Эрнис ТУРСУНОВ:Даңктабай тирүүлөрдү,\Даңктайбыз каза болуп калгандарды

Мага койгон таш астында жатамын, Мармар ташка толуп кетти катарым. Биз уктайбыз жер астында ойгонбой, Биз укпайбыз жер үстүнүн чатагын. Сиздин үйгө — кагып киребиз, Биздин үйгө — казып киресиз. Сиздин үйдө — чиренип уктайбыз, Биздин үйдө — түбөлүк уктайсыз. Сиздин үйгө — эки күн батабыз, Биздин үйдө — эсепсиз жатасыз. Атасы жер айдады, энеси бала бакты, Баласы курсагы ток өсүп жатты. «Эр жеттиң, өнөр үйрөн» деп калды эле, Атасын балта менен башка чапты. Түрмөдө бир зөөкүрдүн бычагын жеп, Түбөлүк […]

Жаңы кийим

Дунган жомогу Беш жашар Мадар кийинердин алдында апасынан сурай берчү экен: – Апа-ов, бу дагы агамдын кийимиби? – Ооба, каралдым. Карачы, бу көйнөк да жапжаңысы. Жаңы көйнөктү сен чоңойгондо сатып берем. Ошол күнү апасы аны щи[1] ичмекке колунан жетелеп жөнөйт. Жолдон татынакай келини менен бараткан байбичеге жолугуп калышат. Беш жашар Мадар жаш келинден көзүн алалбай жактырып калат. Аны байкаган байбиче баланын башынан сылап айтып турганы: – Апаң сага эртең эле так ушундай ажарлуу колукту издеп баштайт. Буга Мадардын апасы күлөт: […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Күү баяны

Мобу комуздун күүсү XIII кылымда чыккан. Күүнү кыргыздар «Кет, Бука» деп атаган. Бука деген кыргыздарды эзген монголдордун ханы болуптур. Кыргыздар ага оор салык төлөгөн. Монголдор шаарларды кара жерге теңеген, эркек аттууну аскан, аялдарына кара кийгизген. Эл азаптуу, кордукта күн кечирди. Монголдорго акарат кылган кыргыздардын башы кеткен. Күч колдо жокто эл кантип баскынчылар менен күрөшүш керек эле. Ок менен, күч менен кыргыздар душманга теңеше албайт эле. Ошондо эл комуз менен күрөшкө чыкты. Монголдорго каршы күү чыгарды. Чыгарылган күү монголдордун аскериндеги мыкаачы […]

Айтматовдун Бүбүсара тууралуу махабат баяны

Айтматов менен кыргыз балет искусствосунун чолпон жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын ортосунда болгон махабаты туурасында эл арасында күбүр-шыбыр көп сөз болгон. Ал чындыкты акыры Айтматов өзүнүн ныгайыпташ жакын калемдеши, казак акыны Мухтар Шаханов менен болгон аңгемесинде ачык баяндаган… Ошол аңгеме «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу Ч.Айтматов менен М.Шахановдун бирге жазган китебинен кыскартылып которулду… Айтматов: — Ар адамдын өз бешенесине жазылган тагдыры бар. Мобул аалам кандай чексиз болсо, ал да ошондой учу-кыйырсыз, купуялуу да сырдуу. Ар ким өз өмүр жолунда буюрган адамына жолугат. […]

ГЕЙ-ЛЮССАК

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Француз физиги жана химик Гей-Люссак Жосеф Луи 1778-жылы 6-декабрда Сен-Леонар шаарында туулган. 20 жашка чыкканга чейин Францияда болгон революцияларды, мамлекеттик төңкөрүштү көрүп, атасы камалып, кийин акталган. Өзү да кыйла кыйынчылыктарды көргөн. 1798-жылы Политехникалык мектепке өткөндөн баштап гана жолу ачылган. 1809-жылдан Париж политехникалык мектебинде химия, Сорбоннада физика боюнча, Париж ботаникалык багында профессор болуп иштеген. 1806-жылдан Париж ИА мүчөсү, 1826-жылдан Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү болгон. Физикалык эмгектери молекулалык физика жана жылуулук боюнча. Газдардын касиеттерин жана кеңейишин изилдеген. 1802-жылы газдардын […]

Дилазык: Лунь-юйдон

«Лунь-юй» — талкуу жана аңгеме маанисин берет. Китепти б.э.ч. V кылымда Конфуцийдин (Кун Цзы) шакирттери түзгөн. Китеп улуу Устаттын аңгемелеринен куралып, Конфуций илиминин негизинен кабар берет. Устат мындай деди: — Чыныгы эркек тамакты курсагым тойсун деп ичпейт, үйдү жайлуу жашайын деп курбайт. Чыныгы эркек ишке чапчаң, сөзгө сараң келет. Ал акылман адамга карап түздөнөт. Ушундай адамдарды гана илимге ынтызар десе болот. Мэн И-цзы уул баланын баш милдети эмне деп сурады. — Нарк-шааратты сактоо, — деп жооп берди Устат. Фан Чи […]