Чоюн ӨМҮРАЛЫ: Өзү уюшмалдык уңгусу

Өзүн өзү сактоо жана өзүуюшмалдык (самоорганизация) – табийгаттын башкы мыйзамы. Ушул улуу мыйзамга негизделип жашоо – табийгат тирүүлүгүнүн жана коомдук өнүгүүнүн башкы шарты. Кыргыз Эли да сан кылымдарды карыткан тарыхында өзүн сактап жашоонун, өзүуюшуунун чыныгы үлгүсүн издеп таап, ошол Асыл Эрежесин Алтын Түркүк тутунуп жашаган үчүн бүгүнкү күнгө эсен келди. Тескерисинче, өзүуюшуп жашоонун көзүнөн адашкан, кезиндеги не бир күркүрөгөн элдер, дүркүрөгөн цивилизациялар кийин тарых айдыңынан чийилип жок болушту. Эми да карт тарых элдердин, айрыкча азаттыгына жаңыдан жетишкен жаш мамлекеттердин алдына […]

Сараң кереңкур

Алтай жомогу Ак кайыңдар күмүш бариктерин күүп, карагайлар алтын ийнелерин заардуу шамалга алдырып, асмандан муздак жамгырлар тез-тез жаап, бул аймактарга жай өтүп, күз келди. Канаттууларды бул жерлерге билинбей басып кирген күз жүдөтүп, жылуу жактар эңсетип туруп алды. Жети күн токой четинде алар жыйын өткөрүп, жети күн тең бирин бири жоктоп атты: — Баарыңар ушундасыңарбы? Эч ким калбай келдиби? Ким бар да, ким жок, тактагыла? Баары бар да бир гана кереңкурдун карааны көрүнбөйт, доошу угулбайт. Каарданган бүркүт иймекей курч тумшугу менен […]

Акбар РЫСКУЛОВ: Көзүм жок күйө турган көрүп менин

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАРТАСЫ Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Калкыбызга канча сыймык артасың: өрөөн, жайлоо, төрдү көр, көлдөр, суулар, мөңгүлөр көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын! Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Капаны да, жапаны да тартасың: чек араны чечейтип, кең араны кекейтип, кескендерди кайсы Кудай алкасын?! Кайра кара Кыргызстан картасын!.. Колго кармап кайчы, кылыч, балтасын, этек-жеңди өөнөгөн, эшик-төрдү жөөлөгөн кас душмандан казыр дагы жалкасың! Карап көрсөң Кыргызстан картасын, Көз алдыңа Кумай кушту тартасың, бир канаты кетилип, бир канаты жетилип, бийик зоого сүйөп турат аркасын! Кумай кушту […]

Дебора ПОТТЕР: Көзкарандысыз журналистика колдонмосу (3-бөлүк)

<<<<<<<<<<<<<Башы 5-бап Телерадио жана интернет Радио, телекөрсөтүү жана интернет журналистикасы – адистешкен журналистика, анын талаптарын биз жогоруда сөз кылдык. Телерадио журналистикасы сөздөрдү эле эмес, аудио жана видеоматериалдарды да пайдаланат. Алардын жазгандарын аудитория окубайт, тыӊдайт. Телекөрсөтүүдөгү кесиптештери сыяктуу эле интернет журналисттери да өз кабарларында аудио жана видеоматериалдарды, ошондой эле окурмандын окуя менен олтурган жеринде таанышуусуна мүмкүнчүлүк бере турган интерактивдүү элементтерди да пайдаланышат. Жөнөкөйлөштүрүү максатында биз бул бапта бардык радио жана теле кабарлары үчүн алар эфир, кабель же спутник аркылуу берилгенине карабастан, […]

Олег БОНДАРЕНКО: Ысык-Көлдүн оттору

АҢГЕМЕ Балалык кездеги сүйүктүү фильмдин таасиринен улам, окурмандарым аны боолголойт деп үмүттөнөм. Витя көпчүлүк айткандай арактан башка менен иши жок бекерпоз, кейбирлердин бири болчу. Анысын өзү деле билип, өзүн өзү катуу жемелей турган. Аракеч болгону менен ал уяттуу болчу, жок дегенде ичкендин эртеси уялып калчу. «Ооба, кечээ катуу кетип калыптырмын, – дей турган ал өзүнө өзү же жанындагыларына. – Демейкидей эле, аябай ичиптирмин! Ошондой кейбирмин да!» Ал ичкиликти биротоло таштап, көпчүлүк катарындагы иштерман кишилерден болууну аябай самай турган. Кээде ошондой […]

Мелис АБАКИРОВ: Таш Коргон. Ак байбиче. Кара кемпир

ИКАЯ Ибрагим Жунусовго арналат. Бул мартабалуу делген чакан бейтапкана калаанын чок ортосунда. Болгондо да сыртынан саябандуу сейил бакты элестеткен чар тарабы темир кашаа менен тосулган, төрт тарабын тең чоң жол кесип өткөн, ошо туш-тарабынын ортолорунда унаалар үчүн чоң дарбазалары, алардын капталдарында жөө-жалаңдар кирип-чыккан өткөөлдөрү бар капкалуу өзүнчө бир кичинекей махала. Күндүз кумурсканын уюгундай кирип-чыккандардын аягы үзүлбөйт. Биерде илимий иштерди да жүргүзгөн, доктур болчу студенттерге да дарс окуган, оорулууларды да дарылаган, даңазалуу академиктердин ысымдары ыйгарылган бир нече клиника жайгашкан. Алар бири-биринен […]

Данияр ИСАНОВ: Ата журт

ЭССЕ Ата Журт деген сөздүн өзүн эстегенде, эчаккы өткөн бир учур эске түшөт. Ошол жылдары тагдыр мени Жер Ортолук деңиздин жээгине чейин сүрүп барып таштаган эле… Ал учурда тамырымды тартып, сырымды сураган жалгыз гана “күрп-шарп” эткен деңиздин толкуну болчу. Толкунга гана айтчумун сырымды. Ал менин ырымды угуп, ыйымды түшүнчү. * * * Көкүрөккө толгон бугумду деңизге төкчүмүн. Ата-бабам көрбөгөн алыскы жерде жүрүп, кайсы бир күнү онтобой туруп катуу жыгылганым эсимде. Таңды-кеч төшөк тартып жатып жаман ойлор жабышканда, Кудайдан тилегеним бир […]