Бурундук[1] кантип кооз кийинди?

Алтай жомогу Кыш бою күрөң аюу чээнде уктап жатты. Сары чымчык жаз келгенин кабарлап ырын төгө баштаганда гана ал өзүнө келип, караңгы ийинден каалгып чыгып, алаканы менен күндөн калкаланып, чүчкүрүнүп, өзүнө өзү каранды: — Э-э-э, мен кандай гана арыктап калгамын… Узак кышта эч бир наар алган жокмун да… Анын сүйүктүү азыгы – кедр жаңгагы. А эң эле жакшы көргөн кедри өзүнүн эле чээнинин жанындагы алты кулач алп дарак. Бутактары абдан жыш, ийне жалбырактары жибек сымал жалтырайт, анын арасынан тамчы жаан […]

Өзүбек АБДЫКАЛЫКОВ: Он үчүнчү билет

АҢГЕМЕ Ошентип,  студенттик  жылдар  көзгө  илешпей шакылдап өтүп, университеттин эшигинин алдында төртүнчү жылдын жаз күндөрүнүн жолун таптап жүргөнбүз. Бүтөргө  эми  ушул  жаз  өтсө  бир  жыл  калат. Аман-эсен  болсок, эмдиги  жылдын  ушундай жазында бүтүрүүчү болобуз. Анан кудай буюрса, колго диплом тийсе, «мектепте мугалимбиз да» дей турган кез да келет. Жакында айрым сабактардан экзамен башталат. Окумуш  этип,  санаа  тартып  ары-бери  караганча ошол жаздын жагымдуу күндөрүндө бере турган сынактардын үчөөнү да тапшырып жибердик. «Жаман эмес, колхоз «кеңеш» дегендей,  берип  чыккан  сынактардын  баалары өзүм […]

Диндин бир түрү – апийим, себеби дин экөө эгиз сыяктуу окшош

Генрих ГЕЙНЕ (1797-1856), немис акыны   Баардык улуу акындардын чыгармаларында ортозаар каарман болбойт. Кайсынысы болбосун баш каармандай көрүнө берет. * * * Адабият тарыйкасы узун өлүкканага окшош. Ага кээси эң бир жакын адамын, кээси дайынсыз жоголгон тууганынын сөөгүн издегенсип кайрылат. * * * Генийди гений жаратат. Алар бир-бирине шыктанып эмес, тирешкен үчүн генийге айланат. * * * Кандай автор болбосун өзү жараткан чыгарма үчүн атак-даңкка жетсем дейт. Ал эмес «Тооратты» жараткан кудайың деле өзүнүн мемуарында: «Атагымды унуткарбас үчүн адамзатты жараттым» […]

«Өткөөл мезгил» качан өтөт?

Баары кайталанат экен… Ушул саптар тээ эгемендик алгандын эң биринчи жылдарында эле жазылган эле… «Калың эл тагдыр чечилээр утулушта калбас бекен? Ошондо, күчөтүп айтканда, кечээ өз жеринде жүрүп орус кемпирдин тоокканадай үжүрөсүнө зар болуп, акыры айласыз «жер баскан басмачы кыргыздын» эми шаардагы үйлөрдү баскан, дүкөндөрдү чачкан, ишканаларды жардырган экинчи жаңы кыймылы жүрүп кетпейт деп ким кепилдик берет. Ошондо стабилдүүлүктүн ойрону бир чыкпас бекен? Жаш бай-манап (тегинде арам бизнес жаткан) жана ага шериктеш жаңы колонизатор үчүн адам укугунун коргону БУУ артындагы […]

Кимбайкеден күлкүлятор

Минис-тирчилик Саламаттык сактоо министрлиги эскертет: — Акчаң жок болсо, ичиңди кестирбе, сокуричегиңди аман-соо көрбөй каласың! * * * Тышкы иштер министрлиги эскертет: — Америкада ар бир кыргызга алты сотуктан жер берилет деген сөз калп, бизге ишенбегиле! * * * Финансы министрлиги эскертет: — Кредит келелек, келбейт жана артпайт! * * * Транспорт министрлиги эскертет: — Жол кире канча сомго кымбаттаарын Кытай өзү билет! * * * Улуттук-коопсуздук комитети эскертет: — Үчөөнү бирөө шпион сезген заман — экөөнө зыян! * * […]

Көсөмдүн көмүлгүс ойлору

Салижан Жигитовдун ой сандык Тил күйөрмандарынын айтымынча, кыргыз тили өз өлкөсүндө жакшы колдонулбай жатса, буга орус тилинин расмий тил деп Кыргызстандын Баш мыйзамына жазылып турганы күнөөлүү имиш; ал эми жаңы Баш мыйзамда кыргыз тили мамлекеттик тил да, расмий тил да деп жазылса, ошонун шарапаты менен кыргыз тили дүркүрөп өсө баштайт имиш. Мындай популисттик сунуштар же ой-пикирлер башын иштетпеген кыргыздардын оозунан гана чыгышы мүмкүн. * * * Илим-билим казынасына айланган улуу тилдердин орусчадан башкаларын билбесек, дүйнөлүк илим-билим маалыматтарын кайдан алмак элек? […]