Жети бир тууган

Алтай жомогу Эзелки-эзелки бир эсте калбаган убактарда Алтайда али адамдар байырлай элек кезде бул жерге биринчи болуп жети бир тууган келиптир. Алар түз өскөн, бийик, бышык жети карагайдай бой жетип, жети күрөң аюудай бакубат, жети көк карышкырдай ынтымак болуптур. Алардын бирөөсүн гана көтөрүп жүрө алчу ат бул жер үстүнөн табылчу эмес. Ошон үчүн алар бир жерден экинчи жерге жез түркүккө таянып басып барышчу. Булар басканда жер бетинде эң тез учкан куштар да жете алчу эмес, тоого чыкса, жеңил бут кабаргалар* […]

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ: Оторчулук саясаттын тарыхый аталыштарга таасири  

Орусия империясынын оторчулук саясатын ар тараптан ачып берүү тарыхчылардын башкы милдеттеринин бири. Ансыз эгемендүүлүктүн баркын аңдап билүү мүмкүн эмес. Оторчулук аракет – бул жаңыдан каратылган калктын үстүнөн бир тараптуу чечимдердин кабыл алынышы, укуктарынын болуп көрбөгөндөй чектелиши, алардын ой-пикири, каада салты, маданияты, дини, тарыхынын басмыртталышы, кыскасы, карамагындагы калкты кыңк эттирбей башкаруу. Кыргыз эли Орусия империясына баш ийдирилгенден соң оторчулук саясаттын туташ зомбулугуна кабылган. Алардын бири кыргыз элинин тарыхый эстутумуна каршы жасалган аракеттер. ХIХ кылымдын 2-жарымынан тарта Түркстан чөлкөмүн башкарган падышалык төбөлдөр, […]

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ: Адабий тарыхка акыйкат кеп калсын

АДАБИЙ МУРАС Редакциядан: Котормочу А.Жакыпбековдун чыгармачылык өнөрканасына кошо турган бул интервьюну өз кезегинде Чолпон Жолдошева уюштурган экен. Ал өз мезгилинде өтө популярдуу гезит – «Кыргызстан маданиятына» жарыяланган (18-август, 1993-ж.) Арийне, адабият илиминде бул урунттуу жагдай айтматов изилдөө илимине чымындай үйүлгөн адабиятчылардын, илимпоздордун көңүл сыртында келатыр. Ошол олуттуу маселени окурман эсине салып коюуну эп көрдүк. (Алым Токтомушевдин жеке архивинен) А.Жакыпбеков кыргыз окурмандарына кадыресе таанымал жазуучу. Бирок Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармаларын кыргызчалатканы көпчүлүккө анчалык дайын эместей. Сөз ошол тууралуу болсун. Алгачкы […]

Жунай МАВЛЯНОВ: Нан

АҢГЕМЕ Мындан үч-төрт күн илгери Жаныбек, жаңы таамил алма багынын бир четинде чычкан кулагындай бариктерин эртели-кеч жүргөн желге жалмалатып турчу жалгыз түп талдын көзүнө карабай, эки түз кадасын кыйган болучу. Кабыгын аарчып таштаганга тез кургаса керек, кечинде жакшылап чыңдалган эки кетменди аларга аштап кийгизди да, бүгүн күн али нурлуу жүзүн ааламга көрсөтө элек маалда, биринин артынан экинчисин удаа тамдын төбөсүнө ыргытты. Жан жыгачы күнгө күйүп, эскиси жеткен шатыга бут койгондо майланбаган арабанын күпчөгүндөй андан «кыйч-кыйч» эткен жагымсыз добуш чыгып турду. […]

Александр ПУШКИН: Ар кай жылдагы байкоолор, учкул ойлор жана үзүндүлөр

* * * Бизде адабият бар, бирок адабий сын али түптөлөлек. Вольтерди билбеген, франмосондор тууралуу түшүнүгү да жок кемпирлер куу чирендерди франмосон, волтерянчы деп тилдеген сыяктуу эле журналисттер жазуучуларды романтика менен тилдейт. * * * Француз сынчыларынын романтизм тууралуу өз түшүнүгү бар. Алар кырданып кыялданган же кайгырып ындыны өчкөн чыгармалардын баарын эле романтика деп коюшат. Атүгүл айрымдары жаңыраак сөздөр менен сабатсыз саптарды да романтизмге такайт. Ошентип байыркы салттарга байланган, грек ыр түзүлүшүн француз тилине жөндөп салалбаган акын андрей Шенье да […]

Олжобай ШАКИР: Ишенимдин саткындары

Ишеним – адам баласынын эң ыйык сезимдеринин бири. Ишенимден ажыроо саткынчылык болуп келгени туурасында карт тарыхта мисал көп. Айтсак, дүйнөнүн улуу жаагери Чынгызхан ишенимдин саткындарына аёсуз жаза колдонуп, аларга кечирим кылбаган. Өз катарындагылардан чыккан саткындарга кылычтын мизи менен гана жооп кайтарган үчүн улуу империяны түптөгөн эмеспи… Кыргызстанды кубаттуу өлкө катары дүйнөгө тааныта албай келатканыбыздын эң башкы себебин көбү экономикалык чабалдыгыбыздан көрүшөт. Жок! Кептин баары – эл ишенимин сууткан саясый элитанбыздын саткындыгы экенин эки жолку мамлекеттик төңкөрүш көрсөттү. Анысы да, мунусу […]

Улуттун кайра жаралуу сезимин ойготкон ага-ини

Саясый чөйрөдөгүлөрдүн бир адаты бар: эл көзүнө көрүнүш үчүн, эл оозуна алыныш үчүн иш-чара уюштурган. Анысын атпай журтка жар салып жайылтмайын жандары тынбайт. Андайлардын жандооч журналисттери да көп. Жулкунган журналисттер анан радио-теле, гезиттен түшүрбөй мактап, иш-чара уюштурган каармандан өткөн мекенчил жоктой сыпатташат. Элге андан өткөн жапакеч жан калбагандай, эл десе ичкен ашын серпип ийип ордунан үзүлүп жүгүргөн эр-азамат экенин дуулдатып жатып калышат. Анысы маа демектен кылмышкер болсо да Манаска теңешет. Өлдү деген Манастын кырк чоросу тирилип тура калгандай жашытып ийээр […]

Салижан ЖИГИТОВ: Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде

Салижан акебиздин кыргызды абыдан катуу чычалаткан, эң ызы-чуулу маектеринин бири дал ушул. Анда да саясый кырдаал кудум бүгүнкү күндөгүдөй болуп турган. С.Жигитовдун бул маеги «Республика» (5.11.2002) гезитине жарыяланар замат А.Акаевдин айдакчы гезиттери менен интеллигенция өкүлдөрү Сакебизди туш-туштан тытмалап жатып калышканы күнү бүгүнкүдөй эсибизде. «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакциясына Сакебиз күндө бир маал келип-кетип, боорубузду тырматкан азилдерин биринен сала бирин айтып күлдүрөр эле. Андан бери арабызда Сакебиздин гана көзү жок, а турмуш акебиз маңдайыбызда туру. «РухЭш» сайты улуу устатыбыздын «Көсөмдүн көмүлгүс ойлору» […]

Птолемейдин окуусун жокко чыгарган Коперник

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Поляк астроному Коперник Николай 1473-жылы 19-февралда Торунь шаарында туулган. 1491-95-жылдары Краков университетинде окуп, билим алуусун Италиянын Болонья, Падун, Феррера университеттеринде уланткан. Негизинен астрономия, андан тышкары медицина, укук боюнча билим алган. 1512-жылы Фромборк шаарына көчүп келген. Обсерватория куруп, изилдөө жүргүзгөн. Ал мамлекеттик ишмер, мыкты врач жана астроном катары белгилүү болгон. Дүйнөнүн гелиоборбордук системасын түзгөн. Коперник астрономия боюнча көп иштеп, ар бир түндү текке кетирбей жылдыздарга байкоо жүргүзгөн. Байыркы грек окумуштуусу Птолемейдин Жер – Ааламдын борбору деген окуусун жокко […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору (мурдагы бөлүмү ушул шилтеме) Убактылуу Өкмөт 2008-жылдын аягында БЭК түзүлүп жатканда бир гана Бакиевдердин жеке үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы биригип, радикалдык-революциялык жолдор менен аракеттенүү эле эмес, ал үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ордуна кандай бийлик системасы, кандай заман курулары жөнүндө да оппозиция лидерлери бир пикирге келип калган эле. Эгерде 2008-жылдын ноябрь айына чейин Кыргызстанда негизинен оппозиция үч топко бөлүнүп аракеттенип жүрсө, БЭК түзүлөрү менен оппозиция бир муштумга бириге алышты. (Сынганы сынып, БЭКке келбей калгандарды кошкондо) Мурда оппозициянын айырмачылыктары жогоруда […]

Жорж ОРВЕЛ: Айбан чарба

Которгон Насыпбек АСАНБАЕВ ПРИТЧА-ПОВЕСТЬ I БӨЛҮМ Бай чарбанын ээси мистер Жонс уктаганы баратып тооккананын оозун бекитти да мастыгы менен кичинекей тешигин жапканды унутуп калды. Колундагы панары ары-бери теңселип, тегерек жарыгы бирде нары кетип, бирде бери кетип баратты. Акыры арткы эшиктен кирип, өтүгүн силкип таштаган соң челектеги сырадан бул күндүн акыркы чөйчөгүн кылкылдата жутуп, керебетте үчүнчү түшүн көрүп жаткан миссис Жонстун жанына сулк жыгылды. Жатак үйдүн жарыгы өчөрү менен короодо дабыр-дүбүр, күбүр-шыбыр башталды. Күндүз эле картаң Корбашынын, көрсөтмөлөрдө далай байге жеңген […]

Карышкыр

Бурят жомогу Карышкыр дарыя боюна келип, баткакка тыгылган кулунду көрдү. Шилекейин чууртуп даяр оокатты жегиси келди. Кулун жалбарды: — Сен адегенде мени тартып чыгар, анан деле жегенге үлгүрөсүң. Бөрү айтканга көндү. Кулунду тыгылган жерден тартып чыкты. Анан аны жемекчи болду эле кулун минте салды: — Коё тур, кашабаң, анан дале сен жейсиң да. Мен адегенде курганайын, жуунуп-тазаланайын. Болбосо ушул баткак менен кантип даап оозуңа саласың. Кулун курганды, жүнү жылтырап тазаланды. Карышкыр тишин кайрап, ичин жара тартууга камынды. — Коё тур, […]

Олжобай КАРАТАЕВ: Кыргыз тектүү хотондор

Тарых илимдеринин доктору, профессор. ЖалалАбад облусундагы Сузак районуна караштуу ОртоАзия айылында 1963-жылы туулган. Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Кыргыз Улуттук илимдер академиясында жана Ж.Баласагын атындагы КУУда тарых факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти, профессору, кафедра башчысы, биринчи проректору болуп иштеген. У ч у р д а « М а н а с » Кыргыз-Түрк университетинин профессору. Тарыхтын өчпөс издери … Алар (хотондор) боз үйдү пайдаланышат, өздөрүн мусулмандарбыз … кыргыз тегиненбиз деп билишет. Б.Владимирцов Бүгүнкү […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Бул менин бутумбу, сенин бутуңбу?

ФЕЛЬЕТОН Аңгемени адегенде түшүндүрүп отурбай, туура эле чокусунан түшүү керек. Ошондой болсо да, аз-аздан алдын-ала сүйлөгөн жакшы. Фрунзеден Ысык-Көл жакка, Тянь-Шань жакка баруу үчүн поезд же автомобилге түшөсүң. Поезд болсо, Рыбачыга чейин гана алып барат. Ал эми автомобилге, акча маселеси жайында болсо шофёрлорду чекеге чертип туруп түшөсүң. Кээ бирөөлөр машинага түшкөндү, кээ бирөөлөр поезддин ичинде чай ичип термелип барганды жакшы көрүшөт. Мен көбүнчө чөнтөк жагым менен кеңешем. Маселен, мындай деп ойлоном: «Кош… машина болсо Рыбачыга чейин 70ти алат. Таза машина […]