Мамалак баккан түлкү

Фин жомогу Аю өзүнүн мамалактарын бактырмакка «нянька» издеп жөнөйт. Токойду аралап жүрүп, карышкырга кезигет. – Кайда жөнөдүң, Аюке? – дейт кашабаң. – Мамалактарымды карай турган бирөөнү табыш керек эле, – дейт күрпөң аю. – Мени деле «нянька» кылып алың, – дейт карышкыр күнк-мыңк. – А сен ырдаганды билесиңби? – аю кызыга түшөт. – Албетте, ырдайм, – карышкыр ошол замат уңулдайт: – У-у-у! У-у-у! – Эй койчу, сеники жарабайт, үнүң ачуу экен, – аю андан ары жолун улайт. Алдынан коён жолугат. […]

«Телевизорубузду алып келип бергиле»

СААТ Саат жебеси улам чыкылдап кайдадыр шашат. Көчө жык-жыйма адам. Баары саат менен жарыша жүгүрөт. Арасында  тууган тууганына, дос досуна, бала атасына, кыз апасына түзүгүрөөк убакыт бөлө албаганына, карым-катнаш жасай албаганына, баштагыдай бет-маңдай олтуруп, узак баарлашууга убакыт  бөлө албаганына нараазы болгондору да бар. Көчүлүктүн ичинде убакыттын берекеси кетти деп  безилдегендери да жок эмес. Жакындарына  өзүн болбосо да,  сөзүн жеткирген телефонго, агентке, фейсбукка, иши кылса  интернет  ааламына  алкыш айткандары андан көп. Алардын катарында өзүмдү да көрөм. Көр тиригликке көкүрөгүмөн батып кеткендиктен […]

Эрнис ТУРСУНОВ: Жазыксыз окко учкандар

Тарыхчылардын тактыгына караганда, сталиндик репрессияда жыйырма милиондон ашык киши камалып, атылып, асылып, сүргүнгө айдалып жок болгон. Кыргызстанда кырк миң киши камалып, сегиз миңи атылган. 1991-жылы 138 кишинин сөөгү Чоңташтагы НКВД үңкүрүнөн табылган, сөөктөр кайрадан көмүлүп, ал жер Атабейит аталган. Атабейит 1938-жылы 5-8-ноябрда Эл комиссарлар Советинин председатели Жусуп Абдрахманов, партиянын кыргыз обкомунун секретары Төрөкул Айтматов, Эл агартуу комиссары Касым Тыныстанов, жер чарба комиссары Эркинбек Эсенаманов, саламаттык сактоо комиссары Кожокан Шооруков, каржы комиссары Усман Булатов, «Эркин тоо» газетасынын баш редактору Осмонкул Алиев, […]

Салижан Жигитовдун сабактарынан жанган учкундар  

Көсөмдүн көмүлгүс ойлорунан …Кыргыз тили — эларалык тил деп закон кабыл алып, Конституцияга киргизип койсок, андан эларалык тил болуп калбайт да. Тилди закон же Конституция өнүктүрбөйт, кишилер өнүктүрөт. Адабий тилди жазган кишилер, билимдүү кишилер, кыргыздын интеллигенциясы жаратат. Ошол интеллигенциябыз начар, чаласабат, чала билимдүү болуп атпайбы. Кыргыздын шору ошол. Маркс айткан: «Интеллигенция — улуттун башы, жөнөкөй эл — денеси» деп. Мына ошол улуттун интеллигенциясы итий болуп өскөн, мээсине кислород жетпей, кыйналып чоңойгон баланын башындай болуп атат. Анан ошол башына революцияга чейинки, […]

Адеп аңгемелери: атага мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Ата деген – башталыш. Деңиз суусу дарыядан, дарыя булактан башталгандай сен атадан башталгансың. Сен – атаңдын уландысысың. Сени жаратуучу – атаң. Атаң болбосо сен болмок эмессиң, демек, сенин мал-мүлкүң, үй-бүлөң, тапкан-тышыганың да атаңдан башталат. Мухаммед пайгамбар алейхис-с-салам айтат: «Өзүң да, малың да түпкүлүгү атаңдыкыдыр», — деп. Ислам дининде атанын баркы, кадыры өтө жогору коюлат, атага акаарат келтирүү Аллага акаарат келтирүү сыңары каралат. Кайсыл бир мезгилде, кайсыл бир жерде атасы баласына ыраазы болбойт […]

Жек ЛОНДОН: «Ак Азуу»

ПОВЕСТЬ I БӨЛҮМ жана II БӨЛҮМ ушул шилтемеден ачылат III БӨЛҮМ I бап. От ээлери Бөлтүрүк  буга  капыстан  дуушар  болду.  Буга  өзү  күнөөлүү.  Аңкоолук кылды.  Үңкүрдөн  чыгып,  суу  ичкени  бараткан.  Сыягы,  жакшы  ойгоно  электиги да  себеп  болду  окшойт.  (Түнү  менен  аң  уулап  жүргөн  бөлтүрүк  жаңы  эле ойгонгон.)  Анын  үстүнө  сууга  кеткен  жолду  беш  колундай  билчү.  Ал  буга чейин эч нерсе болбой, аман-эсен эле барып-келип жүрчү да. Бөлтүрүк жалгыз аяк жол менен куурап калган кызыл карагайга түшүп келип,  ачык  жерден  өттү  да,  […]

Өмер СЕЙФЕДДИН: «Ант»

АҢГЕМЕ Мен Гёненде туулдум. Бул шаарчага жыйырма жылдан бери келе элекмин. Бардыгы эски, узун түш сымал көз алдыма тартылат. Көптөгөн жерин унутуп калыптырмын. Ал учурда атам жаштыгына карабай жүз башы эле. Экөөбүз күндө алдынан өтчү мечитти, так маңдайындагы фонтанды, тынымсыз кыйылган карагайдын бүчүрлөрү агып турчу  сууну, кээде жуунганы барчу ысык суусу бар мончонун терең көлмөсүн эстегенге аракет кылып жатам. Бирок бет алдымды унутуунун аппак туманы каптап, боекторун өчүрүп, элестерин жок кылат… Көп убакыттан кийин өз жергесине кайткан адам туулган жерин, […]