…Бийлик элден коркконунан — ишти теңирден тетири жасайт

Людвик БЕРНЕ (1786-1837), немис публицисти    Байрон адамзатын сүйгөн үчүн адамдарды жеккөргөн. * * * Эгерде жаратылыш мыйзамдары мамлекеттин мыйзамдарындай толтура болгондо, анча мыйзамды аткарууга Теңирдин да кудурети жетмек эмес.

Көнөчөк кийген түлкү

Кыргыз жомогу Илгери  бир  кемпир-чал  болуп,  алардын  жалгыз  кара  ую  болуптур. Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү экен. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болот. Кемпир аны мышыктан көрдү да каймакты оозу тар көнөчөкке салды.

Нуралы КАПАРОВ: «Калпычылар»

ПОЭЗИЯ Чындык жетим жери жок бара турган, калп ээледи дүйнөнү кара туман, чынчыл деген кишиң да калптан кошот, чындык азыр чынчылга чала тууган. Кайда барба бет алып тарабыңа, кара туман жол таппай агарууга, оодарылат океан калптан онтоп, калптан качып озондойт шамалы да.

Олжобай ШАКИР: «Кежир чал»

Чал укмуш сүйлөйт экен. Аны менен башында бакылдашып сүйлөшкөнүм үчүн кийин оңтойсузданып калбадымбы. Чалдардын баары эле сүйлөшкөндү жакшы көрөт дешке болбойт тура. Шаар турмушуна көнбөгөн чал сөздү сагынгандыр депмин. Шаарда бук болуп, айылды сагынып тургансыганынан аны аяп, зериккен экенсиң деп аны-муну кеп кылып отургам. Ал дагы көзүн чылк жумуп, башын ийкеңдетсе, сөз тыңшап отурат деп ойлодум да. Угуп отуруп эле, кептин кызуусуну келгенимде: — Балам, эмне иш кыласың? – деди.

Сагын АКМАТБЕКОВА: «Экөө»

ЭССЕ Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды: — Эмне кылып олтурасың, адам? — Эс алып олтурам, а өзүңчү? — Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың? — Көрүнгөн тоонун боорунан. — Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен? — Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей. — Ошол элеби?

О’Генри: «Олуялардын белеги»

О. Ге́нри, чыныгы аты Уи́льям Си́дни По́ртер – америкалык жазуучу, аңгеме жазуунун таанылган чебери. 1862-ж. 11-сентябрда Гринсборо шаарында (Түндүк Каролина) врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Үч жашында энесинен ажырап, эжесинин колунда тарбияланган. Фармацевттин окуусун бүтүп, Техаста ар кандай жумуштарда иштеген. Адабий чыгармаларды 1880-жылдан жаза баштаган. Андан кийин банкта иштеп, акча жетпей калгандыгы үчүн соттолгон (1898–1901). Түрмөдө Портер аңгемелерди жазып, О. Генри деген псевдоним менен чыгара баштаган. Анын «Королдор жана капуста» деген жалгыз романы (сатиркалык икаясы) 1904-ж. жарык көргөн. Андан кийин «Төрт миллион» […]

Өмүрбек КАРАЕВ: «Тирүүлөй жетим»

АҢГЕМЕ Эскилиги жеткен жыгач дарбаза. Шыңгырагы жок. Тоолуу кыштакта кайдан болсун. Эртелеп келишкен жоон топ адам ошол дарбазаны сыртынан тарсылдата берип эстери ооду көрүнөт. Улам бирөөсү келип муштуму менен дарбазаны ургулап калат, үй ээлери ичинде жүрүшсө да негедир дарбазасын ачып, буларды киргизе турган ниеттери билинбейт. Киши жашабагансып, кошуналар тарап да жымжырт. Тургандарына эки сааттан ашты. Акыры чыдамы кетти көрүнөт, бараандуу, салабаттуу көрүнөйүн деп кара момосуй көйнөгүнө кыпкызыл галстук тагынып алган арык чырай, узун бойлуу кишиси кыйкырып кирди: