Саясый куугунга кабылган түркмөн жазуучусунун тагдыры

Худайберди Халлы (Халлыев) Түркмөн жазуучусу. Бирок тагдыр буйругу экен, азыр Чехия жараны. Акыркы 20 жылдан бери Прагада жашайт. Бүгүн 70тин босогосун аттап отурган жазуучу өзүнүн киндик кан тамган мекенинен тозуп, дүйнө кезген сапары – 1989-жылы, 2-сентябрда өз санаалаштары менен чогуу “Авзыбирлик” (Биримдик) кыймылын түзүшкөндөн кийин башталган десе болот. Бул кыймыл Түркмөн тилине мамлекеттик тил макамын берүү; Түркмөн маданиятын жандандыруу жана Түркмөнстандын СССРден күнкөрсуз өлкө болуусуна жетишүү деген максатты алдыга койгон эле. “Авзыбирлик” 1990-жылы, 12-январда Россия империясынын аскеринин Гөктөпө сепилин алуусуна […]

Маралдын таарынычы

Алтай жомогу Жашыл адырлардан ашып, кара токойго кызыл түлкү күйүгүп жете келди. Ал али өзүнө ылайыктап ийин каза электе эле бул жердин бир жаңылыгы кулагына шак угулду – буердин падышасы аюу алдан-күчтөн тайып, аябай карыптыр. Муну угары менен жаңы келген түлкү бүт токойду жаңырта кыйкырат: — Ай-яй-яй, балакет бизди басканы калды! Аксакалыбыз күрөң аюу өлүм алдында жатат! Анын алтын түспөл жүндөрү түлөп түшүп, курч тиштери оозунда калбай, буттарынын кубаты кетти. Болгула, келгиле, чогулгула, масилет куралы: күрөң аюунун ордуна биздин токойдо […]

Азиз НЕСИН: Токмок эле жегим келип калды…

Которгон Азат ЖАПАРБЕК АҢГЕМЕ Автобустун ичи жык-жыйма болчу. Ичинде кетип бараткандардын бирөө жаңылышып, башка транспортко түшүп алгандай эле. Автобус эмей эле, тез жардамга түшсө болмок. Сол колу бинт менен чүргөлүп, жоолук менен мойнуна илинген эле. Башы да таңылган болчу. Бир көзү көгөрүп шишип, берки көзүнүн ичи канталап кеткен экен. Таягын таянып алып, оозуна чейин толгон автобустун ичине бата албай кыйналып жүрөт. Улам сайын: — Ох… Ааай!!! Кокуй!!! – деп кыңкыстап коет. Бери жактан карап турган кишиге автобус токтору менен анын […]

Касым КАИМОВ: Жаш солдат

АҢГЕМЕ Дөңсөө колдон колго өттү. Аны экинчи жолу ээлеп алышкан жоокерлер башаламан качып баратышкан тараптын соңунан түшкөн жок, көздөгөн максат орундалгансып, анда-санда ок чыгарышып тим болушту. Аларга азыр аз да болсо тыныгуу керек эле. Дөңсөөнүн колдон колго өтүшү бир гана күндүн ичинде болду, эки жолку чабуулга эки тараптан тең баягы эле күчтөр катышты. Экинчисинде, албетте, катышкандардын карааны азайып, кармашуу анчалык узакка созулбады. Жеңишке ээ болушкан жоокерлер өз ара кубанычты бөлүшүү үчүн бири бирин жигердүү тиктешет. Бирок бул тиктешүү жеңиш менен […]

Илимий конференция өтөт: «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду»

«Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2017-жылдын 12-майында Бишкек шаарында педагогика илимдеринин доктору, профессор, Орусиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана «Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамынын, К.Д.Ушинский медалынын ээси, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар бирлигинин Тоголок Молдо атындагы сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу, публицист-журналист, методист, этнопедагог Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесине карата «Ааламдашуу доорундагы адабият менен педагогиканын орду» деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык […]

Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Иудаизм жана Теңиризм — Манас

Кыргыз Республикасынын Конституциясын кызуу талкуулап жатышып депутаттарыбыз «адам укугу» аталган бөлүмгө келгенде анын бисмилла сабын «права человека в Кыргызской Республике абсолютно и неприкосновенно» деп аз-аз жерден абсолютташтырып ала жаздашып, акыркы саатында аны кайра «человеческое достоинство» (15-cт.I-п.) деп оңдоп кетишкени жадымда. Эми «Права человека» деп аталган бөлүмдө «достоинство» деген коколой сөздүн коошпой аппендициттей асылып турганы ошо. Ал учурда темин-демократтарыбыз термин маңызын анча аңдашпай, «укукчул мамлекет ушундай болууга тийиш» деп эле өкүм темине беришкен эле. Ал эми сөздүн тегинде не маани тунганын […]

Эң кыска көркөм чыгармалар

Адабий чөйрөдө эң кыска роман тууралуу анекдот бар. Ал роман болгону үч сөздөн турат. “Төрөлдү. Үйлөндү. Өлдү”. Бир карасаң, чындыгында эле, бул үч сөзгө адамдын бүт өмүрү камтылган. Бирок бул сөздөр белгилүү нерсени жөн гана атап, эскертип койгондой. Таңгалуу жок. Ал эми чыныгы көркөм чыгарма, бери дегенде, адамдын жандүйнөсүн жана акыл-эсин чыңалтып, аларга дүрбөлөң салышы керек. Канча сөз менен буга жетсе болот? Акын-жазуучулар, кээ бири атайын изденип, кээси тамаша иретинде, бул багытта аракеттенип көрүштү. Алардын жыйынтыктары менен таанышып көрсөк. Мен […]

Шайлообек Дүйшеевдин эне-бала бактысы…  

* * * Эшиктеги бурганакка туш болуп, Эптеп жетип, томолонуп, муз болуп. Энекемдин от калаган колуна, Эрип, көлкүп кетер элем кут болуп. Үйдөгү отту энем күндө тамызчу, Үшүгөн суук сопсоо болуп айыкчу. Көсөө тийген көлөкөлөр тарбаңдап, Көңдөн чыгып, дубалдарга жабышчу. Ээн талаанын кыш кайтарып үмүтүн, Эски тамды биз кайтарып күнү-түн. Эртели-кеч эрмек кылып жүрчү элек, Эне-бала бактыбызды бир үзүм. Туура жолдун асты туташ сай эле, Туш-тушубуз тунуп турган кар эле. Тутка кылар атам, агам жок, бирок, Тутка кылар Манасыбыз бар […]