Ысмайыл КАДЫРОВ: Таяк жөнүндө жомок

Илгери бир акылман карыя жашаган экен. Анын жалгыз уулу болуптур. Бала чоңойгондо акылы тайкы, оюнкараак чыгат. Ата-энесине кол кабыш кылбайт. Буга атасы капа болуп жүрөт. Кыш түшүп, бир күнү кар жаайт. Атасы уулунан короодогу карды күрөп коюшун өтүнөт. Баласы жалкоолонуп: — Башым ооруп атат, — деп жатып алат. Атасы короодогу карды күрөп атып, тайгаланып жыгылып бутун кокустатып алат. — Эгер уулум тоодон таяк кесип келип берсе, бат эле оңолот элем, — дейт атасы уулун сынамакка. Уулу: — Мен азыр эле […]

Кыргыз маселеси: Бар болуу керекпи же жок болуу керекпи?!

Маектеш тууралуу маалымат: Абдыкерим Муратов 1956-жылы Ноокат районунун Шанкол айлында туулган. Өткөн кылымдын 80-90-жылдарында анын таалим-тарбиялык насааттары «Абийир, ар-намысты бийик туталы», «Бешигибиз – Жер», «Ырыскың өзүңө буйрусун», «Шаар-бактын» даңкы өчөбү?», «Жетимдер», «Сайрасын булбул багыңда…», «Абалың кандай, асыл жер» деген педагогикалык, этикалык публицистикаларында көтөрүлдү. Балдардын эне тилин унутуп жатышы, руханий маданиятыбыздын өкүнүчтүү абалы «Далил керекпи?.. (эне тил көйгөйлөрү)», «Эне тилдин эртеңи кандай?», «Тереңдеги тамырлар: маданий мурастарга мамилебиз кандай?», «Кыргызга окшоп турабыз, бирок…», «Социализм бизге эмне берди?», «Келгиле!.. (Балдар адабияты тууралуу)», «Кыргызбызбы?», […]

Решат Нури ГҮНТЕКИН: «Куштар кеткенде»

Түрк тилинен которгон Таалайбек АБДИЕВ   РОМАН -İ- — «Алтын жалбырак аноним» фирмасынан эмнеге кеттиң дейсиңби? Мунун таң кала турган деле эч нерсеси жок. Алган алтымыш эки лира айлыгым эч нерсеге жетчү эмес. Мойнумда кызыл чиедей эки бир тууганым, оорукчан апам бар… Кээде апам суукту, бир туугандарым кара курсакты айтып кыңкылдашчу. Мен ийними куушуруп: «Эмне кылайын, болгону ушул болуп атпайбы. Тапканымы барда, балда ичип-жеп, силерди ушинтип жалдыратып койсом, айтсаңар болот эле. Бирок баарын көрүп турбайсыңарбы», — дечүмүн. Бул ачык акыйкатты […]

Адеп аңгемелери: Улуу-кичүүгө мамиле

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Абдыкерим МУРАТОВ Улуулар биз да баруучу курактагылар. Кудай ошолордун жашына жеткирсин дейбиз. Илгери өзүбүздөн бир жаш улуу болсо да «ага», «ака», «аба», «эже» дечүбүз. Азыр ошол салт калып баратат. Кыргызда улуунун улуудай жолу болот, улуудай сыйы болот. «Хадистерде» жашы улуураактарды өздөрүңөргө баш кылгыла, кайсыл топто жашы улуу киши баш болсо, ал ата ордуна өтөрү айтылат. Демек, улуу кишинин аталык да, энелик да жагдайы, жооптуулугу, урматы болорун эстен чыгарбашыбыз ылаазым. Улуу адам келсе, аны өзүңдөй […]

Орхан КЕМАЛ: «Элүү тыйын»

АҢГЕМЕ  Кааласа лапылдатып кар жаасын, кааласа шаркыратып жамгыр төксүн, кааласа түңкү аяздын илеби үшүтсүн, баарыбир таңкы саат беш жарымда, караңгы түндү жарып чыккан үнү менен көчө жээгинде пайда болот: — Газета, жаңылыктар! Түңкү саат төрттө туруп, машинкамдын маңдайында отурганым үчүн караңгылыкты, жамгырды, аязды теңине албаган бул үн менен дал ушул жерден жолугушам. Газетанын акчаларын кечинде эле үстөлүмдүн үстүнө даярдап койгонум үчүн күттүрбөстөн дароо көчөгө чуркам чыгам. Газеталарым мурунтан даярдалган болот. Колума карматып, акчасын алаар замат санабастан чөнтөгүнө салып, тоңгон мурдунан […]

Эл наркы: Заманбап салттуу коом

Бийи бир, баатыры миң эл – озот, Баатыры бир, бийи миң эл – тозот. Элден Ак таңдай акын, сулуу кыз, Алгыр тайган, кыраан куш – элдики. Элден  Ардактуу окурманым! Балким, биз кыжаалаттуу темага келдик. Буга дейре учугу чыгып кеткен бир кепти эми кеңите айтуунун келди кези. Сөз, «өзүн өзү башкаруу», жаки, «өзүуюшуу», т.а. анын уруучул өңүтү тууралуу. Бул – азыркы учурдагы эң бир талаштуу, кычыткылуу маселенин бири, атургай, анабашына айланып баратат. Себеби, бир жагынан карасаң, көчө бурч сайын көрнөктөрдө жазылгандай (а […]

Ги де МОПАССАН: «Оңдолбой турган катачылык»

Француздардын атактуу новеллисти жана аңгеме жаатынын чебери. Тогуз жыл аралыгында натурализм багытындагы кыска прозалардан турган жыйырмага жакын жыйнактын автору. Толук аты-жөнү Анри-Рене-Альбер-Ги де Мопассан. АҢГЕМЕ Эки жаш айым көлөкөсү бульварга түшкөн, кичинекей парктын жанынан жолугушушту. Маңдай-тескей келгенде алгач күмөн санагандай болушту. Кайрадан бири-бирин тааныганына ишенимдүү болушканда кулачтарын жая: — Раймонд! — Матилт!… Бир кварталдын балдары эле. Чогуу ойношчу, мектепке бирге барчу, ал гана эмес бир түндүктүн астында бир нече жыл жашаган. Кийинчерээк мектептеги башка достору сыяктуу бул орток жашоонун таттуу […]