Иттин ит болгону

Кытай жомогу Жарыктык бир ит болуптур. Бир күнү ал сейилдеп келмекке тоого жөнөй. Ал жактан бугулардын жарышып мелдешкенин көрүп, тып токтойт. Оозу ачылат. Караса, бугулардын жүгүргөнү укмуш турбайбы. Ичи күйдү иттин! Карап турду, карап турду, акыры кармана албай: ал да тигилер менен кошо жарышты. Бирок бугулар учат экен, ит караандай турган эмес. Жарышкан сайын артта кала берди. Күйбөгөн жери күл болду. Суктанды тигилерге. Өзүнөн өзү уялды. Арийне, жүгүрө берсем: аракеттен берекет деп үмүт артты. Мен да бугудан калбаган күлүк болуп […]

ТЕҢЧИЛ СИСТЕМ-МАМЛЕКЕТ

Элди эки киши сактайт – Жолбашчы жол баштайт, Баатыр кол баштайт. Элден Киши Жолду түзөбөйт, Жол кишини түзөйт. Конфуций Жогоруда «укук» деген түшүнүктүн түбү-уңгусу кай дөөлөткө негиздениши керек деген суроо салынганда: «Чыныгы адил идеал Теңирден гана термелип келет – көчмөндүн аны ыйыктаары ошол. Теңирден агылган мыйзам гана коомго чындап идеал берет – адамга адам, элге эл сот боло албаганы ошол. Укуктун жаны, чеги-чени – адилдик, Теңирдин ТЕҢ калыстыгынан гана табылат – Баласагундук Жусуп баба Теңируулу Күнтууган каанды «адилет» деп каймана […]

Узун сары

УЛАМЫШ Илгери жоокерчилик заманда атасы казатта каза тапкан бир кыз энеси экөө эл ичинде эптеп күн өткөрөт. Кыз атасы же ага-иниси болбогондон кийин элге аралаша албай жалтак өсөт. Купуя айтылган сөздү түшүнбөй, ар кандай сөздү түз маанисинде кабыл алат. Кайсы бир кышта эптеп согум таап союшат. Кыш чыгып, согум түгөнө баштайт. Бир жилик эт калат. Кыш тууган жалгыз эчкисинин сүтүн саап ичишип оокат кыла беришет. Кыз бир күнү: “Эне этти салып жебейлиби?” – дейт. Анда энеси “узун сары” келгенде салып […]

Олжобай ШАКИР: Кайнаган шорподон муздаган жүрөк

АҢГЕМЕ «Э-к! макулук сени… Өз энесин сүзгөн ушуну көрдүм». Чоң күрөң уй бак коруктагы кичинекей күрөң уйга мүйүз челигенин көргөн кара кемпир картаң уйга болуша кетти. Бу кичинекей күрөң уй качанкы мал. Ага тап берип мүйүзүн челиген чоң күрөң өзүнүн эле этке төгүлбөй калган торпокторунун бири экени эсинде, анда күүлүү-күчтүү кези, бул уйду өзү саачу. Эми минтип эки уйдун чатагына көз салганча ийик ийирип отурган кемпирдин бөкчөйүп калган убагы. Ыраматылык чалынын көзү өткөндөн берки жылдарды санап отурса, жыйырма жылдан ашыптыр. […]

Бөбөктөр дүйнөсүндө жашаган эки автордун чыгармасы

Каныбек ЖУНУШЕВ Балдар адабияты АРЧА Акылым жетпей башкага… Жылмайык бийик аскада Таңгалам десең, таң калам Илинип турган арчага. Кай убак көрсөң жапжашыл Канчада жашы билинбейт. — Туура миң жыл жашадым Туулган күнүм бүгүн дейт. БЫШЫРСА БОЛБОЙБУ! «Мээге чай кайнатпа» Дей берет агам Асанбай. Борщ бышырса болбойбу, Баштын ичи казандай… КАРГА Сагызгандай шакылдаган Сабатым жок окуган. Бирок мендей дыйкан жок Кечке жерди чокуган. ЖАРАТЫЛЫШ «Ай жарык-ай, Ай жарык!» Бакалар чардайт шаңданып. Жаратылыш жаркырайт, Жандууга өзү таң калып. Сулайман РЫСБАЕВ Бир түйүнчөк […]

Чүмбөт оронмой – кылгылыкты кылып койгондордун бетпардасы

Дельфина де ЖИРАРДЕН (1804-1885), француз жазуучусу    Көзүбүзгө да, күлкүбүзгө да ишенчилик жок. Бизди эчкачан алдабаган бир гана нерсе – баалуулуктар. * * * Чүмбөт оронмой – кылгылыкты кылып койгондордун бетпардасы. * * * Аялдар падышачылык кылган менен башкаралбайт. * * * Аялдан эргүү ал, бирок кеңеш сураба. * * * Коммерция – башкалардын акчасын пайдалана билүү. * * * Адам баласын жек көргөн адамдын гана дидары таза. * * * Эчкимге жантартпай турсаң эле бирпаста каскүмөн адамга айланасың.   […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Жомоктор өлкөсүндө жоголуп бараткан тофалар

АЙМАГЫ   Азыр Орусия Федерациясынын Иркутск облусунун Төмөнкү Удин районунун Чоң жана Кичи Бирүса, Кызыр, Агул, Уд, Кан, Ия дарыяларынын баш жактарында негизинен аңчылык жана бугу багуучулук менен шугулданган элдер бар. Айылдары Алыгжер, Жогорку Гутара, Нерха. Борбор калаасы – Алыгжер. Болду, айылы да, шаары да ушул үчөө эле. Аларга да самолёт менен, же кышында тартылган дайралардын бетиндеги муздар менен араңдан зорго өлдүм-талдым менен жетесиң. Андыктан да цивилизациядан оолак калган жерлер дейсиң. Бул элдер тайга токойлорунун арасында. Элдин аты — тофалар. […]