Чоюн аалымдын Баш Мыйзам долбоорун сунуштайбыз: Концепция удулу

«КЫРГЫЗ ЭЛ» РЕСПУБЛИКАСЫ Атаңдан калган Кашка Жол – Андай болбойт башка жол! Элден Биз жаңырган мамлекеттин аталышын эми КЭЛ – «Кыргыз Эл» республикасы (республика «Кыргыз Эл») деп атайбыз. КЭЛ болгону – «Кыргыз Эл» Республикасы дегендин кыскартылышы, биринчиден, КЭР (КНР) болуп берилет, б.а. Кытай Эл Республикасынын аталышына окшоп калат, биз ошону кайталабайлы дегенибиз; экинчиден, Кыргыз тарыхында, философиясында «Эл» жана «Мамлекет» деген түшүнүк бөлүнбөй чулу турарын билдик, демек эки угум тең, б.а. «Эл-Мамлекет» бирин бири алмаштырат; үчүнчүдөн – КЭЛ аталышы кыргыздын «Кел-Кел» […]

Ээсин тапкан ит

Бурят жомогу Тайга деген жер болот. Токойлор, жыш дарактар, карагай-кайыңдар, бадал-черлер. Анан өтө көп жан-жаныбарлар. Ошол Сибирь жактарда андай чексиз аймактар көп. Бир кезде кыргыздар да аерлерде жашаган дешет. Ал эми бурят эл жомогу мынтип айтылат. Ошол жерди турак кылган бир ит илгерки замандардын биринде өзүнчө ойлонуптур: «Жалгыз жашаган жанга батты. Эң эле тайбас, тартынбас, күчтүү жаныбарды табайын да, ошого дос болоюн, анан ошону менен түбөлүк жолдош катары күн өткөрөйүн». Ошентип ит дос издеп токойго чыгат. Биринчи болуп коркок коёнго […]

Таалайбек АБДИЕВ «Апаӊды атаӊа пардаз менен көрсөт» дейт (2-МАЕК)

(1-МАЕК) ушул шилтемеде… – Убагында Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» аттуу тандалма ырлар жыйнагы «Сорос» фонду тарабынан англис тилине которулганына кубанып, тебетейибизди көккө ыргыта сүйүндүк эле, кийин мага англис тилин мыкты билген досторумдун бирөө Алыкулдун ошол тандалма ырларын которууда кетирилген алешемдиктер оголе арбын экендигин айтып келгени бар. Андагы интерпретацияларда айрым поэтикалык ойлор бурмаланып калган жерлерди атайы белгилеп койгон элек. Сиз ошол китепти карап көрбөдүңүз бекен? Маселен, «Эне тили» аттуу ырында «тил» жөнүндөгү маани биологиялык кызыл эт маанисинде которулуп жүрөт деп калды эле. […]

Идрис Шах: «Кожо Насирдин ким болгон?»

ДИЛАЗЫК Анын кимдигин эч ким билбейт. Качан, кайда жашаганын да. Тек эл өзү аркандай мүнөзгө, аркандай мезгилге моюн сунбаган адамды аңсап, ошондой кишинин образын жаратып алса керек. Бери дегенде суфийлерге адам эмес, идея керек сыяктанат. Ошондуктан алар ойдон чыгарылган өмүр таржымал тургай, тиги дүйнө жазмышын да кыялдан жасаган. Өтөле тыксансып тырышкан майда адамдарды да «майкандап» чыга келген Кожо Насирдинден окумуштуулар да озгун ойлорду таап, дүйнөнүн түркүн түрмөгүн жандырат. Ошонун эң начары деле Насирдин бар экендиги чын болсо, оюн ойготуп, жүрөгүн […]

Өмер Сейфеддин: «Үч насаат»

АҢГЕМЕ Дурмуштун бул дүйнөдө апасынан башка эч кими жок. Колу да жука. Бирок жаш, ал күчкө толуп турган маалы. Эки өгүзүнүн бирөөсү өлгөндөн бери жер иштетип жан багуу мүмкүн болбой калды. Акча таап, чарбасын кайрадан иштетүү үчүн гурбетке[1] барууну туура көрдү. Гурбет дегени Стамбул. Айылда кимдин иши жүрүшпөй, ити чөп жебей калса Стамбулдун каалгасын какмай. Кийим-кечесин ийнине арта салып, колуна таяк таянып, гурбетчилердин катарын толуктап жолго чыкты. Бел ашты, суу кечти, акыры өлгөн-талганда Стамбулга жетти. Эки күн жердештеринин чайканасында кыларга […]

Бекташ ШАМШЫ: Өрүк комуз

АҢГЕМЕ Бу чалды көргөн-билгендердин көбү, «а, баягы алкештердин атасыбы?» дешчү. Жашы токсондон ашкан чал эки-бирдей уулунан тирүүлөй ажыраганын билген соң, бүт дүйнөсүн комуздан издеп калган. Чалды балдарына чейин эле эрчише келген эки жамандык белге тээп баса берди. Бири – бейиши болгур кемпири болсо, бири кулунчагынан куунап чоңойткон — Жээрде кашкасы эле. Кезинде дубан жарган күлүктүн ичээр суусу, батар күнү түгөп, тарамышы көк тартып баратканы көп болгон. Кемпиринин кара ашында союп салалы дегендердин сөзүн жакын жуутпай койгон чал, эртели-кеч сыртка чыгып, […]