Эрнис АСЕК уулу: Аптээк*

АҢГЕМЕ Ак марлиге оролуп, терезеде илинип турат. Канча болду? Бир кылымбы, эки кылымбы, үч кылымбы, төрт кылымбы? Билбейм, ай. Көп болду. Чаңдап бүттү. Карып бүттү. Ушинтип эле турат, турат, турат, терезеден сыртты карап, жайы-кышы ушинтип эле илинип турат. “Эмнеге илинип турат?” деп ойлоп калам. Ушинтип эле тура береби? Же пайдасы жок, же зыяны жок. Чоң апам “Окуйм” дейт. Бирок мен окуганын көрө элекмин. Илинип турганы турган. А чоң апам “Окуйм” дейт. “Качан?” десем, “Сен окушуңда жүргөндө” дейт. “А мен мектепке […]

Сынакка: Аялзат ыракаттын, мээримдин, сүйүүнүн булагы

№3 Аялзаттын үй-бүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен аялзаттын мойнуна көбүрөөк жүктөлүп калууда? Биз бүгүн сөз кылып жаткан тема — бул бүгүнкү күндө коомдогу эң актуалдуу маселелердин бири. Аялдардын үй-бүлөдөгү орду өтө чоң мааниге ээ. Кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө, коомдо татыктуу орунду ээлеп келген. Аларды эне-катары, жубай-катары сыйлап урматташкан. Ошондой эле биздин каада-салттарыбыз, эл макалдарыбыз, аялдардын жүрүм-түрүм эрежелерине өз убагында, салым кошуп турат. Башка элдерге караганда уят, намыс бизде жогору […]

Шакир КАБААГАЧЛЫ: «Жарыгын жоготкон куш»

Халикарнас Балыкчысы Осмон түрктөрүнөн чыккан атактуу жазуучу, журналист, сүрөтчү, акын жана изилдөөчү. Осмон империясынын кадыр-барктуу үй-бүлөсүндө туулган. 1926-жылдан тарта деңизке арналган аңгемелери менен таанылган. Эң негизки темалары мифология казынасынан азыктанган, тагдыры деңизке байланган балыкчылар, суучулдар жана деңиз аңчылары. Толук аты-жөнү Жеват Шакир КАБААГАЧЛЫ. Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу АҢГЕМЕ Ак чардактар жөнүндө айтып жатам. Алардын тынымсыз чырылдак үнүн угуп, калдактап учканын жээктерден көргөн сайын карап эле тургуң келет. Бирок биз билген ушул ак чардактардан башка андан да чоңураак, канаттары […]

Евгений ЕВТУШЕНКО Кожогелди Култегиндин котормосунда

АРМИЯ Палатада радиону басайтып, жарадарлар баштан сылап – муюп биз, Зимадагы госпиталды тазартып, балдар хору концерт бердик унуткус. Башташ керек дегенди угуп тикийди, деми күчөп, айланайын, баарынын – балдар, кыздар эки катар тизилди алдында ушул согуш каармандарынын! Одурайып олтургандар – дос ошо, көзү чуңкур, кабагы оор – карашып. Ал-ансайын момураша, бошошо, анткен менен тиктейт бизди аяшып. Согуш соолтуп – оорук кандай кичирген, кан-сөлү жок, арык баары – жарымдай. Айрык, көөнө пальтолордун ичинде аларга биз – согуш каармандарындай! Көз караштар учкул, […]