Маамыт менен кара дөө

Кыргыз жомогу Байыркы өткөн заманда Маамыт аттуу бир чабал киши жашайт. Анын отуз чакты эчкиси болот. Эрди-катындын ишенген оокаты — ошол эчкилер. Маамыт мөөнгө жуурат куюп алып, эчкилерин кайтарат. Бир түлкү ар күнү келип, куйругу менен Маамытты жыга чаап, жууратын ичип кетип жүрөт. Карышкыр бирден эчкисин жей берип, акыры он беш эчкиси калат. Ошол арада кайып-каскагынан Кара дөө кездешип калат: — Маамыт, эчкилериңдин бардыгын мага бергин! — дейт ал. Маамыт: — Эчкилеримди сага бербейм, — дейт. Анда Кара дөө: — […]

Токтобек ҮСӨНОВ: Ночь (киносценарий)

Слепой этюд НАТ.АУЛ.НОЧЬ. Двое парней идут медленными шагами к дому который стоит у края деревни. Первый — Эрмек 24-25 лет, второй — Аким 24-25 лет. Аким и Эрмек подходя к деревянному забору остановились, оглядываясь по сторонам и перелезают через забор. Дворняга, увидев их начала неистово лаять. Эрмек пошагал в сторону дома, попутно пнув псину сапогом. Дворняга, взвизгнув, помчалась прочь в сторону своей будки, но, не добежав до нее, продолжила лаять из-за ограды. Эрмек подошел к окну дома и начал смотреть […]

Турусбек МАДЫЛБАЙ: Ит турмуш

АҢГЕМЕ Алардын аттары да уйкаш эле: өзүнүн аты — Мыктыбек, итиники — Акжолтой. Ал дайыма ишинен кайтканда ити алдынан тосуп чыгат. Куйруктарын шыйпаңдатып, тилин салаңдатып, кара томолок топтой жолду чаңызкытып чуркап келип бутуна сүйкөнө эркелегенде Мыктыбек бир жагынан багалегин булгап койбосо экен деп акырын итти тээп коёт, бирок айбан болсо да мээримдүүлүгүнө ичи жылып, тепкени үчүн кайра өкүнүп калат. Ит болсо да адамдыкынан өткөн опаасы бар байкуштун. Анан ошол күнөөсүнөн актангансып Мыктыбек үйгө кирип, биртке каткан нандан алып чыгып берет. […]

Эрнис ТУРСУНОВ: Искендер жана Дарий

Искендер Азиядагы мүлдө аймакты чаап, кыйратып, багындырып келатып, Персияга кирет. Түмөн аскерин мамлекет чегине токтотуп: — Талабымды айткыла. Текке кан төгүлбөсүн. Ордосун, аскерин, казнасын, аймагын өткөрүп, багынып берсин. Курун мойнуна салып алдыма келсин! — деп Персия падышасы Дарийге элчилерин жөнөтөт. Дарий: — Тең көргөндү теңирим сүйүптүр. Жарым падышалыгымды, жарым казнабайлыгымды, жарым аймагымды алсын! — дейт элчилерге. Анда Искендер: — Мен жарты киши эмесмин. Бүтүн кишимин! Хандыгын бүтүндөй чабам, байлыгын бүтүндөй алам. Персилер катындарын жарым-жартылай сүйөбү? — деп аскерин каптатып, элин, […]

Дилазык: Биз жана Аалам

Бир падыша миллиондогон күзгүдөн турган заңгыраган аксарай салдырат. Бир күнү анын ичине кокустан бир жолбун ит кирип кетет. Жайнаган күзгүлөрдөн аны курчаган сансыз иттерди көрөт. Өзүнүн коопсуздугун сактап коеюн, аларды сестентип коеюн деген ниетте тигил иттерге ызырынып коет. Антсе, тигил иттер да ага ызырынат. Ал эми үнүн жоонурак чыгарып ызырынат да, кайра ошондой жооп угат. Өмүрү коркунучта экенин түшүнгөн ит чочуп, айласын таппай, жүнүн үрпөйтө болгон күчү менен үрө баштайт. Иттердин баары так өзүндөй жооп кылып үрүшөт. Катуулаган сайын, тигилер […]

Жек ЛОНДОН: Сапардагылар үчүн!

Которгон С.Эрматов  АҢГЕМЕ — Дагы, куйчу! — Э, Кид, ашык болуп кетти го дейм? Виски менен спирт аралашканда оңой иш болбойт, анын үстүнө коньяк да, перцовка да, анан… — Куй дегенде, куя берсеңчи! Ичкилик камдап жаткан ким, менби же сенби? — Уюлгуган ала булоонун арасынан Мэйлмют Киддин мээримдүү күлүмсүрөгөнү көрүнүп турду. — Э-э, балам, ушул өлкөдө мен жашагандай жашап көрсөң, анын үстүнө кудайдын куттуу күнү кемиргениң сүрсүгөн балыктын эти болсо көрөр элем, рождество деген жылына бир эле жолу болорун дал […]

Кеңеш Жусупов: Залкар

Устатка ийбадат Залкар деп ушу кишини айтып, сыймыктансак куп жарашат. Улуттун рухий жоокери жөнүндө ой-куту уютулган шамдай күйгөн ыйык сөздөр менен кагазга жазып да, ташка чегип да, жүрөккө жымырсак болор эле. Ал өз элинин алдында адамдык да, жазуучулук да, атуулдук да парзын намыс менен кеменгерликте аткарып, бу жалган дүйнөдөн акылмандыкта жашап өттү. Заман алдында, келечек муундун алдында дидары жарык, карызы жок. Бабалардын санжыра-тарыхын, накыл сөзүн, рухий маданиятын ыйык тутунуунун, кыска өмүрдө эрдик менен астейдил жашоонун, Ата Журтка адил кызмат өтөөнүн, […]

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ: Ай баткан кезде сезээрбиз

(Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналат) Мухити соолуп кыргыздын Муңканып турган чагыбыз. Муунтканы калган ажалдан, Мунаса кылып алганга, Мурдараак жетип барганга, Муунабай койду алыбыз. Келбеси кетип кыргыздын, Кетилип турган чагыбыз. Кешигиң каткан ажалдан, «Келе!» – деп сууруп алганга, Кечикпей жетип барганга, Келалбай койду алыбыз. Желеги түшүп кыргыздын, Жер муштап турган чагыбыз. Жеткирбей жексур ажалга, Жергелүү кыргыз жерине, Жетелеп алып кеткенге, Жеталбай койду алыбыз. Кош эми, Чыке, жалганда, Өлүмгө айла жок экен. Өчүрөр кези келгенде, Өөдө-ылдый өкчөй бербестен Өзөккө тийчү ок экен. […]