Жарганат

Индия жомогу Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш болот. Жарганат ошондо минтиптир өзүнчө: – Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири канаттуусуң дейт. Андыктан четте бөлүнүп турайын, жакшылап ойлоноюн. Канаттууларга да, айбанаттарга да өзүмдү илээштирбейин. Кайсы тарабы кыйын, көрөйүн. Кимиси жеңсе, ошол жагына кошулам! — дейт. Бул учурда айбанаттар менен канаттуулардын бетме-бет кармашы башталды. Жарганат болсо урушту алыстан гана карап отурду. Анын байкоосунда: канаттуулар чапчаң көрүндү. Ал ошол замат […]

Табылга: Тургунбай ЭРГЕШОВдун тагдыры жана жарыялана элек ырлары

Буйгадан башат алган буулуккан мөлтүр ойлор “Пенделер, мени бир аз аягыла, Чындыктын жыпжылаңач жетимимин. Чыгарып салбагыла бурап-бурап, Турмуштун туткасымын, тетигимин. Ичирип итаякка төкпөгүлө, Атамдын артып калган кешигимин” Тургунбай ЭРГЕШОВ, “Сүйүнчү” Гезитте иштеген беш жыл ичинде жалаң маданият, адабият темасын жазып жүрдүм. Кээде зарылчылыкка жараша саясатты да жазууга туура келет. Андайда дилим булгангансып, өзүмдү башка дүйнөгө келгендей артык баш сезем. Ошентип жүрүп 2013-жылдын октябрь айларында “Обон” гезитине кырчынында кыйылган кыргыздын дагы бир кымбат уулу, Буйгасындай буулуккан мөлтүр ырларды жазган Тургунбай Эргешов […]

Сынакка: Дүйнө таанымдагы аялзаттын тарыхый нарк-насили

№18 Кыргыз ыйык туткан ак түс, ак жоолук, аппак кыз,  ак нан. Жоолугундай  тилектери аппак ак апаларын, аялзатын ыйык тутуп, сыйлап келгени анык. Дегеле аялзаты коомдо кандайдыр бир сөз айтуу мүмкүндүгүнө канчалык ээ эле, коомдогу, элдин дүйнө таанымындагы аялдардын орду кандай эле деген  маселелер тегерегинде сөз учугун  баштоого аракеттенип көрөлү. Ислам динин тереңдеп окуса, аялдардын эң биринчи кадыр-баркын көтөргөн ислам дини болгон. Мухаммед пайгамбар жаңы келген VI-VII кылымда аялдардын кадыр-баркы аябай тепселип турган кез болот. Пайгамбарыбыз «Бейиш энелердин таманынын алдында» […]

Сынакка: Э, Сайра!

№17 “Кыргызда  кыздын аты улук” дейбиз. “Кыргыз эзелтеден аялзатын барктап, баалап төрдөн орун боруп келген” дейбиз. “Кыргызда азыркы жаңы чыгып жаткан гендердик маселе деген түшүнүк эзелтеден эле бар болчу, биздин ата-бабабыз эч убакта аялдарды басмырлаган эмес, укугун тең карап келген” деп макала жазып, жыйындарда сүйлөсөк оозубуздан алтын шилекей чачырайт. Бирок эч кимибиз кыргыз аялдарынын жонуна артылган оор жүктү айтып, акыйкатты моюнга алгыбыз келбейт. Өлүп баратсак да ал тууралуу тилибизди күрмөбөйбүз го, чиркин. Мына бүгүн мен ошол оор чындыктын оозун ачып, […]

Искен АФИДЖАНОВ, адвокат: Текебаева невозможно сломать или запугать

— Искен, насколько правомерно задержание Текебаева в аэропорту? В этом случае, какие были нарушения закона? — Считаю данное задержание незаконным, т.к. следственными органами Текебаев никуда до этого не вызывался и повестки ему никто не давал. Он является лидером парламентской фракции Жогорку Кенеша, а не беглым и опасным преступником-террористом, чтобы к нему применялись столь жесткие меры задержания. Возможно, что это его задержание с трапа самолета является попыткой изоляции оппозиционного депутата от возможности ведения публичного разоблачения в отношении действующих высокопоставленных чиновников! — […]

Сынакка: Эне-эң таасирдүү тарбиячы

№16 Сен  кимсиң  аялзат?! Бул  суроону  эң  оболу  өзүмө  берип  көргүм   келет.  Ырас  эле  мен  киммин?..  Алгачкы  эле  жообум,  эки  кызга  эне  болсом  да,  апама,   атама  дале  бала  экендигим.  А  коомдо  катардагы  бир аялзатымын.  Ананчы?  Анан  үйдө  жолдошум  үчүн аял,  ашпозчу,   кызматчы,  жардамчы,  кул,  а  кээде  кеңешчи,  дос.  Булар  албетте,  менин  «ЭНЕ»  статусун алгандан кийинки  кошумча  милдеттерим.   Эң  сыймыктуусу  —  ЭНЕ  болгондугум.  Балдарым  үчүн  апам  сыяктуу  тарбиячы,  окутуучу,  аалам  экендигим. Эми  ушул  энелик  милдеттеримди  так  аткарып,  үй  бүлөлүк  коломтомдун  жылуулугун  […]

Сынакка: Ден соолук менен сулуулук өз колуңда аялзат

№15 Эгер жалпы эле аялзатыбыздын, тактап айтканда. энелердин ден соолугу болбосо анда балдарыбыздын ден соолугу болбойт, демек, мамлекеттин келечеги болбойт дегенди билдирет. Биздин аялдар коомго мүмкүн болушунча жардамдашып жатат. Бала-бакыраны багып жаткан ким? Эркектер аткарбаган жумушту аткарып, эртеден-кечке чейин таманынан сыз өткөрүп, базарда отургандар ким? Россияда Уралдан баштап Чукоткага чейин жүргөндөр кимдер? Аялдар аргасыздан эркектердин бүт жумушун мойнуна алышты. Москвада эшик шыпырып, даараткана тазалап жүргөндөрдүн көбү кыргыз кыз-келиндер… Өткөн жылы Орусиянын Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан өрт чыккан. Өрттүн […]

Сынакка: Аалам жүгүн мойнуна арткан аялзат…

№14 Сен кимсиң, аялзат? Өзүнө карата берилген бу суроого бирин-экин гана аял шар жооп бербесе, көпчүлүктү ойлондуруп, жооп таппай түйшөлтө койот. «Ким экенимди жада калса өзүм да билбейт турбаймынбы!?… Каап десе… Билбеймин эмес, билүү үчүн өз өмүрүмө өзүм үңүлө карабапмын, карамакка чоло тийген эмес да», — деп актанат анан. Негизи, аялзаты дүйнөгө келгенден тарта, түйшүккө кабылат. Ата-энеси, тууган-туушканы ар дайым эле кыз төрөлгөнүнө кубана бербейт. Аны моюнга алгыбыз келбегени, «кыз деле перзент, кудайдын бергени да» деп кобураган менен, ичибизден «иии, […]