Сынакка: Тарбия тамыры — аялзат

№9 Апам тууралуу «Ой эркетин алдынан кыя өтпө, үнүңдү өктөм чыгарып сүйлөбө, чачынды саксайтпай жыйна, атандын алдында акырын күл, кыз бала дене-бойду созуп, эркектин алдында керилбейт, ой ботом жылуу кийин эртең эне болосуң, таза , тыкан бол, сен бирөөнүн бүлөөсүсүң, ата-эненин абийрин кошо ала жүргөнүңдү унутпа». Эс тартканымдан бери апамдын айткан ушул сыяктуу сөздөрү күн сайын айтыла берип экинин жадыбалындай эстен чыккыс болуп калган. Демек, турмушта аялзатынын орду чоң экенин кичинемден элес сезип чоңойдум. Кыргыздын «Энесин көрүп кызын ал, эшигин […]

Сынакка: Жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуу себеби эмнеде?

№8 Жаш үй-бүлөлөр арасындагы ажырашуулардын эң башкы себеби эмнеде жана ажырашууларга канткенде жол берилбеш керек? Жарандык нике, кыз ала качуу, эрте нике түшүнүгү коомдо жосунсуз жорук катары сыпатталып, анын тийгизген кедергиси ашкере айыпталганы менен али күнчө ооздуктала элек. Тескерисинче, нике курагы жашарып, ала качуу жолу менен курулган үй-бүлөлөрдүн тагдыры ажырашуу менен аяктап жатат. Мунун айынан коомдо аталуу наристе да атанын уулу же кызы деген статуска ээ болбой, социалдык жетимдердин көбөйүүсүн шарттоодо. Мурдагы кезде күйөөгө узап жаткан кыздын себин төөгө таңып, […]

Сынакка: Аял – Аалам

№7 Аялдын үй бүлөдөгү орду эбегейсиз. Ал үйүндө үй кызматчы, тукум улоочу, психолог, артист, педагог, адвокат, кыскасы көп жактуу. Ошонун баарысы боло алганда гана үйдүн кутун кармайт.  Ушунча  “кызматты”  катарлаш аткарып жатып сулуу,  назик, сылык болууга тийиш. Ооба, аялдын үй бүлөдөгү милдеттерин тизмелеп саноо баарынан оңой иш. Аны аткаруу өмүргө тете нерсе. Ооба, аялдын милдеттери  ушундай болчу. Бирок соңку жылдардагы коомдогу  кымгуут турмуш аларды жайына койбоду. Этек-жеңинен сүйрөп эшикке чыгарды.  Кыскартуулар, жумушсуздук,  акчанын куну качканы — сырткы тон болгон күйөөлөрдүн […]

Арс чычкан жана коён

Алтай жомогу Кыштын узун түндөрүнүн биринде арс ууга чыкты. Кар малтап келип, бир жерге жеткенде арткы кош аягы менен тике туруп, моюндарын ары-бери созуп, туш тарапка аңдоо салып, жыт искеп баштады. Ошо кезде тоо баскандай эле бир оор жүк артынан басып калды. Арс чычкан кичинекей болгон менен тайманбас эле. Бурулуп, тишин кайрап жанагы тоодойго тап берди: — Ууга тоскоол кылба! — А-а-а-а! – Кыйкырык, ызы-чуу, ый чыгып эле, анан арс чычкандын ийнинен коён ыргып түштү. Коёндун арткы аягынын сөөгү көрүнүп, […]

Якуп Кадри КАРАОСМАНОГЛУ: Маркумдун каттары

АҢГЕМЕ Принцесса Бейза айым тамактанып отурганыбызда бизге айткан каттарын алып келди. Булар жыйырма беш жыл мурун аны акылдан адашып сүйүп, кийин үмүтү өчкөндө өзүн Элжизе бакчасындагы бакка сыйрытмактап, аянычтуу өлүмгө дуушар болгон жаш жигиттин ага жиберген махабатнамелери эле. Принцесса эски сулуулугунун зоболосун жана улуулугун тастыктап турган бул каттарды, бир топ саргарып өңү да өчүп калган кагаз бөлүктөрүн тизесинин үстүнө коюп, жыйырма беш жылга улгая түшкөн эриндеринен бир кызыктай жылмаю пайда боло бизге күлүп: — Буларды силерге окуп берейин, каалайсыңарбы?.. Келгиле, […]

Сынакка: Эркектер кызыл китепте корголуучу жан-жаныбар эмес

№6 Аялзаттын үйбүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен Аялзаттын мойнуна көбүрөк жүктөлүп калууда? Айрыкча айтылуу ЫСЫСЫР кулап, кыргыз эли өз эгемендүүлүгүн алгандан нары карай айдатма болуп, ЫСЫСЫРдын айтканын лам дебей аткарганга көнүп калган элибиз бир топко айласын таба албай, айтылуу завод-фабрикалар талкаланып, жумушсуздук күч алып, эбин тапкан саналуу адамдар гана баюу жолуна түшүп, ал эми карапайым калк кыйналып-кысталып, жумушсуздук ар бир эркекти кыйгап өтпөй, үйдө отуруп калбадыбы. Мына ошондо элибиз базар мамилеси деген […]

Айзада АБАЗОВА: Тикенек гүлү

АҢГЕМЕ (Бул аңгемемди 20 жылдык бүтүрүү кечебизге арнадым). Автор Тикенектин өз аты Тилек. Тикенек деп аны бир кыз айтып калды. Ата-энесинин ак тилек менен койгон Тилек аты Тикенек атка конгондон далай жыл мурун эле өчкөн. Ошол кезде эле аны «ок жылан» кичинекей желмогуз», «шайтанча» өңдүү түрдүү аты боло турган. Ал наристе кезинен ашкан тентек чыкты. Баладан башкача тентек бул баланын жоруктарын айылдагылар жомок кылып айтышчу болду. Коңшу-колоңдун тоокторун кукулдата жумуртка жыйнап, алар менен өтүп бараткан машиналарды койгулайт. Кычыраган кышта так […]

Ой калча: Болот ШЕР АШАнын логикасына жем таштады

БОРООН БОЛБОЙБУ? Алмазбек Шаршенович Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революциянын башында турган өзү экендигин В.Путиндин алдында мактанды. Мактансын. А бирок ошол мактанычтын майнабы эмне болуп отурат?.. Демек, 2005-жылкы жана 2010-жылкы революциянын жоопкерчилиги анда кимдин мойнунда экендигин кечээ экс-эл депутаты Болот Шер кемелин келиштире айтты. Көрсө, эки жолку революциянын автору эл экен деп жүрсөк, Атамбаев экен. А башкалары эки жолку козголоңдо тең четте карап туруптур. Чайкоочулук эмес бекен… Эми ушул жерден 2010-жылкы революцияга келели. Революция учкуну каяктан тутанды?.. Муну бүгүн ар […]