Олжобай ШАКИР: Жыт

АҢГЕМЕ Бөкчөйгөн бечара кемпирдин заарканганы – жыт. Ал жыт өзүнүкү, бирок өзүнө кайдан жыттансын, аны эшиктен кирери менен уул-келини, неберелери сезет. Алар босогону аттаары менен кемпирге жийиркеничтүү карап, терезе, балконду ачканга шашат. Үйдө жагымсыз жыт пайда болгонун мурда эч кимиси ачык билдирчү эмес эле, азыр босогону аттары менен «өф-фи-иий» деп турушат. Башкасы башка го, «апа, терезелерди ачып отурсаңыз боло!» дегенди өз жанынан чыккан уулу Медер баштайт… Бечара кемпир кийинчерек ушул кепти көп уккандан жазганчаак болуп бүттү. Медердин энесине жасаган мамилесин […]

Мамат САБЫРОВ: Пешенесине ат тепкен

АҢГЕМЕ Бишкекке учушум керек болчу. Саатты карасам бир аз убакыт бар экен. Кой, нанүштө кылып ала коёюн деп мейманканага жакын жердеги чайканага бет алдым. Демейде киши кумурскадай кайнап турчу чайкана али ээн. Чайканачы жигит самоордун жанына жыйылган чайнектерин бирден сүртүп, бир аял мизилдете шыпырылган короого суу сээп жүрөт. Бурчтагы сөрүдө болсо эки киши отуруптур. Мен дагы бир чайнек чай менен нан алдым да тигилердин бет маңдайындагы сөрүгө барып отурдум. Жашы кырк-кырк бештердеги бул экөөнүн бири шаардык болсо керек, кылдат тегизделген […]

Эки кыл кийим

Алтай жомогу Жылымык тарткан жазгы күнгө жана заардуу баардын шамалына кыш бою жаткан кар туруштук бере албай чет-четинен сөгүлө баштады. Анан бат эле жер карарып, чөпкө жан кирди. Жаныбарлар да, канаттуу куштар да – бары эле жаз келгенге көңүлдөрү шат, делебелери куунак. Бир гана ак коён сумсайыңкы, ат түгүл ыйлап да алган: — Аппак кар, аппак кар, кете көрбө! Мени, ак коёнду, таштай көрбө! Сенин ак жүндөрүң менен мен бүт кыш бою душмандарымдан коргонбодум беле… Эми мына бул кара жерде, […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Бүбүсара Бейшеналиева

Акырет кеткен көп эле көйкашка замандаштарыбыздын күйүтүн тарттык, анын ичинде Бүбүсара Бейшеналиевадан ажыраганыбызда кабыргам айрыкча кайышты. Буга көп себептер бар. Баарыдан мурда ал эл таалайына чанда бир туш келер табылгыс жан эле. Менин оюмда, кыргыз элинин маданий жактан дүркүрөп өркөнү өскөн бүткүл соңку жаңы доорунда Бүбүсара Бейшеналиева анын айдың тунук асманында балбылдап жанып чыккан улуттук биринчи жылдыз болду. Айтор, аны ар дайым эстеп, ойлой жүргөнгө жалпы мааниде болсун, жеке мааниде болсун, мен үчүн олуттуу, терең көп эле жүйөлөр табылат. Ойлоп […]

Сергей ЕСЕНИН: Персия кайрыктарынан

* * * Сээлдеди эски дарттын сүлдөрү, Сергилеңмин мастык эзбей жүрөктү. Соолуктуруп Тегерандын гүлдөрү, Соо олтурам чайканада күнөстүү. Орустарга мактап барсын дегендей, Олбурлуу жан чайканачы чарк урат. Күчтүү демдеп кызылынан белендей, Күчтүү арак, вино ордуна чай сунат. Сыйла, бирок алаксытпа анчалык, Сыйдан артык лола гүлдүү багың бар. Бекеринен көз кыспады каш кагып, Бет чүмбөтүн ача койгон ашык жар. Орустарда жаз жытындай асыл жар, Окчун үйдө ит сыяктуу байланбайт. Сомсуз эле өбүшүүгө акың бар, Согушпайсың, канжар мизи кайралбайт. А бул жердин […]