Абдыкерим МУРАТОВ: Жигиттин уулу жетишпей турганда…

Азыр кыргыздар катуу кеттик: Чыңгыз хандын тегин кыргыз кылдык, индеецтерди, уругвай, парагвайларды, жапон-сапондорду бизден чыккан дедик, дүйнөдөгү канча бир жер аттарын өзүбүзгө энчилеп алдык, Швейцарияны, Сингапурду жөн эле басып өтөбүз дедик, Анталияга орустар эми барбай, бизге келет дедик. Ушундайда Салижан Жигитов жетишпей жатпайбы. Ал бир жолу айтты эле: «Кыргыз эли дүйнөдөгү жерлердин жакшысын ээлей алган эмес. Сыймыктанган Ала-Тообуз жыйында эс алганга дурус, бирок байкер жашаганга такыр эле ыңгайсыз». «Тоолорубуз кооз, табиятыбыз таза, Ысык-Көлүбүз керемет, туризм тармагын өрчүтсөк байып жатып калабыз […]

Акылман карыя жана акылмаң ажо

Башкыр жомогу Илгерки өткөн заманда бир калаанын ажосу болуптур. Жаш экен. Ал түгөт, кары-картаңдарды жек көрүп, четинен кырдыра берет. Бир гана боз улан картайган атасын жертөлөгө жашырып аман алып калыптыр. Жаш ажого бир күнү коңшу өлкөнүн падышасы согуш жарыялайт. Жаш ажо ошондо казатка камынып кол жыйнайт. Боз улан анан казатка жөнөр алдында жертөлөдө жашырылган атасы менен коштошууга келсе, атасы мындай насыйкат айтыптыр: – Уулум, силер абыдан алыска аттанасыңар. Ал жактан кыргынга да, ачарчылыкка да кабыласыңар. Апаатта ат-көлүгүңөрдү аргасыздан союп жеген […]

Нуралы Капаровдун Жигитовду эскерүүсү

«Биздин тукум кебете-кешпирден да, баатырлык, балбандыктан да кудай айткан тукум экен. Бирок мага келгенде ошол укум-тукумдун мыкты шыбагасы артпай, көзүм жымшык, башым чоң, боюм бакене болуп жатпайбы» — деп хахалап каткырып алып, түшүндүрө сүйлөгөнү эсимде… Салижан акенин Муса деген чоң атасынын атасы (аты эсимде калбаптыр) токсондон ашык жашап, кемпири өлүп, өзү арып-карып төшөк тартып жатып калганда: «Кой, атамды бакпасам болбойт» деп акталаалык саяктардан аял алат. Алган аялы эзилген сары, кебетеси серт, бою жапыз, ыргайдай арык, эптеп эле ысык жаны бар […]

Адеп аңгемелери: кыз балага мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Илгери бир ашкан зор өнөрлүү уста кызын күйөөгө узатыптыр. Угушунча күйөө бала да өзүндөй өнөрлүү экен, өнөрлүү болбой жерге кирсин: келинчегинин – устанын кызынын башына күндө бирден жумуртка коюп, ошону атып, өз өнөрүн – мергендигин сынайт экен. Кайсыл убакта мындай өнөр сыноо болорун билген уста-ата ошол убактысын билип, кызыныкына шап кирип барат. Барса, эл айткандай эле, кызынын башында жумуртка, өңү купкуу. Ачуусу келген ата күйөө баласына катуу буйруп, чачын жибиттирет да, жибиген […]

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ: Сакемдин бийик инсандык өзгөчөлүгү эсимен кетпейт

— Ишенбай агай, сиз Салижан агай экөөңүздөр мектептеги курактан бери эле дос экенсиздер. Агайдын достугу тууралуу да кеп салып бербейсизби? — Салижан экөөбүздүн жеке мамилебиз Фрунзе шаарындагы өз учурунда даңазалуу «номур беш» мектебинен башталды. А кезде шерттешип достошуу мода болуп кеткен. Биз ансыз деле бири-бирибизге тартылып, көңүлдөш болуп кеттик. Мектептен эле анын шыгы ачылып, жазган ырлары гезиттерге басыла баштаган. Жолу да ошол тарапка кетээри анык болуп калган. А мен арабөк болгондуктан ар бир мугалим өз кесибине үгүттөй берчү, акыры экономиканы […]

Салижан ЖИГИТОВ: Мен кеттим… Жакшы калгыла!

Бүгүн — 11-февраль, Сакебиздин өлгөн күнү… Биз ал-абалын көрүп келели деп барып… Мен Салижан акенин керебетинин аягына олтуруп, ага көргөзбөй диктофонду «ачып» койгон элем. Алгач, өзүнө айтып эле, ээн-эркин жазып алсамбы деп, бирок өмүрүнүн акыркы күндөрүн санап олтурган бул адамга ошентип кайрылганга батыналбадым. Оозунан чыккан сөзүн, үнүн, күлкүсүн жазып олтурдум. Биз, биз дегеним — Алым, Түгөлбай, Мен, Аскер болуп, адегенде «спецтеги» Болот менен Докени көрүп, анан онкологиялык ооруларды дарылоочу ооруканада жаткан Салижан акени көздөй жөнөдүк. Палатасына кирип барганда: — Болду, […]

Анонс-видео: «Илегилек» драмасы

Белгилүү драматург Султан Раевдин “Илегилек” пьесасынын негизинде “Тунгуч” театры жаңы спектаклди баштады. Спектакль азыркы мезгилдин көйгөйлү проблемасын, ыйман, адеп-ахлак маселелерин козгойт. Муундар менен муундардын ортосундагы мамиле, ажырым, көз караштардын жана дөөлөттөрдүн карама-каршылыгы, татаал психолгиялык ички драматизм бул чыгарманын өзөктүү маселеси. “Илегилек” спектаклинин автору жана режиссер коючусу, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Лондондогу эл аралык театр фестивалынын Гран Присинин ээси Султан Раев, сценографы-белгилүү театр сүрөтчүсү Бакыт Тилекматов, спектаклдин бийин койгон Имаш Ажыкул. Спектаклде башкы ролдо Кыргыз эл артисти, […]

Мемдух Шефкет ЭСЕНДАЛ: «Хамит үчүн жазылган баян»

АҢГЕМЕ Эки жолдош жаш жигит түштөнүүдөн келип, басмакананын үстүңкү кабатындагы бир бөлмөдө эс алып отурушат. Бирөөсү креслого жамбаштап, эки бутун учкаштырып үстөлгө асып алган. Оозунда түтүнү небак өчкөн мүштөк. Жумасына, айына бир чыкчу журналдарды барактаса, тигиниси жолдошунун маңдайындагы керебетте деле узунунан керилип жатып алып тамекесин бурулдатат. Бир убакта креслодо отурганы керебетте жаткандан сурап калды: — Сенин Хамитке көз карашың кандай? – деди. — Кайсыл Хамит? — “Кайсыл Хамит” деген да суроо болчу беле. Абдүлхак Хамит [1]. — Аа… Билбейм. Мен […]

Кожогелди КУЛТЕГИН: Карыялар каякта, карыялар?

ТЫРМАКТАР Тырмактарын салган белем жарышка, тырмактарын айдаганбы алыска – баратышат сулуулардан суурулуп, баратышат жарачудай намыска! Баратышат башын чулгуп үмүттүү, баратышат башкача бир дүбүрттүү – ар бир айыл, ар бир шаарда сандаган ар саяпкер кошуп ондон күлүктү! Сулуулар бүт саяпкердей башынан – суу, жем, чѳбүн күлүктѳргѳ ташыган, үртүгүн жаап, жал-куйругун тарап жай, үстү-башын үйлѳгѳн да кашыган. Ар нерсенин таба турган аргасын асылкечтер кѳңүлүнѳ албасын: күлүктѳрү – тырмактары кулпуруп, күйѳѳлѳрү жүдѳп-какап калбасын? Кыргыздын бүт жигиттери ѳрт эле! Кылыч кармап – кылымдардын кѳркү […]