Сынакка: Менин шаарымдын тарыхы

Менин аты-жөнүм Турдалиев Нурэлес. Мен Кыргызстандын атуулумун. Мен он үч жаштамын. Кыргызстандын өнүккөн мамлекеттерден болушун каалаймын жана өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет. Ал үчүн ар бир адам өз элин, жерин сүйүшү керек. Менин сүйүктүү шаарым Жалал-Абад. Ар бир жердин аталышынын өз тарыхы бар. Илгери Жалал-Абад шаары жайгашкан жер ээн талаа болгон дешет. Эл үчүн жанын үрөгөн Мурзакул болуш калк кыдырып кетип баратып, бак-дарактарды отургузуп, гүлдөрдү эгип жүргөн баба дыйканды көрүп калат. Анын аты Жалал экендигин билет. Ачылып турган гүлдү, жетилип […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Мекенчил мээнеткеч Кеңеш Жусупов

Дөөлөттүү карыя Кеңеш Жусупов «Жаз» деген эссесинде өзүнүн балалык учуру тууралуу мындай баяндарды жазат: «…Атам Кара жорго деген атты кабактан сугарып кел деди. Жоргону жетелеп, колума чака алып, коктуга түштүм. Жазгысын атты дайрадан сугаруу биздин айылда оңой эмес. Көктөмдө кокту-колоттун кары сарыгып, дайранын жээгин муз каптап, суу күкүктөп турат. Ат күбүргө барбай ыргыштап, суу ичпей коет. Аны чакалап сугарабыз. Бир жолу чакага суу сузуп алсам, балык кошо түшүп калыптыр. Чакадагы сууну көтөргөн бойдон, атымды унутуп, дегдеңдеп үйгө чуркапмын. Балык кармаганымды […]

Кайнатасына жаккан келин

Болгар жомогу   Үйүндө бакчасы гүлдөгөн чал болуптур. Бакчасында кайналы толо өсчү экен. А үйүндө жыйырмага чыгып эр жеткен уулу болуптур. Үйлөнтүш керек дейт уулун. «Тарбиялуу, мээнетчил уул өстүрдүм. Эми ага жакшы колукту таап берүү парзым калды. Уулума ылайык колуктуну кайдан тапсам экен?» деп ой басат камкор атаны. Көпкө ойлонуп отуруп, ылаажысын тапты: арабага кайналы жүктөп, кыштакты кыдырып сатмай болду. Алдындагы атын алкынтып айдап, катуу кыйкырык салды кыштакта: – Кимге кайналы керек? Кайналы алгыла! Кайналыны таштандыга айырбаштаймын. Муну уккан катын-калачтар дуулдап […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Шайлоо

АҢГЕМЕ Калмат карыя үй-бүлөсү менен түшкү чайга отурган. Неберелери мойнуна асылып эркелешсе, байбичеси Салкын алардын кылыгына маашырланып, өзүнчө эле жыргап отурат. Уулу Урматбек куудулданымыш этип купшуңдаса, келини Сымбат арчанын түтүнү сызыла чыккан самоордон чай куюп, сыпаа гана жылмайып коёт. Айтор ар кимиси өз ордун билген ушул үй-бүлөгө нарк-насил, береке, ынтымак-ырашкерлик, адеп-ахлак бекем орногон. Кимиси болбосун адеп менен сөз баштайт. Атасы ооз тиймейин дасторконго кол салуу деген эгерим болбойт. Ал айткан сөздү эч качан эки кылышпайт. Бир-эки чыныдан чай ичишип, чаңкоолору […]

Жек ЛОНДОН: Өмүр кызык

АҢГЕМЕ Алар эңкейиш ылдый өзөндү карай илең-салаң басып келатышты. Алдыда баратканы башаламан жаткан кой таштарга мүдүрүлүп, бир ирет жыгылып да кете жаздады. Күчтөн тайып, ашкере чаалыгышкандыктан, узакка созулган мусапырчылыктан кийин алардын иреңдеринде тобокелдик менен кыйынчылыкка моюн сунуунун түрү бар эле: Аркаларындагы арчындаган оор жүктүн салмагы артка карай тарткандыктан, алар көөдөндөрүн жүткүнтө алга таштап, белдерин бүкчүйтүп, моюндарын созуп, көздөрүн жерден албастан келе жатышты. Экөөнүн тең мылтыгы бар. — Алиги жашыруун жайга катылган биздин патрондордон ушул азыр кур дегенде экөө болсо эмне? […]

Уруучулук трайбализмби?

Кийинчерээк жалпы улут идеясын иштеп чыгышыбыз керек деп көп айтчу болдук, а бирок анын байланган казыгын таппай кайсалайбыз. Менимче, улуттук идея деген көктөн түшпөйт, жерден чыкпайт, башка калктардан көчүрүлүп да алынбайт. Ал өзүңдүн эле кыртышыңда жатат, кесе айтканда, так ошол уруучулугуңда да бир принциби катылган. «Кыргызчылык» деп өзүбүз жерип салган түшүнүктүн боюнда улуттук канча бир асыл сапат тунуп турганын сактанып болсо да айтчу болдук. Эмесе ошол «кыргызчылык» деген жакшы маанидеги түшүнүктүн байтүбүн алиги биз айткан «уруучулдук» деген жакшы маанидеги түшүнүк […]

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: Прокурор

АҢГЕМЕ Кыш чилдесинини мемиреген тынч күндөрүнүн бири. Жыйын-теринин эбак бүтүрүп алган айылдыктар печкесине отту улуу жагып, булоолонто чай ичип, үйдөн көчөгө кем чыгып калган маал. Ушул күндөрдүн биринде Бакир аксакалдын коргонунан коюу түтүн бөтөнчө булап жатты. Түтүн менен кошо мурун өрдөгөн жагымдуу жыт көчөнү каптады. Кечээ кечинде союлган тайдын эти, бүгүн удаа союлган эки койдун эти үч чоң казанда өз-өзүнчө кайнап, дагы бир казанда боорсок бышып, короо ичи кыш күнүнө карабастан шаңдуу, кирип-чыккандар көп. Бул үй бүгүн куда тосуу камында. […]