз болсом дегенде эки көзүм төрт. Бирок жашыбыз жетпегендиктен, бир нече жыл күтүшүбүз керек деп ойлойм. Азырынча сизге өзүмдү тааныштырбайм. Каттарыңызды … деген дарекке сурап алма кылып жөнөтүңүз. Атам абдан катаал киши, көчөгө көп чыгарбайт. Бирок бир күнү, […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: «Күн автопортретин бүтө элек»

Ак сакалдын алгы сөз… Эскирген барактагы эскерүүдөн «Мен баягы жаш кезде, өзүм алдуу, көзүм курч кезде жаштарын деле, карысын деле кыя өткөрбөй окучумун. Анан маал-маал өз оюмду айтып койчумун. Маселен, 63-жылы бизде жаштарга арналган бир чоң кеңешме өттү. Мынабу Чернышевка деген ошол кездеги жаңы китепканада. А кезде Касымбеков, Гапаров, Кеңеш, Шабданбай, Кубатбектер, Аман Саспаевдердин кээси жаш, кээси кыйла такшалып калган кездери. Айтор, ошол кездеги жаштардын бир кыйласы шыктуу чыгышты. Анан ошол кеңешмеде бир катар жакшы ойлор, сунуштар айтылды. Жаштарга көңүл […]