Аман САСПАЕВ: Дүйнөдө эч бир сулуулукту аялзатына теңебейм

Анда 2012-жыл. Сыртта — алашалбыр жаз. Аман ава сексен эки жашка таяп калган учуру. Караколдон Бишкекке келиптир. «Жаңы Ала-Тоо» журналына акыркы жылдарда жараткан эмгектерин жарыялоо үчүн атайы ат арытып келгенин кобурап отурду. Бул маек ошондо алынып, «Dе-факто» гезитине (23-февраль, 2012-жыл) жарыяланган. Карасөз чебери менен болгон акыркы кезигишүүм ошол болуп калды… – Аман ава, биринчиден сексен жаштан ашканыңызга карабай демдүү жүргөнүңүзгө кубансам, экинчиден сиздей прозанын мастери менен минтип маңдай-тескей отурганыбызга кубанычтамын. Себеби кыргыз адабиятында чыгармачылык чоң потенциалыңыз ачылганы менен чыгармачылык лабораторияңызды адабиятчыларыбыз […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Абама кат

Ырас, агасына акыл айтуу салтта жок болсо да, улуулук баа­баркын, нарк­насилин сактабаган, айрым көңүл иренжитерлик жоруктары мени абама кат жазууга аргасыз кылып туру. Анын үстүнө, бул көптөгөн кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш. — Аба, сага коё турган биринчи дооматым — ичи тардыгың. Өзүңдүн акылың толуп, жашың өйдөлөп калганын эске алсаң обол ичи тардыгыңды ташта. Бирөөнүн жеке ийгилигин кой, эл үчүн жасаган эмгегин да көргүң келбей турганын көп байкадым. «Ал муну бекер жасаган жок» деп, арт жагынан криминал издеп турасың.  Бардык жакшы жактарыңды […]

Рене ДЕКАРТ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Француз философу жана математик Рене Декарт (латынча — Картезий) 1596-жылы 31-мартта Франциядагы Турень провинциясынын кичинекей Лаэ деген шаарчасында туулган. Рене төрөлгөндөн бир нече күндөн кийин энеси оорудан каза болгон. Рене илмийген, оорулуу бала болуп чоңойгон, ага окуганга, ал түгүл сабакка басып барууга да уруксат беришкен эмес. Ошентсе да ал окуганга ар дайым аракет кылган. Кичинекей кезинен эле эсеп чыгарууну жакшы көрүүчү. Бош убактысында ар дайым математика менен алектенип өсөт. Рене ошол кездеги белгилүү иезуиттик колледжден (диний окуу […]

Буйвол жана барабан

Итальян жомогу Эки теңтуш жолугуп калат. Бирден кагыштырмай болушат. Бир жерге киришет. Үстөлгө отуруп, бир чөйчөктөн заказ кылышат. – Э, – дейт бири, – көптөн бери көрүшпөдүк ко. Биз көрүшпөгөндөн бери Неаполдо болдум, несин айтасың, атасынын гөрү. Жолдо катар эмнелерди гана көрбөдүм, акыры таңгалбай да калдым. Шумдук эми. Бирок бир курдай оозум ачылды, эй. Баратам жолдо, баратып – барабан көрдүм. Эми чоңдугун кандай десем… Эми укмуш! Мен аны үч күндө араң айланып чыктым. А барабандын үстүндө кыштак курулуптур. Ал жерде […]

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: Төрт салаа жаш агат жазган ырымдан

ТӨРТ САПТАР Жоргодон туулган жоргокту айт, Баатырдан туулган коркокту айт. Устадан туулган чоркокту айт, Сындуудан туулган сөлпөктү айт. * * * Бир пендеде эки дүйнө — эки асман: Бири — дүйнө, бизди айыпсыз жараткан. Бири -дүйнө күлкү менен жарааттан, Жанды тиштеп биздер куруп бараткан. * * * Жакшы китеп окугула, Кыз сулуусун өпкүлө. Жаш кезде чок чокугула, Көпкөнүңчө көпкүлө. * * * Даңк азгырып өпкөңдү алып мобул жол, Багалегиң үзүп бийлик канчыгы. Сен — бийиктик сага жетүү кандай оор, Намыс, […]

Эрнис ТУРСУНОВ: Ашыктык Кудайынын урматына…

ЖАКАҢДЫ УУЧТА: БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Адеп сактамыш болгон, нарк жактамыш болгон ашыктык төркүнүнө түшүнбөгөн, тар көзкараш, тайыз түшүнүктөгү айрым пенделерге кандайдыр жийиркеничтүү көрүнгөн аял менен эркектин жыныстык мамилеси эң байыркы замандардан бери үстөмдүк кылып келет. Адегенде үрп-адат, жөрөлгө катары эркек-аял ачык асман астында, көк шиберде, салкын абада кошулушкан. Бара-бара бул үчүн атайын үйлөр, заңгыраган храмдар салына баштаган. Храмда кызмат кылган бийкечтер, кенизектер, ордо кыздары, баядеркалар ашыктык кудайына курмандык катары бир түн же көп күн ойнош күткөн. Алар ошол храмдын же […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Айтматов руханий каганаттын куруучусу

ГЕНЕТИКАЛЫК ЭС-ТУТУМ (ПАМЯТЬ) Чыңгыз Айтматовдун бу дүйнөгө кыргыз жергесинде жаралышы кокустукпу же… Жок, тарыхтын жолундагы кадыресе боло турган окуя. Себеби, эртеби-кечпи бир кыргызга бир Чыңгыз жаралышы керек болчу. Дегеним, кыргыз эли сөздөн бүткөн эл. Кыргыздар гана ымыркай төрөлсө «бата» берип, сөз менен тосуп алат, «бешик ырын» ырдап сөз менен сооротот. Жылкы кайтарса, үрөн сээп, эгин эксе, ашыгзар болсо баарын ырдап, сөзү менен билгизет. Жоого аттанаарда сөз менен ант берет. Өлгөндө да сөз чыгарып, кошок кошуп узатат. Андан да сөз менен […]

Салтанат Орозобекованын котормосундагы эки акын

Рабиндранат ТАГОР (1861-1941) * * * Армандуу кандай түш көрдүм! От болуп турса кашымда, Отурса жакын жанымда, Ойгонбой койдум катыгүн! Ойгонуп алып үшкүрдүм. Келиптир түн бир оогондо; Көшүлгөн жымжырт болгондо, Көтөрүп алып арфасын. Түштөрүм калды жаңырып, Ойнолгон, обон, күүлөрдө. Аттиң ай, бирок түндөрүм Алданып өттү түштөргө! Түшүмдө көргөн түгөйдү Көралбай койдум өңүмдө? * * * Ажал келип черткен күнү каалгаңды көргөзөсүң кандай сыйды, кааданы? Оо мен коём Коногумдун алдына кесе толо өмүрүмдүн бар-жогун. Жок, куру кол кетирбеймин мен аны! Жемишин […]

Иван ТУРГЕНЕВ: Прозадагы ырлар

ЭКИ БАЙ Менин көзүмчө балдардын тарбиясына, оорулууларды дарылоого, бей-бечараларга каралашууга өзүнүн эбегейсиз кирешесинен бөлүп берген Ротшильд байды макташканда мен дагы аны мактап жетине албаймын. Бирок мактап жана жетине албай жатып, мен өздөрүнүн жакырланган үйүнө жетим калган тууганынын кызын кабыл алган кедей үй-бүлө тууралуу эскербей коё албаймын. — Катяны өзүбүзгө алалы, — деди кемпир – акыркы тыйыныбызды ага жумшайлы, бирок сорпону даамына чыгарар тузсуз калат экенбиз. — А биз сорпону… тузсуз деле ичебиз, — деп жооп берди мужук күйөөсү. Ротшильддерге бул […]