Тоголонгон токоч

Белорус жомогу Кыштакта эки абысын токоч бышырат, жегенге даяр болордо «токоч кимибиздики» деген эки катын кыжыңдаша кетет. Тигиниси да, мунусу да токочту бөлүшкүсү келбей, өзү ээлик кылмак болот. Бири чыгат: – Токоч меники! – Каңкылдаба, меники! – экинчиси аңкилдейт. – Мен да бышырдым, токоч меники! Экөө чачташар болуп калганда не болду дебейсиңерби? Токочтун буту пайда болду, мына анан көмөчтандан секирип түшүп, тоголонуп жөнөдү. Токоч тоголонуп тоголонуп качып, түлкүнүн үстүнөн секирип өттү. – Йе, токоч, кайда качасың, кайда шашасың? – шилекейин […]

Нуралы КАПАРОВ: ГЭС курам деп…

Иним Рахат Рысалиевге Кургакчылык жылдары көлкүп аккан, кары калың жылдары мөңкүп аккан. Түнү бою дөңгөкшүп таш агызган, төрт аягын сырайтып ат агызган. Оң жагына бурулса оонап аккан, сол жагына бурулса жоолап аккан. Тосмосу бош жерлерден жыра качкан, тосмосу бек жерлерден тура качкан. Теңирменти тентек суу таштан ташка Теңирменти тентек суу кулап аккан. Тентек сууну жоошутуп чеп курам деп, тентек сууну чуркатып ГЭС курам деп, каруусу аз кыргызга ток берем деп, карайлаган кыргызга от берем деп, Рахат деген бир иним шымаланып, […]

Адеп аңгемелери: Адамга мамиле

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Абдыкерим МУРАТОВ  Жалалиддин Руминин этикалык ибараттарында жөнөкөй адамдар анчалык элес ала бербеген, бирок жеке адамдын тагдырында таасирдүү көрүнгөн окуялардын орду эң сонун көрсөтүлөт. Мисалы, «Кайчы» деген рабиятын окуп көрөлү: Жүрөк оорусу өнөкөткө айланып бараткан бир киши Руминин астына келет. — Мен кандай гана дарыларды ичип көрбөдүм, бирок дартыма даба болбоду, акыры бир айласын кылар деп сизге келдим, — деди ал киши жалынычтуу. Устаз тигил адамга бир топ тигилип, анан ойлонуп туруп: — Мага кайчы […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Түндүк-түштүк маселеси Акаев заманында чыкты

— Дүйшөн агай, өткөндө эле Дача-СУ айылындагы каргашалуу окуяда курман болгондорго терс билдирүү жазган жаштардын кылык-жоруктары коомчулукта катуу талкуу болуп, анын айынан түндүк-түштүк маселеси көтөрүлүп кетти. Түндүк-түштүк болуп бөлүнүү боюнча кандай ойду айтат элеңиз? — Учурда социалдык тармактардагы эки-үч «Чычкак кыздын» дөөдүрөп, акылга сыйбаган сөздөрдү жазып койгону ушуга чейин талкуу болуп жатпайбы. Эми аны көрө койгон депутат же жөн эле катардагы жаран «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей өзүнчө эле дуулдатып жатып калышты. Макул, ал кызды укук коргоо органдары жазалап, башкаларга […]

Сынакка: Аял бул – аалам

«Сен кимсиң, Аялзат?» сынагына №1 «Кудай эркекти жаратып бүткөн соң, андан да кыйын нерсени жарата алаарына көзү жетип АЯЛды жараткан». Адела Сент-Жон Сен кимсиң, аялзат? Мен бул суроого жооп издей баштаган убакыттан баштап, Жараткан адам баласын канчалык татаал, кызыктуу жана өзүнө окшош табышмактуу жаратканына дагы бир жолу таң калып, таң бердим. Бул таң калып, таң берүү өмүрүмдүн акырына чейин, Жаратканымдын алдына баргычакты мени менен калат болуш керек. Элүү эки жылдык өмүр жолумда, 10 жылдык психологдук иш тажрыйбамда кандай гана аял, […]

Василий ШУКШИН: Миль пардон, мадам!

АҢГЕМЕ Бул жактарга мергенчилегени шаарлыктар келишип, ушул кыштактыктардан  өздөрүн коштоп жүргөнгө жер уусун жакшы билген киши таап берүүлөрүн  суранышкандарында алар: — Бар бизде, Темке Киндиков… (Бронислав Пупков) Ал мындайга кыйы-ын, аны менен зерикпейсиңер,- деп жооп беришет да, кандайдыр сырдуу жылмайып коюшат. Темке (Темирболот) Киндиков көгүлтүр көздөрү күлмүңдөп турган, өзү да шыр жүргөн, сөзү да жүгүрүгүнөн келген, чымыр денелүүлүгүнө жараша бекем мужук.   Жашы элүүдөн өтүп калган ал өз убагында согушка катышкан. Бирок окко жулдурган оң колунун эки манжасынан ал согушта эмес, […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Бабалардын тулпары

Байыркы заманда кыргыздын жер дүңгүрөткөн жылкысы көп эле дешет. Анда жоокерлер жоо колун талкалаганда мүлкү менен дүйнөсүнөн мурда алардын жылкыларын тийе качышкан. Байыркы бабаларыбызды көз алдыга элестеткенде алдына сан жылкысын дабыратып айдаган элдин кыркаар тартып бараткан санжыралуу көчү тартылат. Бир кезде кыргыздын жылкысы жети жүз миңге чейин жеткен. Байыркы бир мезгилде бабаларыбыз тулпар элесин желектерге, көк асабага жибек, алтын жип менен сайдырган. Мунун себеби бар. Алар жылкыны ыйык жандык көрүшүп, Көк Теңирдин досу дешип, адам жанын сактагычы, канаттуу тулпары катары […]

Дилазык: Келгиндер менен тургундар

Д-р Мозес РОЗЕН «Биз силерге келгинбиз да тургунбуз: өлгөнүмдү өз көзүмөн ары жашырууга араңардан табыт батарлык орун бергиле менчиктеп» (Быт. 23.4).  Авраам алган жары Сарранын сөөгүн жашырууга Ефрондон ушинтип жай сурайт. «Хет уулдарынын» князы Авраамды «Кудайдын князы» атап, кербездене кабыл алганы менен Махкела үңкүрүнөн жай алуу үчүн төрт жүз күмүш сикл төлөйсүң дейт. Авраам жана анын тукуму өлүгүнө да, тирилигине да аркандай ефрондорго акы төлөбөй жүрдү беле, «лам» дебей макул болот. Ефрондун алкы андан да ачылып, ал акыны акчалай эмес, […]