Төлгөчү кемпир менен токой ээси

Цыган жомогу Көчмөн цыгандардын тобу жол жүрүп бараткан жерден кооздугу укмуштай токойго токтойт. Айлана толо шалбаа. Чөбү чабылып, көк кыртышы кайрадан кылайган жерге жеткенде топ башы үн катты: – И-и, ромалэ[1], шул жерге токтойлу. Аттарды арабадан чыгарып, бир азга чалдырып[2] алалы. Кыштакка жетүүгө көп бар, бирак бу жерге түнөбөйбүз. Болгону дене бой жазып дем алгыла! Аттарды арабадан бошотуп, көк шиберге откозушту да өздөрү от тутантып, самоорго чай коюп өзөк жалгамак. Цыгандардын бирөөсүнүн барып турган сулуу кызы болуптур. Ал кыз алыс […]

Чөнтөк телефондон окуй албай жаткандарга

Жаңы сайтты чөнтөк телефондон окуй албай жатабыз деген билдирүүлөр болууда. Биз бул билдирүүлөр менен таанышып, бардык себептерди караштырдык. Анын бир гана себеби мынабул болушу мүмкүн деген тыянакка келдик: Сайтты чөнтөк телефондон ачканда солдон өйдө РУБРИКАларды ача турган үч таякчадан турган кичи белги турат. Төмөндөгү сүрөттө ал жашыл жебече менен көрсөтүлүү. Аны бассаңар, бүт экранды жаап кала турган рубрикалардын тизмеги көрсөтүлгөн кара түстөгү терезече ачылат. Көрсөтүлгөн рубрикалардан сизге керектүүсүн басасыз же рубрикаларды тандагыңыз келбесе, анда ошол терезеченин оңдон өйдө жагындагы крестти […]

Жулия АЛЬВАРЕС: «Арбактар кайда кетишет?»

Ким бирөөлөр өлгөндө, Жан кайда учат – бир арман? Сураштырсам мен муну Чыгар бекен билерман? Шамал менен кошо куушуп кетеби? Шамал жеткен жерге алар жетеби? Арбактар да тамчы болуп себелеп, Жаным ачып мен ыйласам чыңырып: Көктөн жааган ак жамгырдан калышпай, Шорголойбу көз жаш менен сыгылып? Булут болуп кубулуп Алар мүнөт, сагатта: Турна, Мышык, Бийчи, Гүлгө Айланабы заматта? Дарыяга бой таштап, кошулабы деңизге? Таманымды бүлкүлдөп Кытыгылап толкундар ойготобу күрпүлдөп? Алар эрип оболу, Жуурулушуп кар менен Муңдуу, муздак болобу? Арбактар да ак […]

Абалардан акыл мөөр

ТОЛУБАЙ (XIV к.), сынчы-көсөм Журт – мазар, Журттан чыккан азар. * * * Чаң созулат тамандан, Жакшылык келбейт жамандан. * * * Кактабагын жетимди, Какпа, сокпо жесирди. * * * Өткөн өмүр – аккан суу, Калган көңүл – чыккан жан. АСАНКАЙГЫ (XIV-XV), көсөм Атадан каргыш алган оңбойт. * * * Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт. * * * Зордун түбү кор болот. * * * Жакшылык иш – адамдан, жамандык иш – айбандан. Калыгул БАЙ уулу (1785-1855), акын жана […]

Касым КАИМОВ: «Күтүлбөгөн жолугушуу»

АҢГЕМЕ Түш чен. Аксакалдын тыныгуу убагы. Ал тыныкпай эле оокаттанып отурган. Жумуш күнү ортосундагы бир саат убакытты өзөк жалгоого жана аны менен бир учурда дем алууга пайдалануу көнүмүшкө айланганы үчүн гана тыныгуу убагы деген жалпы түшүнүктөн чыга албай жүрөбүз. Бул туура эмес, оокаттануу жана тыныгуу эки башка нерсе. Оокаттануунун өзү жумуш. Ыгын билбеген киши тамактануу учурунда эле чарчайт. Көп жесе кеселге чалдыгат, аз жесе ачка калат. Ал эми шашып-бушуп тамактанып, ошо бойдон карбаластап жумушка кирген киши жинигүүгө мүмкүн. Аксакал кызматчы, […]

Аким КОЖОЕВ: «Хоспистин тургундары»

АҢГЕМЕ Ал бул сөздү айтуудан мурда менин кагаздарыма көпкө чейин үңүлүп, кайта-кайта окуп чыгып, анан оор күрсүнүп бир топко чейин унчукпай калды. Кабагы чытыла түшкөндө иштин жаман экенин дароо түшүндүм. — Эми мындай байке… буга чейин көп дарыгерлерге кайрылыпсыз. Бирок бирөө да ачык айткан эмес окшойт. Муну жашырганда эмне, баары бир билесиз да… — Эмне, ра-к-пы?! Жашы бир кыйла кичүү дарыгер менин оорума өзү күнөөлүүдөй акырын башын ийкеди. Көптөн берки түкшүмөлүм туура чыкканда, денем «дүр-р» дей түштү да, ушул азыр […]

Нуралы КАПАРОВ: «Жибек аял»

Кыш эле кычыраган, бороон эле. Күз эле күтүрөгөн, шамал эле. Оо ал бир орой эле, орой эле, оо анда көптөр чыны чабал эле. Жалтанып койгон эмес бычагыңан, мылтыктан, чокморуңан, ушагыңан. Туткунун жеңип далай көр турмуштун, кебелбей чыккан азап тузагынан. Төкмөнү төкчү кээде нөшөрлөтүп, кара сөз жазчу кээде өчөңдөтүп, бир чыгаан болот эле бул ойронуң талантты бербегенде кечеңдетип. Ырдаса ыры мукам үнү булбул, иштесе оозу дудук, жаны дулдул. Ичкенде булбул да жок, дулдул да жок, бука баш айбан болуп калчу кургур. […]