Кубатбек БАЙБОЛОВ: Жол

Кеменгердин кебин эш Биз, баарыбыз тең эртедир-кечтир жолго чыгабыз. Жакынкы шаарга, алыскы жерге, чоң турмушка. Адам тагдыры ушундай. Жол — кыргыз поэзиясынын сүйүктүү кырааты. Жолго чыкпаган бир дагы акынды жолуктурууга мүмкүн эмес. «Аттандым алыс сапарга» — акындар үчүн айтыла жүргөн сап. Кайда, эмнеге аттанганы тумандуу, бирок кооз. Арийне, туу туткан бийик максаты бардай, ошого жараша өпкөсү өтө көөп алгандай. Жолдун образын мен кырчындай кезимден эле кыйла так түшүнчү экем. Жол — бул өзүңдү өзүң өстүрүү, жетилтүү аракети. Адеп-ахлак жагынан, илим-билим […]

Жолдошбек Зарлыкбековдун азыркы замандын Ажары тууралуу аңгемеси

АҢГЕМЕ Көчөрбай отуз бештен ооп барып араң перзент көрдү. Жайы-кышын тоо-тоолоп, кырылгыр ак койдон башка барар жолу, бактысы болбогон карапайым чабан догдур-могдур менен деле иши болгон жок. Сол ийнине шайтан конгон күндөрү же бирөөдөн кыйыр какшык сөз укканда аракка ачуусун чылап келип, аялы Ажарды басып жыгылып сабап жатып калчу. Арачыга ээ бербей катуу сабачу да, эки-үч күн ысык тамак ичпей ачка калчу. Аялы чүмкөнө онтолоп төшөктө жатса, казанын ким асмак эле. Көчүгү көмөчтөй эме мешке көң калаганды ушул жашка чейин […]

Бейшебай Усубалиевди Кара кемпир ээрчитип жүрөт

— Бейшебай байке, көптөн бери кабарлашпай кеттик, абалыңыз, чыгармачылыгыңыз кандай? — Көп көргөндү мен да көрүп, эл катары жүрөм. Ал эми чыгармачылык жагына келсем, ичим анча чыкпай турат. — Анда илим жагына көбүрөөк ооп кеттиңиз го?.. — Бул менин колумдагы иш эмес. Бул жагынан мен өзүмө ээлик кылалбайм. Кайсынысы мени жетелеп кете турган болсо, мен ошол жагына ооп кете берем. Азыркы учурга келсем, мени көркөм чыгармачылык байлап алды көрүнөт. Отуруп, кагаз бетине түшүрө элекмин, бирок бир аңгеме жазуу менен мээмди […]

Шакек

Дунган жомогу Качандыр бир убакта Ламзар карындашы Халимага шакек тартуулаптыр. Кенедей карындашы ага жетиналбай желпеңдейт. Шакекте Халиманын да аты жазылган экен. Ал бир күнү колун сууга чайкаганы барып, кокусунан шакегин сууга түшүрүп алат. Жоготконун көпкө издейт, суунун ичине да чумуйт. Таппайт. Арадан далай күн өтөт. Халима муну унутуп да калат. Бир күнү аны эжеси Фатима чакырат. Чуркап жетет эжесине. Келсе, Фатима мууздалып жаткан өрдөктү көрсөтөт. – Карачы эмне экенин? – Өрдөк бул! – Халиманын көздөрү тостойду эжесин тиктеп таңгалып. – […]

Мар БАЙЖИЕВ: Тогузунчу май күнү

АҢГЕМЕ  Жогору чыга бериште автобус жарадар болгон аюудай онтоп араң кыбырады. Көк түтүн асфальттан чыккан аптап менен аралашып коңурсуду. Автобустун ичи үп. Машине жулкунган сайын адамдар алдыга-артка чайпалып, шамалга ыргалган камыштай сеңселет. — Эй айдоочу, сен эмне? Отун тартып баратасыңбы? Чебердеп айдабайсыңбы! Какшык сөздөр, шылдыңдуу күлкү жаш айдоочунун далысынан кайкып өткөнсүйт. Ал рулду бекем кармап, үн катпайт. «Балдар жана майыптар үчүн орун» деген жазуунун астында толмочураак, улгайган аял олтурат. Ал кез-кез жүз аарчысы менен желпинип коет. Эртең менен серүүндө үйдөн […]

Эрнис АСЕК уулу «айла жок, айла жок» дейт

Окурмандардын табити өзгөрдү. Өзгөчө жаштардыкы. Жеңил-желпи нерселерге качыра баштады. Массалык маданият деген жүрөктүн үшүн алат. Эч нерсе дей албайсың. Колго калем тиет. Айла жок… Верлен, Малларме, Рембо «Каргыш тийген акындар» деп үчөө жөнүндө Верлен жазган. Жазгандары да, сүйлөгөндөрү да, жашоолору да союп каптагандай окшош. Улуусу Поль Верлен болгон. Артур Рембого акыл үйрөтчү. Эс тартканы соолуккан жок. Алгач сүйүүгө мас болду. Жалындап ыр жазды. Андан соң жинди суунун түбүнө түшүп, Европаны түрө кыдырды. Жаш досу Рембо менен уруша кетип, ок чыгарып, […]

Түгөлбай Казаковдун алтын балалыгы кандай өткөн?

ЭССЕ * * * …Тагдыр эки адамды кошпойм десе жөөлөшүп турган жеринен адаштырат да, жолуктурам десе жердин түбүнөн айдап келип көрүштүрөт тура… Мен Таласка баратканда дайыма Меркеге токтоп өтөт элем. Аерде таанышым деле жок. Калаанын көрө турган деле эчтемеси жок. Токтогондо кыйратып кылар ишим да жок. Эстекем ырдагандай, кетейин десем кетким келбей, кандайдыр бир күч мени жибербей, бирде жок издегенсип эл аралап, бирде бирөөнү күткөнсүп чай ичип отурчумун. Бир ирет жөнөй берерде бир карыя: «Карагым, Жамбылга чейин ала кетсең кантет?» […]

Мурза ГАПАРОВ: Экөө ээн бакта

АҢГЕМЕ Бак туташкан тоолордун этегинде. Бак чексиз кең. Бактын эгеси жок. Бак жапайы. Миң түркүн дарактар өз алдынча гүлдөп, мөмөлөп, мөмөлөрү ит-кушка, курт-кумурскага жем болуп, чирип-ирип жок болот… Бактын баянын эч ким билбейт, байыркы замандан бери эле жашап келаткансыйт. Бирок жыл сайын жаңы чырпыктар чыгып, көчөттөр көгөрүп, жаңыланып, жашарып турат… Бакта күн бүркөө, суйдаң туман түшүп, себелеп жамгыр жаап атат… Бактын чыгыш жагынан бир адам келип кирет. Үстү суу, колунда узун таяк, арып-азган аквалда… Адам бакты аралап узакка узап барып, […]