Акын, жазуучу “РухЭш” сайттынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир фейсбук баракчасына 5- март күнү

“Мына ак калпак деле кийип көрдүм, атасынын оозун урайын деп, бирок эмне өзгөрдү? Эй, Кыргыздар, башыңарга ак калпак киесиңерби же алтындан таажы киесиңерби, бирок түркөйлүгүңдү өзгөртүп, мээңерге таза кислород жеткиргиле, антпесеңер жок болуп тынасыңар! Силерди ак калпак сактап калбайт, илим-билим, ыйман сактап калат. Ак калпак Ала-Тоо символу дегендерге айтаарым, атаңардын башы. Эгер Ала-Тоону символ кылгыңар келсе, Ала-Тоодой бийик болгула ! Бүгункү лекциям бүттү”

— деген билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууну жаратып. Андан сырткары кайым айтышууларда орун алган эле. Биз бул билдирүүсү үчүн жазуучуга кайрылып, минтип жазуунузга эмне түрткү болду деген суроо менен кайрылып көрдүк. Эгер сиздерге эмне деп жооп бергени кызык болуп жаткан болсо, анда видеого назар салыңыздар.

 

Fakt.kg, 07.03.2017-ж.

3 Replies to “FAKT.KG: “Эгер Манастан туулган баатыр элдин тукуму болсо эмне үчүн мага окшогон жалгыз калмактан коркот” (Видео)”

  1. Олжобай баатыр!
    Сен туура айттың. Эл өзүн тааный албагандыктан, өз таланттарын жекирип, улуттун баркын башкалардын алдында кетирип, жарк эте калган кыз-жигиттерибизди тааныбай, башын аттап эсирип, кокус бирөө-жарым алдыга озсо, хор менен кордоп өкүрүп келе жатабыз. Сен туура айттың: КЫРГЫЗДЫН ДУШМАНЫ — ТҮРКӨЙЛҮК.
    Ошол эле «Манасты» жеткире окубаган, дааналап укпаган укпаган айрымдар «Манасты» көтөрө чаап мактап, кыргыздын тарыхына сүңгүп кирбеген түркөйлөр «биз улуубуз, Алтын Заманды биз келтиребиз» деп дардакташат. Бир эжекебиз аян менен алган «Жайсаң» жомогун сындабай, оңураак пикир берип койсоң, «жайсаңчылар» жеп жарлык тагышат. Аны Кирсан Илюмжинов заказ кылып айттырган имиш! Исламды жок кылабыз, Теңир динин кийиребиз дешип, шылдың болуп да жатышат. Ошол эле учурда ашынган «исламист» болуп, текеберчиликтин динин жайылтып жатабыз. Дүйнө окуп, билген илимий жана рухий чындыктарды же попугайча кайталайбыз, же тап такыр танып таштайбыз, Аа ордуна эч аргумент койо албайбыз. Болот эритип бир да темир буюм чыгара элекпиз, ал эми «Боинг», «Мерседес» чыгарып, жарыктын ылдамдыгын өлчөгөн, нанотехнологиялык жетишкендиктерге ээ болгон элдерди тыраалап «Батыш эле Баты-ыш, күнүң батты!» деп айкырабыз. Кыргызымдын күну качан, кайдан чыкканын айта албайбыз!
    «Кыргызпатентке» металлургия, биотехнология, механика жааттарында ойлоп тапкан идеялар менен барган адамдарды, илимдер академиясына ачылыштар менен барган адамдарды дароо четке кагабыз, анткени ал ойчулдар мурдатан калыптанган чирик системага батпайт, коошпойт. Башкаларга өйдөсүнгүбүз келет, бирок алар катыгыбызды дароо берип, чокуга бир койсо, тойпоңдоп, жойпуланып, кошоматтанып, баш ийип калабыз. Баракелде, «баатыр эл» болбосоң койо кал!
    Эми кантип оңолобуз?
    Буга бир аз жоопторду Олжобай, сен бериптирсиң.
    Дагы эл-журттан ойлор түшөт болуу керек.

    1. Рахмат, Карыбек мырза, чыйралткан оюңузга! Мүмкүн болсо бу жакка телефон номуруңузду калтырып койсоңуз болобу? Бул жаатында Сиз менен сайтка маек куралы. Себеби Сиз да олуттуу сөз баштап калдыңыз. Азыр жаңыча ой өрүш таштаган сиздей замандаштардын кеби кыргызга керек болуп туру…

  2. Олжобай,Кыргыз тилин-Кыргыз элинде, майрамдоонун озуу апендичилик.Мамлекеттик Тил комиссясы маскарапоздук.Улуттук сын алгыдагы Арноо концерт биздин дээнгелдин кузгусу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *