Акындын тагдырында — Ысык-Көл

«Кыялымда көл турбаса шарпылдап, Ырларымда анда кандай касиет…» Кыргыз бермети Ысык-Көлсүз Кыргызстандын табиятынын толук сулуулугун элестетүүгө мүмкүн болбогондой эле, акындардын алпы Алыкулсуз кыргыз поэзиясы жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Бул эки көрүнүш, бул эки кубулуш бири поэзияда, экинчиси табият дүйнөсүндө биринин тереңдигине экинчиси, биринин бийиктигине экинчиси далма-дал келген, теңме-тең келген, илимдин тили менен айтканда бири-бирине конгениалдуу көрүнүштөр, конгениалдуу кубулуштар. Эң кызыгы, бул эки көрүнүш эриш-аркак айкалышып бирин-бири толуктап, бирин-бири ачып, бирин-бири жаратып, рухий жактан бир бүтүндүккө айлангандыгында. Эгер Ысык-Көл болбогондо, […]

Жарганат

Алтай жомогу Азыр жарганат караңгыда гана учарын билесиңер. А бир убакта ал күндүз да учуучу экен. Бир күнү ал шаңкайган ачык асманда эртең менен ойкуп-кайкып учуп жүрдү. Аңгыча аны көздөй көк карчыга[1] жете келди: — Кутмандуу күнүңүз менен, урматтуум! Акыры ушинтип жолугуштук, мен сени төрт жылдан бери издейм! — Мениби? Кандай жумуш менен мени издештирип калдың? — Бардык канаттуулар өз балапандарын куштардын урушуна жиберет. Бир гана сен аларыңды канатыңдын астына калкалайсың. — Менби? Мен эмне канаттуумунбу? – Ошентти да жарганат […]

Көп дос күткүсү келген адам бир да доско татыксыз

Фридрих ГЕББЕЛЬ (1813-1863), немис драматургу     Кудай-таала бала сыяктуу: кааласа колундагысын берип коюп, кайта тартып алат. * * * Диндин эң жакшы жери – акыры барып динге каршы көзкараштагыларды жаратат. * * * Адабиятта арким өз алдынча ачылыш жасап же бирдеңке жараткысы келет. Ыр жазуу кимисинин колунан келбесе, ошол жазмакер акындардын бүйрүн көбүрөк козгойт. * * * Айрым лирик акындардын жүрөгүндө булбул эмес, күкүк уялайт. * * * Өлкө башкаргандар менен Кудай-таала биздин сокур ишенимде жашообузду каалайт. * * […]

ГАУСС

Билгенден билелегиң көп Немис математиги Карл Гаусс 1777-жылы 30-апрелде Германиянын Брауншвейг шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Иоганн Фридрих Карл Гаусс. Атасы Герхард бакчы, жол мастери болгон. Энеси баласынын кичинекей кезинде эле укмуштай жөндөмдүү экенин байкаган. Ал өмүр бою баласы менен абдан сыймыктанган. Таякеси Фридрих баланын жөндөмдүүлүгүн эрте байкап, анын илимге эрте кызыгышына көп өбөлгө түзгөн. Математиканын тарыхында Гаусстай математикага өтө эрте берилген бир да адам жок. Бир жолу ишемби күнү атасы Герхард Гаусс жумушчулар үчүн акча төлөө ведомостун түзүп жаткан […]