Жашында жайран болгон гений

ГАЛУА БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Француз математиги Эварист Галуа 1811-ж. 25-октябрда Парижге жакын Бур-ла-Рен шаарында туулган. Лицейде окуп жүргөндө (17 жашында) үзгүлтүксүз бөлчөк жөнүндөгү биринчи илимий эмгегин басма сөзгө жарыялаган. 1829-ж. Париждеги Политехникалык мектепке экзамендерди ийгиликтүү тапшырган, бирок кабыл албай коюшкан.

Эки биртууган

Еврей жомогу Бири кедей, бири бай жашаган эки биртууган болуптур. Бир күнү байгер жашагандын үйүнө түнөп кетүүнү суранган жолоочу келет. Кийимине караганда: жакыр өңдөнөт. Бай анын түрүн көрүп: «Үйүмдө орун жок, чыгып кет!» — деп сетиркенет. Жолоочу аныкынан чыгып, кедейдин үйүнө башбагат. Кедей болсо жолоочунун курсагын тойгузуп, алдына төшөк салдыртып берет. Эртеси таңда жолоочу батасын берет кедейге:

О’Генри: «Акыркы жалбырак»

АҢГЕМЕ Вашингтон аянтынын батыш тарабындагы анча чоң эмес кварталдын көчөлөрү өткөөлдөр деп аталган кыска жолдор менен кесиле турган. Бул ийри-муйру өткөөлдөр таң калычтуу булуң- бурчтардан турар эле. Мындагы бир көчө өзүн-өзү эки жолу кесип өтөт. Кайсы бир сүрөтчүгө бул көчөнүн абдан баалуу бөтөнчөлүгүн ачуу буюруптур. Боёк, кагаз, картина алайын деп чыккан сүрөтчү бир тыйын коротпостон кайра келгендигин элестетип көрүңүзчү!

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Казак боорума кат»

Мына, Чүй дарыясын бойлой тикенек зымдан куралган «сепил» пайда болгонун баарыбыз көрүп келебиз. Кезегинде мындай заардуу тосмо,  балалыгым өткөн Ак-Сай өрөөнүндө СССР-Кытай чегарасын ажыратып турар эле. Азыр эми эсил кайран союз кулагандан бери чейрек кылым өттү, анын бири жок, тосмонун изи жок. Деги ар кандай тосмо, коргон менен абаны, сууну, кушту, ошол куштай кайкып учкан адам көңүлүн, кыялын, сүйүүсүн… токтотууга болобу, боорум!

Ысмайыл КАДЫРОВ: «Бири-бирин аңдыган кыргыз»

Турмуштук азилдер Кайсы бир учурда ар кайсы улут өкүлдөрүнөн экиден кишини терең орго салышыптыр. Кароолчу коюп, капкактап бекитишиптир. Бир гана кыргыздар салынган орду кароосуз калтырышыптыр. Сынап көрөлү дешкен го. Мүмкүн билишсе керек, кыргыздар баары бир чыкпасын. Бир кыйла мезгил өткөндөн кийин келип карашса, башка элдердин бири да жок дейт. Бирөөлөрү ордун түбүн үңүп казып, бирөөлөрү кароолчунун тилин таап, айтор ташты жарып өскөн чөп сымал, жашоо үчүн жандалбастап эчак эле жол таап ордон чыгып кетишиптир. Ал эми эки кыргыз отурат дейт […]

Таалайбек АБДИЕВ: «Салижан Жигитовдун жоруктары»

Бир жолу Мухиттин Гүмүштүн кабинетинде отурсак, Салижан абам келип калды. Бир аздан кийин башка түрк мугалимдер да келишти. Салижан абам аркы-беркини сүйлөп, адатынча баарыбызды күлдүрүп отурду. Бир кезде түрк мугалимдер ага проректор катары арызданып калышты: «Салижан бей, бул жердин полистери (милициялары – Т.А.) эмне деген адамдар? Жөө чыксак, өзүбүздүн документтерибизди текшерип, акча алышат. Машина менен чыксак, анын документтерин сурамыш болуп акча алышат».