Жети бала

Кыргыз жомогу Бир кедей кемпирдин жети баласы болот. Ал балдар абдан акылдуу болуп чоңоюшат. Өнөр үйрөнүү үчүн жетөө жети өнөргө тырышышат. Күндөрдүн биринде кемпир жаа жасайт. Балдары энесинен жааны кимге берерин сурашат. Анда кемпир: — Балдарым, араңардан кимиңердин өнөрүңөр артык болсо, ошого берем, — дейт. Эң улуусу: — Энеке, асмандагы алпкаракуштун карааны торгойдой болуп гана көрүнсө да, атып түшүрө алам, мергенчимин, — дейт. Экинчиси: — Менин өнөрүм ушул. Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин таба алам. Үчүнчүсү: — Дүйнө жүзүн […]

Медер Бишкек: Император-Каган массаж мектеби (видео)

Медер Бишкек: «Император-Каган массажы — омуртка грыжасы, уйкусуздук, остеохондроз, сколиоз, полиартрит жана башка көптөгөн ооруларды дарылоодо жогорку деңгээлде таасирин көрсөтө алат». Медер БИШКЕК — улут саламаттыгына жаралган уул

Сайрагүл КАСЫМОВА: Чымындар

АҢГЕМЕ  Кейиштүү тагдыры кесирлүү мүнөзүнүн үзүрү эле… Аттиң, бири кем дүйнө. Кезинде жалганга жалгыз жаралгансып, анча-мынча нерселерди эликтей карап, көздөрү ботонукундай жайнап, музоо кирпиктери ирмелсе көргөндүн көңүлүнө бүлүк салып, далайларга күйдүм чокту ырдатпады беле? Эми минтип жалгыздыктын жан кейиткен зардабында жашап калды. Көздөрү тумандап, жаздыктан башын араң көтөрдү. Үч күн болду наар ала элек… Тааныштарына телефон чалып жардам суроодон намыстанды. Жайкы аптап терезени өчү бардай куйкалайт. Ал: «Жок дегенде форточканы ачып алсам болбойт беле, ушуга да шайым келбейби», — деп […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: Кузгундан үйрөнгөн саясат

Эл алдында чачырап, төгүлүп сүйлөш керек. Бирок киши эл алдында чачырап, төгүлүп ырдай алат, сүйлөй албайт. Элдин сүрү бар. Бул сүр аябай олуттуу. Ырга гана баш ийет. Кыргыздар муну байыртан жакшы билишет. Мышык этин жеп, күрүчүн түртүп койгондой, жаман-жакшыларын алдыга түртүп чыгарып койушат. Мени өткөн жумада «Асабанын» майрамында алдыга түртүп чыгарып койушту. Чачырап төгүлүп сүйлөй албадым… Улуу күч сүйүү гана кишини төгүлтүп чачыратат. Күн ошентип чыгат. Илгерки китептерде Күндү кудайдын жашаган үйү дешет. Ошондо мени бир жөнөкөй нерсе таң калтырды. […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Поэзия – тагдыр

Азыркы күндөгү кыргыз поэзиясынын эң белгилүү устаттарынын бири Турар Кожомбердиев экендигин сыймык менен атоого болот. Тукебиз бул дүйнөдөн жаш кетти, андыктан анын миңдеген окурмандарына, тууган-туушкандарына, калемдештерине ошол 48 жаш курагындагыдай жаш боюнча элестелип кала берди… Анын канаттуу ырлары да акындын чагылгандуу жаштыгын элестетет. Дайыма бийикке талпындым, Издөөнүн жолунан кетпедим. Бир далай кырларга чыксам да, Эң кылда чокуга жетпедим. Умтулам жүрөгүм жагылып, Кулаймын кум менен агылып. Жетпесем жетпесмин, а бирок Өтөөрмүн чокуну сагынып. («Таңкы симфония») Акындыкты кесип катары көргөндөр мурдагы СССР […]

Самара Насырова: Ичпечи, иним!

Кечээ дагы жер алдындагы жолдон көрдүм. Мас… Селсаяктан айырмасы жок, колунда тамеки… Өзү бутуна туралбай атып дагы бирдемелерди булдурап сүйлөп коёт. Жүрөгүм жанчылып кеткендей болду, бир туугандын иши кыйын го, чиркин!… Бирок, бирок жанына баралбадым, бир эсе элден уялсам, бир эсе баары бир алым жетпейт да, мас неме жүр деген менен тилимди ала койбойт ко… «Олдо кагылайын, бир боорум-ай! Сени ким түрттү бул жолго, өзүңдү колго алсаң боло! Эркиңдин боштугу, өзүңдүн жооштугуң сени ушул абалга жеткизди го. Өзүң гана кыйналбай, […]

Атантай АКБАРОВ: «Көралбастар мени СПИД менен ооруп калыптыр дешкен»

— Акын болуш үчүн сөзсүз тагдыр керекпи? Анда тагдыры жок акындар кантти? — Бирөө жөн эле үйүнө кирип-чыгып жашаса, ал деле тагдыры го. Демек, тагдырсыз адам болбойт. А акындык тагдыр деген кандайдыр бир өзгөчө окуяларга, жагдайларга капталуу (маселен, үй-бүлөсү менен ажырашуу, ичип кетүү, катуу ооруга чалдыгуу, саясый курмандыкка чалынуу) эмес. Акындык тагдыр деген эң башкысы, ал калемгердин канчалык даражада инсан боло алгандыгы жана өз тагдыры менен өз доорун кандай бийиктикте, кандайча көркөм ырдай алгандыгы менен көрүнөт. Кеп мына ошондо. А.П.Чеховдун: […]

Данияр ИСАНОВ: Кудай көкүрөктө жүрсө, көчөдөн издеп не кылам

* * * Турмушту ыйлап атып каткырып, каткырып атып ыйлап ийгендей абалда кабыл алыш керек…   * * * Жашоодо: “Бактылуумун” дегендер да, “бактысызмын” дегендер да өзүлөрүн алдап жашагандар…   * * * – Кудайды карасаң боло! – деп, коркуткандардын өзүлөрү – Кудайды карабай туруп айтышканын көрүп алып, үрөйүм учту.   * * * “Бүгүн 31-декабрь. Жаңы Жыл. Бардык балдар жана кыздар көчөгө майрамдашканы кетишкен. Бөлмөдө жалгыз мен эле калгам!” – деген жазууну жатакананын бир бөлмөсүндөгү дубалдан окуп алып ким […]

Устат-шакирттен учкул кеп

Улуу устат Салижан Жигитовдун шакирттери албетте, аябай көп. Аны ээрчип ташка тамга баскандай күлкүсүнө, аңгемесине кангандар андан көп. Гезит-журналдарга, телерадиого интервью алгандар да арбын. Арийне акырын абай салсак, а кишиден менден көп интервью алып, басма бетине жарыялагандар жок болсо керек. Андай «кызматташтык» экөөбүздүн ортобузда өткөн кылымдын 80-жылынын ортосунда башталып, а киши бу дүйнөдөн көчкөнгө чейин уланды. Мен аларды барактап отуруп, Устаттын айрым ойлору ушул күндө да урунттуу мааниге ээ экендигин эстедим. Ошондуктан алардан үзүп-жулкуп болсо да жарыялап турууну туура таптым. […]