Конфуций: Жакшылык менен жамандык

* * * Эч түзөлбөй турган жападан жалгыз кемчилик – бул мурда кетирилген кемчилик. * * * Устатым агын сууну тиктеп айтты эди: «Күн менен түндүн баары так ушул аккан суу сыңары өтө берет». * * * Жакшы темирден мык жасалбагандай эле, жакшылар да солдаттык кызматтан алыс. * * * Уялбастан берилген убада ишенимсиз болот. * * * Өзүнө катуу, бирок өзгөлөргө ырайымдуулардын колунан жамандык келбейт. * * * Кайратман адам кыйынчылыкта өзүн-өзү чыйрайт, кайратсыз бечара ыйлайт. * * * […]

Эки улак

Кыргыз жомогу Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп тынбай, жан жактарын каранып секиришет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикенектер эле көрүнүп, эч бир кой-эчки көрүнбөйт. — Сен  ак  улаксың,  тил  укпаган  чунаксың!  Мени  ары-бери  сүйрөп жүрүп  акыры  адаштырдың,  жаның  барында койду  таап  бергин, — деп  ак улакка кара улак нааразы болот. Кара  улак  бир  күн  мурун  туулган.  Денеси  чымыр,  маңдайында жумуру  эки мүйүзү  бар экен.  Ак  улакты  боорум  экен  деп, жан  тартчу  эмес дейт. Кичине  […]

Иван БУНИН: Байчечекей

АҢГЕМЕ  Качандыр бир Орусия, андагы ак карлуу үйөздүк шаарча, кыштын бүтүшүн тойлогон масленица майрамы жана гимназия окуучусу Саша болор эле, баланы апасынын ордун баскан сүйкүмдүү, сезимтал жеңеси Варя аны байчечекей деп атачу. Кыш аяктап бараткан, күндөр жылуу да, нымдуу да эле. Орустар, үйөздүктөр бул талаа шаарчасында абдан көп жашачу, ушундай күндөрдө Сашага айылдан атасы келди. Ал тээ түпкүрдөгү күрткү баскан чарбасынан келип, ар дайым Елецкий короосундагы кир анан калса ыш баскан мейманканадан орун алчу. Атасы албеттүү, кызыл жүз, агарып бараткан […]

Сайтыбыздын аталышы мындан ары – РухЭш

Кыргыздын жакшы сөзү бар – Эш. Жумшак кебезди эшсең – чыйралат. Канча бекем чыйралса, үзүлгүс болор. Көчмөн кыргыз тукуму үзүк-үзүк кылчык жүндү эшип, күнүмдүк тирликке колдонор бышык аркан, бышык жип-шуу эшкен. Ат-көлүккө, төөгө жүк артынган. Оор жүктөрдү кылымдар бою артынган шонтип… Эшилген арканы жок журт көчүн артынууга мүмкүн болбогон. Көчүп-конуу түйшүгүн – эшилген аркансыз элестетүү мүмкүн эмес. Конгон журтуна бозүйүн тикелесе да кереге-уугун эшилген жип-шуулар көрктөгөн эмес бекен. Бозүйдүн белкурун бекем тарттырган да эшилген жип-шуулар болгон эмеспи. Жумшак жүн менен […]

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ: Алтын жана аңчы

АҢГЕМЕ Жака белин жакшы эле карап, адатынча саксынып, чытырман шак өсөкөн сайдын таманы менен жүрүп отуруп, Капканын корумунун арасындагы алачыктай үңкүрүнө жаңы эле жеткен болчу. Ошондо да үңкүрдүн оозуна бир далайга көчүк басып, дүрбүсүн колуна алып, маңдай-тескейге көз чаптырып, бу чөлкөмдө жапайы жандыктан  башка адам аттуунун жоктугуна чындап ишенип, бир аз да болсо жаны жай ала түштү. Анан мылтыгын үңкүрдүн оозуна жөлөп, эңкейе жылып, анан жөрмөлөп, анан сойлоп, үңкүрдүн тээ түбүндөгү жараңкага катылган чүпүрөктү колундагы башына зым илгичи бар таягы […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Лирикадан эпикага чейин

Поэзия таануу Шакебиздин жакын теңтушу акын жана жазуучу Нуралы Капаров «Шакебиз аскерден эки ооз орусча сөз үйрөнбөй келиптир» деп тамаша кылып жазганы бар. Бул, тескерисинче, Шакебиздин кыргызий бактысы. Болбосо, Шакебиз шакылдатып орус тилин билип алганда, сөзсүз түрдө орус поэзиясын окуп, которуп, А.С.Пушкин, С.Есенин, А.Ахматова сыяктуу гиганттардын таасиринен чыга албай калмак. Шайлообек акын болсо, андай традициялуу, көнүмүш болуп калган агымга кирбей, өзүнчө, өзүнө гана тиешелүү «дүйшеевдик» агым жараткан акын. Шондуктан жаш акындар көбү ага таасирленип кетип атпайбы. Дегеним, 1920-30-жылдардагы профессионалдык адабиятыбыздагы […]