Галдан менен Баир

Бурят жомогу Илгери өткөн замандардын биринде эки бир тууган жашаптыр. Улуусу — Галдан, көпчүлүк кандай жашаса ошондой жашоону каалоочу. Ал жапалдаш бойлуу, жоош, көп эмес, анча-мынча эле байлыгым болсо жетет дечү. Кичүүсү – Баир. Ал чыйрак, акыл-эстүү болгон. Өз күчү жана акылы менен жашагысы келчү. Байлык топтосом дечү, а эгер бай боло албай калсам да, кедей болсом да, иши кылып мени эл сыйласын дээр эле. Галдан бир мертебе инисине мындай дейт: — Жүр, монастрга* барабыз, ламага* жолугабыз! Алар кудайга жакын, […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Байыркыдан кырк сөз

Бул сөз кайда, качан айтылганы табышмак. Окустан колубузга тийди. Али ачыла элек табышмак… Алтай, Хакас, Монгол тараптагы чааташ жазууларынын кыргызча көчүрмөсү шекилди. БИРИМДИК Илгери бир атанын балдары эдик. Бир уянын балапандары эдик. Бир сайдын булагы эдик. Бир бутактын жемиши эдик. Оо, биз бир жүргөндө, эрктүү бир эл болгондо колубузда кушубуз сайрап, төрүбүздө кутубуз көкөлөдү. Кой үстүнө торгой жумурткалады. Кул кулдуу, күң күңдүү болгон эде. Эми не болдук?.. Бытырадык… Ини агасын тааныбай, бала атага акарат келтирди… Тамыр кыркылды… Ташыбыз талкан болду… […]

Акылдуу эркек менен акылдуу аял бир түндүктүн алдында батыша албайт

Луи де БОНАЛЬД (1754-1840), француз саясатчысы, публицист, философ  Залкар ой – жүрөктөн, улуу сезим – эс-акылдан жаралат. * * * Көралбастардан мурда өзүңдүн башкалардан бой көтөрмө жүрүм-турумуң менен көп душман табасың. * * * Дин – жакшылыктын деле жолу эмес, бирок динсиз жашоо – жалаң жамандыктын жолу. * * * Акылдуу эркек менен акылдуу аял бир түндүктүн алдында батыша албайт. Петр ВЯЗЕМСКИЙ (1797-1878), орус акыны жана сынчы Акылы тайкылардын акылы – куулук. * * * Атагым чыкканын каалайм, бирок ал […]

Балдар адабияты: Сөз оюндар

Сөз – адамдын ички сезимин бере билүүсү. Кээде бир эле сөз көп мааниге ээ болсо, кээде көп маани бир эле сөз менен айтылат. Бир эле тамгасын өзгөртүүдөн башка мааниге өткөн сөздөр да көп. Канчалык көп сөз билсең, эне тилдин ички сырларын ошончолук тереңирээк туясың. АНАГРАММА Адегенде табышмакталган сөздү таап, андан кийин ал сөздөгү айрым тамгалардын ордун алмаштыруудан жаңы сөз алынуучу сөз оюн. Жолборс түстүү бир өңдү, Жакшы ойлонсоң табасың. Тамгаларын которсоң, Бир идишти аласың. (Чаар — Чара)   Качыратып кар […]

Талмуддан: Кудай Адамдын кабыргасынан Еваны жасады

Жасап жатып деп ойлоду: — Өтө текебер болбос үчүн — башынан жасабайм; өтө көрөөнөк болбос үчүн — көзүнөн жасабайм; өтө уганаак болбос үчүн — кулагынан жасабайм; өтө сүйлөөк болбос үчүн — оозунан жасабайм; өтө ичитар болбос үчүн — жүрөгүнөн жасабайм; өтө айылчы болбос үчүн — бутунан жасабайм. Дененин көрүнбөгөн, билинбеген бөлүгү — кабыргадан Кудай аялды жасап жатып, ар мүчөсү бүткөн сайын: «Баео бол, аял заты! Аруу бол, аял заты!» деп жатты. Арийне, аялзаты жогорудагы кемчиликтердин биринен да куру эмес. * […]

Өмер СЕЙФЕДДИН: «Ат тарак»

АҢГЕМЕ Аткана жайгашкан короодо ойноп жатканыбызда, төмөн жактагы күмүш талдардын арасынан көрүнбөй жылжып аккан суунун шылдыр үнүн угар элек. Үйүбүз чоң бактардын арасынан жоголуп кеткен сыяктанат. Апам Стамбулга кеткенден бери менден бир жаш кичүү иним Хасан экөөбүз Дадарухтун жанынан айланчыктап чыкпайбыз. Дадарух атамдын жардамчысы, жашы өтүп калган адам. Таң атары менен аттарды көздөй чуркамай. Аттарды аябай жакшы көрөбүз. Дадарух менен бирге аларды сугарабыз, жайдак минүү биз үчүн чоң бакыт. Хасан коркот, жалгыз мине албайт. Дадарух аны өңөрүп алат. Жембаштыктарга арпа […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: «Тул катын Монтьель»

АҢГЕМЕ Дон Хосе Монтьель өлгөндө анын жесиринен башкалардын баары андан акыры өчтөрүн алгандай сезишти өздөрүнүн; бирок Хосенин чын эле өлгөнүнө ишенүү үчүн убакыт керек болду. Атүгүл, дымыккан ысык бөлмөдөгү тегерек жана чоң коонго окшогон табытта жаздыктарга чулганган ак шейшепте жаткан Монтьелдин жансыз денесин көрүшкөндө да көптөрү дагы деле анын өлгөнүнөн шек санап турушту. Хосенин сакалы таза алынган, үстүндө ак күрмө, бутунда жалтыраган туфлилин көрүп эле аны дайымкысындай тирүү деп ойлоого болор эле. Бул баягы эле ар жекшембидеги саат сегизде чиркөө […]

Адеп аңгемелери: кошунага мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Ислам дининде адамдын ыймандуулугун билүүнүн бир ченеми анын кошунасына кылган мамилеси менен аныкталат. Мухаммед пайгамбарыбыз хадистеринде: «Силерге коңушуларыңыздарга жакшылык кылууну буйрамын», — деп айтат. Жакшы кошуна жандын ырахаты, жаман кошуна бир өмүрүңдү өкүнүчтө өткөргөндүк. Гөрүңдө да кошунаң тынч болсун делет. Кошунаң тынч болбосо сенде да тынччылык болбойт, кошунаң ачка болсо сенин тамагыңдан оокат өтпөйт. Дин китептеринде кошунага урмат, ызат, сый менен мамиле кылуу керектиги айтылат. Чыгыштын раваяттарынын бирине кулак төшөңүз: Иран шахынын […]