Феба ГИЛТОН: Жоктон барды жараткан чоң ата

Жусуп бөбөк кезинде чоң атасы неберем жылуу-жумшак жатсын, жаман түштөрдү көрбөсүн деп, ага аябай кооз шайы кездемеден жууркан жасап берди. Жусуп чоңойгон сайын кооз жууркан эскирип отурду. Бир күн апасы Жусупка айтты: «Уулум, жуурканыңды карачы. Ал тамтыгы чыгып эскирди. Өңү өчтү. Бүтүн жери калбады. Эми аны ыргытчу убакыт келди.” Жусуп апасына: «Чоң атам оңдоп берет»,- деп жуурканды чоң атасына алып барды. Чоң атасы «ыммм» деп ичинен күңгүрөнүп, жуурканды ары айлантып, бери тегеретип көрдү. Кайчысы менен жуурканды узун-кыска, төрт чарчы кылып […]

Мамат САБЫРОВ: Моке

АҢГЕМЕ (Досум Таалайбекке) Менин чоң атам Дүйшөнаалы, Абдырахман абам болсо Дүйшөнаалынын бир тууган иниси. Биз Моке деп койчубуз. Ошо Мокем бир жолу Кочкорго барып, малга туз алып келейин десе чоң атам эки төөнү комдоп, атка мингизип жибериптир. Кудайдын күнү аябай ысык кезде Мокем Кочкорго барып, суусаганда базарга кайрылат. Чакан базар да. Бир келин жыйырма литрден чоңураак жашыл мискейге кымыз куюп, сатып отурган экен. «Балам, келе кымызыңан» – дейт. Эки чоң кесени ичкенден кийин кымыз жакшы экен да, аябай жагыптыр. «Чөнтөгүмдө […]

Кален СЫДЫКОВА: Акыйкатты туу туткан…

Кыргызстандагы жалгыз университетти 1982-жылы бүтүп, иш издеп барбаган жерим, кирбеген эшигим калбай чарчап-чаалыгып, капа болуп, зарыгып күтүп, бала менен үйдө отуруп калдым. Үйгө батпай буулугам. Асмандын башын эңсеген романтикалуу жаш курак, чиркин. Же эл сыяктуу колдоп коюучу белдүү куда-сөөк, тууган-туушкан жок. Даттанар карапайым ата-энем, кайын ата, кайын энелер өз түйшүгү менен айылда. Аргам түгөндү. Эрмегим чыгармачылык менен алектенип бирдемелерди тынбай жазуу. Ошо кездеги Кыргызстандын биринчи секретарынын жардамчысы болуп иштеген капитан Курман Мусаев жолумду ачты. Кудай жалгап кайсы бир күнү капыстан […]

Евгений ВИНОКУРОВ: Канатсыз поэзия болбойт

«Канат неге жаралганын унутпасын ылайым». Ф. ТЮТЧЕВ Канатсыз поэзия болбосун биздин мезгилде унутуп коюшту, акындар «канат неге жаралганын» жадынан чыгарды. Азыркы акындардын ырлары жерден боорун көтөрө албайт, турмуштун майда-бараттарынын туткунунда калган, «учалбайт», канаты кыркылган куштай кара жерде сойлоп жүрөт. А ырдын түпкү насили адам рухун көтөрмөлөп, көккө алып чыгуу эмеспи. Бир кезде Бодлер акындарга кайрылып, минтип жазган: «Сенин калдайган канатың паска түшүрүп, караламан калк катарына батырбайт, митаамдардын «мыйзамына» баш ийбейт» («Альбатрос»). Арийне азыркы айрым акындар поэзиянын асыл наркына жат экендигин […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Көр казгыч

АҢГЕМЕ Күн сайын таң эртең менен айылдан районго жылган сары автобустун ичи жыкжыйма жүргүнчү. Бири базарга, бири ишке, дагы бири жөн эле шаарга түшүп келгенге жөнөп алышкан. Тоо таянган айылга каттаган автобустун шопурлары ар дайым наалыганы наалыган. Анткени автобуска чыккан жүргүнчүлөрдүн жол кире акысына пул бергени аз. Көбү бир ууч кургак өрүк же алма, сүт, айран, айтор болгон тамак-ашын көтөрүнүп, жол акынын ордуна ошол көтөрүнчөктөрүн шопурларга сунушат. Айрыкча жүргүнчүлөрдүн улгайгандары. Мындайда шопурлар эмне кыларын билбей сөгүнүп-кагынып, баклашкаларга куюлган айран,сүттөрдү, политилен […]

Жалкоо ханды жеңген амалдуу жигит

Бурят жомогу Илгерки бир замандарда хан болуптур. Ал эмне кыларды билбей абдан эле зерикчүү экен. Ошол жыпык көз хандын аты Олзой эле. Эригип отуруп, ал бир күнү кол алдындагыларга мынтип буйрук кылат: — Эгер ким болбогонду болгондой айтып, мени ишендире алса мен ага бир табак толо алтын берем! Ушул сөз элге тарап, ар ким ар кеп айтып, акыры кезек хандын набайчысы Малаасгайга да жетет. Ал ханга кирет да, мындай дейт: — Хан ата, менин атамдын узун муруту бар. Ошол муруту […]

Ба ЖИН: Кулдун жүрөгү

АҢГЕМЕ Кытай адабиятынын корифейи. Сычуань провинциясынын Чэнду шаарында туулган. Кытай адабиятында жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер катары белгилүү. 1985-жылдан 2005-жылга чейин Кытай Жазуучулар союзунун төрагасы болгон. Ба Жин 70 жылдык адабий чыгармачылыгында 26 томду, башка элдердин адабиятынан 10 томду которгон. 1923-жылы Нанкин улуттук институтуна тапшырган. 1927–1929-жылдары Франциядан билим алган. Ушул эле жылы Кытайга кайрылып келип, 1934-жылы Жапонияга билимин өркүндөтүү курсуна барып, 1935-жылга чейин окуган. Бир нече чыгармасы башка тилдерге которулган. Чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер Кытай кинематографиясынын казынасына зор салым кошкон. […]

Борис Пастернак: Күчтүүнү жүзү каралар менен алсыздар жеңет

1958-жылы Борис Пастернакка адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылат. Мына ушул күндөн тартып акынга бүткүл СССР боюнча куугунтук уюштурулат. Бийликтегилер ортомчу жиберишип, артынан түшүүлөр токтош үчүн сыйлыктан баш тартуусун талап кылышат. Борис Леонидович сыйлыктан баш тартат. Төмөндө сиздерге Пастернактын Нобель сыйлыгына татыктуу болгон “Доктор Живаго” романындагы кээ бир учкул ойлору менен тааныштырабыз. Адабият аткаминерлери романдан советтик түзүлүшкө каршы эмнелерди тапканы балким, ушул ойлордо катылып жаткан чыгар…  * * * Адам жашоого даярдануу үчүн эмес, жашоо үчүн төрөлөт. Биз өтө жакшы көрүп, […]

Сынакка: Үй-бүлөнүн кыздарга жакшы тарбия берүүсү, коомго жакшы аялзатынын келүүсү

№4 Адам космоско жетип, акылынын чеги аалам чапчып турган бүгүнкү күнгө чейин аялзатына болгон мамиле айрым элде дагы деле байыркы замандагыдай болуп келет. Мисалы, Африкадагы Чад деген мамлекетте, Сомалиде, Малиде, Борбордук Америкадагы Гватемалада, Афганстанда, Пакистан, Ирак, Индиянын айрым жерлеринде кыз-келиндер кордолуп, басмырланып, кемсинтилип, зордук-зомбулуктун бутасына айланган. Ал жерлерде кыз болуп төрөлүп калганы үчүн гана азап тартышат. Ошол кыз акыры анын энеси боло тургандыгы эч кимдин оюна да келбейт. Батыш өлкөлөрүндө аялдар эркектер менен тең укукта. Андай бакытка ошол өлкөлөрдүн кыз-келиндери […]

Таалайбек АБДИЕВ: Сүзгөндү билбеген кишини сууга ыргытпа (3-маек)

1-МАЕК жана 2-МАЕК ушул шилтемелерден ачылат…  – Салижан Жигитов менен курган маектеримдин биринде ал киши: «Назым Хикмет сүрөттү кисти эмес, шыбабыра менен дубал бетине балпайтып тарткандай тартып, бирок деталдарын жакшы иштеген эмес. Алыстан жакшы кабыл алынат, а которуп келсең, өксүгөн жерлери көзгө даана урунат. Мен ошол жерлерин кыргызчада жакшыртып койдум» дегени бар. Муну кепке кыстарып отурганымдын себеби, өзүңүздүн «Котормотаанууга киришүү» аттуу эмгегиңизде Хикметтин «Мажүрүм талын» котормо жанрындагы көзгө басар айырмачылык катары кыстара кеткен экенсиз. Жалпы окурман үчүн Салижан акенин ошол эмгегиндеги […]

Оскар УАЙЛЬД: Сүйүү жөнүндө акындар көп алжый берип, ишенимден чыкты

Оскар Уайльддын башка афоризмдери береги шилтемеде: АЙЫРМА Ишенимге дин кандай муктаж болсо, атеизм деле ошол. * * * Биздин доорду идея эмес, абройлуулар башкарып калды. * * * Коомубуздун кайсы катмары акча жөнүндө көп ойлонот? Байлар эмес, кедейлер. Кедейлер күнү да, түнү да акчаны ойлоп, ичкендери ирим. * * * Орусияда реформадан башканын баарын жасаса болот. * * * Дүйнөдө эң зор окуя эмне? Адам баласынын мээсиндеги өзгөрүү. * * * Ким бирөө ишеним үчүн жан кыйгандан эле чындык далилденбейт. […]

Эгемберди ЭРМАТОВ: «Уч, учуп кет, жерди ыплас унуткун!»

МЕНДЕГИ «МЕН» (Ыр түрмөк) I Жөлөп-таяр, жанын берер жан жолдош Адамың жок акак-талаада калдыңбы? Кыйын күндө сатып кетет жаман дос, Тең бөлүшпөйт азабыңды, кайгыңды. Ат көтөргүс арманың көп ичиңде, Сыр алдырбай, айгай салбай токтоосуң. Бир чөгүн суу бербейт бирөө ичерге Ойлойт: «Мейли алдан тайып жок болсун!» Чөкпө, жашып ойго өзүңдү алдырба! Өлүү дүйнө өлбөстүккө алпарбайт. Рухуңду көмүп салат тар жерге, Аркан менен жылбас кылып аркандайт. Көпкөк бийик асманың бар, унутпа! Ошол жакта сенин башат, угутуң. Көрпенделер камап койсо туюкка, Уч, […]

Мамат САБЫРОВ: Ант

АҢГЕМЕ Үстүндөгү кители, погондору эскирип, күнгө оңуп кеткен ак чач капитан улам бет аарчысы менен чекесиндеги терин сүртүп коюп, мени участка менен тааныштырып жүрдү. – Ылдый жакта Ойрон деген бир айыл бар. Балдары шунчалык бейбаш, жат киши баргандан заарканат. Той-топурга эмес, патаага барган кишилерди дагы чекеге сүйрөп чыгып, токмоктоп ташташат да. Бир жолу Араван жактан жуучулар келишсе, мас балдар машинасын токтотуп, ичиндегилерди аксакал эле девей, аял киши эле девей жанчишиптир. Шонон кийин беш жылдай Ойронго жуучу кевей, мектепти бүткөн кыздар […]

Кожо жана анын эшеги

Кабардин жомогу Илгери дейт: жер үстүндө шайыр-шатман Кожо деген жашаптыр. Анын кылык-жоруктары эл оозунан түшпөптүр. Бир мерте анын эшеги жоголот. Кожо аны издеп жөнөптүр. Көпкө издейт. Таппайт. Жер жуткансып жоголот. Күн батайын деп калат. Күүгүм да кирет. А эшек жок. – Э кудай, сага сөз берем… – дейт Кожо, – эшегимди таап бере көр. Агер таап берсең, эшегимди эртең эле базарга апарып бир сомго сатат элем. Ушуну айтаары менен эшеги бадалдын арасынан чыга калат. «Йе, кашайгыр, каяктан сөз бере койдум […]