Ырыстуу

Алтай жомогу Алыс-алыс жакта, асман менен жер ашташкан аймакта, көгүлтүр тоолордун этегинде, кереметтүү сүт көл жээгинде бир бала жашаптыр. Ал баланын бою улактыкындай эле экен. Эки тыйын чычкандын терисинен тумак тигип, эчки терисинен жумшак өтүк ултарган ошол баланын эки бети толгон айдай тоголок. Анан дагы бул бала өмүрү ыйлап көрбөгөн, балким кантип ыйлашты да билбесе керек.

Лев ТОЛСТОЙ: Искусство жөнүндө

Искусство  чыгармаларынын  жакшы  же жаман болмогу – художник эмнени айтып, кантип  айтып  жана  канчалык  жан  дилден айтканына байланыштуу. Художниктин айткандары бардык адамга жарк  эткен  жаңылык  жана  керектүү,  зарыл  нерсе  катары  жетсе,  ал  художниктин көкүрөгүнөн кайнап чыгып, эң көркөм, эбегейсиз  ишенимдүү  айтылса  гана  искусство чыгармаларынын телегейи тегиз болот. Художниктин  айткандары  жарк  эткен жаңылык жана керектүү, зарыл болмогу – художниктин нравалык сабатына байланыштуу, а сабат дегенибиз, художник жалаң кара курсагынын камына эмес, жалпы адамзат турмушуна жабыгып жашоого тийиш дегендик.

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу: «Тизгинжаяр»

Азис окурманым! Ушинтип, Сиздин назарыңызга дагы бир жаңы китеп сунулду – Коом-Мамлекет тууралуу. Сөздүн ырасы, мен бул жакка азыр (азырынча) кайрылбайм го, башка сансалаалардагы саргарып күтүп жаткан иштеримден башым-колум бошобойт ко деп ойлоор элем жана учурундагы узанган кызуу иштерим да ушул багытта эле. Анткени, 2012-жылы жарык көргөн «Теңирчилик. Коом-Мамлекет» китебимде бул маселеге байланышкан ой толгоолорду бир сыйра жыйнактап болгондой элем.

Шакен МАМБЕТАИПОВА: Табият табышмагы

ЖАРАТЫЛЫШ ЖӨНҮНДӨ Оо, дүнүйө, кылгырган, Ойлондуруп ыр кылган, Улуу түндөр, улуу айлар, Убакытты жылдырган. Ойлоп көрсөң калыстап, Дүйнө сыры табышмак. Оюң кетет билүүгө Алыс-алыс алыстап.

Ысмайыл Кадыров: Күндөлүктөгү ой тамчылардан

ЭССЕ Эгерде жука тактайга жоон мыкты каксаң жарып кетет. Ичкесин каксаң өзү ийрейип-мыйрыят. Туура келгенин тандап каксаң гана жымыйта бекитет. Чындык дал ушул сыяктуу. Айтылбачу жерде чындыкты айтсаң, же бирөөнүн жарасына тиет, же өзүңдү жарадар кылат. Керектүү жерде таамай айтылганда гана бутага тийип, чындыктын күчү көрүнөт. Ошондуктан, “сөздү сөз келгенде айтпаса, атасы өлөт” деп бекер айтышпаса керек.

Олжобай ШАКИР: Тилек

АҢГЕМЕ 1 Бишкектин көчөлөрүндө салбырап басып жүрүп жадаганда, китеп дүкөнгө кайрылып, Шопенгауэрдин «Афоризмы житейской мудрости» аттуу белгилүү философиялык чыгармасын сатып алып, Эркиндик гүлзарына беталдым. Ээн скамейкалардын биринен орун алып, китепке үңүлдүм. Улам биринин артынан бири таасир берген кабат ойлор эсимде калар эмес, чөнтөктөн калем алып, ошол экметтердин алдын сызганга өттүм. Көп өтпөй жаныман өтүп бараткан шиштаканын үнү угулду. Менден бираз өтүп барып, кайра кайрылды. А мен китептен баш көтөргүм келбеди. Шиштака мен жакка кадам шилтеди.